Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Витаминдердин мааниси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Витаминдердин мааниси

Витаминдер органикалык кошулмаларга кирет. Алар адамдын тиричилик аракети үчүн эң зарыл болгон заттар. Витаминдер организмге өсүмдүктөр жана жаныбарлардын азыктары менен келет. Азыркы мезгилде адамдын организминде 20 га жакын витаминдер бар экени аныкталган. Организмге узак убакытка чейин витаминдер жетишпесе мындай кубулуш авитаминоз деп аталат.

Мисалы, С витамини жетишсиз болсо, анда адам цинга оорусуна чалдыгат. Бул ооруда адамдын күчү кетет, тиш эти канайт, бошойт, түшөт, ооздун ичи жара болот, муундар шишийт. Чоң адам суткасына тамак-аш менен 50-70 мг С витаминин алып турушу керек. С витамини карагатта, ит мурунда, калемпирде, капустада, помидордо, лимондо, апельсинде, пиязда, сарымсакта жана көптөгөн мөмөлөрдө жана жашылчаларда болот. А витамини химиялык курамы жагынан каротин затына окшош. Каротиндин А витаминине айлануусу ичегинин керегелеринде жана боордо өтөт. А витамини сабизде, абрикосто, помидордо, кызыл мурчта көп болот.

Ошондой эле бул витамин балыктын майында, каймак майда, сүттө, жумуртканын сарысында, боордо, бөйрөктө көп кездешет. А витамининин авитаминозу болгондо көздүн сырткы тунук чели, тери, дем алуу жолдору жабыркайт. А витамининин жетишсиздигинин эң биринчи белгиси “күүгүм карыкма” деген дарт. Күүгүм кирери менен мындай оорулуулардын көрүүсү начарлайт. Адам суткасына болжол менен 1 мг А витаминин алып турушу керек. В тобундагы витаминдерге: В4, В2, В6, ВГ1, В12 кирет. Бул витаминдер пиво ачыткысында, буурчакта, сабизде, капустада көп. Бул витаминдер жетишпесе адамдын көрүүсү бузулат, ооз көңдөйүнүн былжыр челинин, нерв системасынын кызматы начарлайт, кыймыл аракетинде мүчүлүштүктөр пайда болот. Д витамини балыктын майында, боордо, жумуртканын сарысында көп. Бул витамин күндүн ультракызгылт - көк нурларынын жардамы менен организмдин терисинде пайда болот.

Тамакта Д витамини жетишпесе, жаңы төрөлгөн балдар итий оорусуна чалдыгат. Ооруган балдардын сөөктөрүндө кальцийдин жана фосфордун туздары аз болот. Ошондуктан буттун сөөктөрү ийрейип, кабырга сөөгүнүн кээ бир жерлери жооноюп, буттун жана көөдөндүн формасы өзгөрүп калат. Мындай балдардын башка ооруга туруктуулугу төмөндөйт.

Балдарды итийден айыктыруу жана ал оорунун алдын алуу үчүн, аларды эртең мененки саат 11 ге чейин күн нурларын кабыл алуусун уюштуруу керек. Витаминдер көбүнчө жаш балдардын жакшы өсүшүнө, тиричилик аракетине, көптөгөн ооруларга туруктуулугун күчөтүүгө өтө керек болот.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 7953, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо