Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Yй канаттууларынын пастереллезу (холера)

Баш барак | Ветеринария | Yй канаттууларынын пастереллезу (холера)

Канаттуулардын бардык түрүнүн акырын, тез жана өтө тез таркалуучу, ооруган канаттуулардын арасында чыгымды өтө көп кыла турган кан ооруларынын бир түрү (өтө сезгич каздар, тооктор). Оорунун бактериясын француз окумуштуусу Луи Пастер 1980 – жылы тапкан да ошонун атын алган. Пастер микробу тооктун кыгында 70 күн, жүнүндө 25 күн, эгинде 40 күн, сууда жана жерде 25 күнгө чейин жашайт. Кайнатканда бактерия ошол замат өлөт. Акиташ сүтү 5%дуу 5 минутада, 3 %дуу 3 минутада, хлор 2 минутада, 1 %дуу хлор 2 минутада өлтүрөт. Бул дарыларды жана ыкмаларды тооккананы дезинфекция кылуу үчүн пайдалануу талапка ылайык келет. Оорунун буктурма мезгили (инкубационный период) 3 – 15 күн, негизинен канаттуулар күзүндө, кышында оорушат.

Оорунун булагы.
Орууган жана ооруп айыккан канаттуулар, тоют, суу, жер кыртышы ж. б.

Ооруну таркатуучулар
Тоют, суу, адам, кемирүүчүлөр, ооруган канаттуулар ж. б.

Оорунун себебин аныктоо
Акап баса албайт, сакалы, таажысы шишийт, ошол үчүн сакал оорусу деп аташат. Моюндары кыйшайып, сойгондо өтө сасык жыт чыгат, богу кан аралаш болот.

Алдын алуу чаралары
- Башка жактан жуктурбоого аракет кылуу (сатып келген тоокторду 15 – 20 күн өзүнчө кармоо керек).
- Тоок кананы таза кармоо.
- Толук кандуу тоют менен тоюттандыруу жакшы жардам берет.

Дарылоо
Антибиотиктер сульфаниламиддер (норсулфазол, сульфадимезин) жакшы натыйжа берет (дарыларды берүү өлчөмдөрү интрукциясында). Начарлап калгандарын оюу талапка ылайык.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 828, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу