Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ымыркай же жазы төрөлгөн мезгил

Баланын өнүгүүсүндө шартсыз рефлекстердин мааниси. Бала төрөлөр учуруна жакындаганда анын нерв системасы айрыкча нерв клеткаларынын саны жана анын түзүлүшү негизинен калыптанат жана сырткы чөйрө менен активдүү байланыш түзүүгө даяр болот. Баланын бардык сезүү органдары төрөлөөр алдында толук бойдон өнүгүп жетилет. Бул бала төрөлгөндөн баштап, айлана-чөйрөнү чоз кишилердей кабыл алат дегенди түшүндүрбөйт.

Жазы төрөлгөн бала сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөргө ар кандай тубаса реакция менен жооп берет деген түшүнүктү тактайт. Баланын айлана-чөйрө менен болгон мамилесин нерв системасынын функциясы камсыз кылат. Бала төрөлгөндө коргонуу, тамактануу ж. б. бир нече шартсыз рефлекстер даяр түрдө берилет. Баланын өмүрүнүн биринчи күнүнөн баштап төмөнкү шартсыз рефлекстер байкалат.-Көздүн карегинин жарыкка жооп иретинде кичирейиши коргонуу рефлексин мүнөздөйт.

-Азыктанууда эмүү кыймылынын пайда болушу. Эз алгач ымыркайдын бетине, эрдине сырттан таасир эткенде эмүү кыймылы пайда болсо, эки күндөн кийин мындай кыймыл эринге таасир эткенде гана чагылдырылат.-Багытталуучу рефлекс – бул рефлекс баланын психикасынын өнүгүүсүндө чоз мааниге ээ. Байкоонун натыйжасында белгиленгендей алгачкы үч күндө күчтүү жарыкка карата бөбөк башын бурат. Мындай тубаса реакциялар баланын жашоосунда зарыл.

Бирок, баланы курчап турган чөйрө менен анын активдүү аракеттеринин камсыз болушуна булар жетишсиз. Ымыркай чоздордун жардамысыз өзунүн эч бир керектөөсүн канаттандыра албайт. Башка адамдар менен болгон мамиленин натыйжасында түзүлгөн алгачкы шарттуу рефлекстер баланын өнүгүүсүнүн негизи боло алат. Эз алгач баланы азыктандыруу абалында шарттуу рефлекс түзүлөт.

Ымыркайдын негизги өзгөчөлүгү жазы тажрыйбаны өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү, адамга таандык жүрүм-турумдун формасына ээ болуусу. Ымыркайдын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү анын көрүү жана угуусунун өнүгүүсү денесинин кыймылынын өнүгүүсүнө караганда тез өтөт. Көрүү жана угуу анализаторлорунун акдивдүү кызматы баланын психикасынын өнүгүүсүнүн маанилүү учуру болуп саналат.

А. М.Фонаревдун берилгендери боюнча бала жашоонун 5-6 күнүнөн кийин жай жылдырган затка кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ. 9 күндөн кийин баланы колго алып терметүү абалында кармаса анын ыйлаганы басылат. 1-2 жумада ымыркай жакын аралыктагы (20-30см) кыймылдуу объектиге карата башын буру жөндөмдүүлүгү пайда болот. Ал эми Н. А.Фигурин, М. П.Денисова 2-3 жумада бала козгуроонун үнүн тызшап, кыймылсыз абалда болот деп белгилешкен. Муну алар «тызшоо» же «угуунун багытталышы» деп аныкташкан. Кийинчерээк 3-4 жумада божомолдоочу (ориентировачный) рефлекс чоздордун сөзүнө карата пайда болот.

Чоздордун балага кайрылуусу, үн салуусу анын тынчып, кыймылынын чектелгендигин мүнөздөйт. Үч жумадан кийин ымыркайда чоздордун мамилесинин натыйжасында оз эмоционалдык абалдын пайда болушун М. И.Лисина ачып берген. «Ымыркай жакын адамдын жүзүнө назар салып, тынчып анан жылмаят.

Ушул учурдан баштап, ымыркай жашоонун жазы мезгилине өтөт»,- деген баалуу ойду айткан.(35,8). Бир айлык ымыркайды угуу жана көрүү аракеттеринин өсүшү кыймылдуулуктун активдүү болушуна алып келет. Заттарды карап, үн чыккан жакка башын буруп, иретсиз кыймылдарды токтотот.

3-5 жумада көздүн кыймылынын багыттуулугу байкалат. Экинчи айдын башында көрүү жана угуунун «багытталышынын» негизинде баланын кыймылы активдүү түрдө иретке келет. Ымыркайдын нерв системасынын, сезүү органдарынын жеткиликтүү өнүгүүсүндө угуу жана көрүүдөн калган из жана аны уюштурган чоздордун иш-аракети маанилүү. Ымыркайда эмоционалдык чөйрө, «жандануу комплекси» өзгөчө бөлүнүп каралат. Жазы төрөлгөн баланын жашоосу эз алгач ыйлоо аркылуу чагылдырылат.

Бул шартсыз рефлектордук мүнөзгө ээ. Айрым окумуштуулар ыйлоо терс эмоциянын пайда болушу деп белгилешкен. Анткени бала жашоонун биринчи күндөрүндө пайда болгон жагымсыз абалды; азыктанууга болгон керектөөнү, астынын суу болушун ыйлоо аркылуу билдирет. Эгерде бала үчүн кам көрүү жакшы жагдайда болсо баланын терс эмоционалдык абалы төмөндөп ал ооруганда же кыйналганда гана чыргоолонот.

Жылмаюу оз эмоционалдык абалды чагылдырат. Бир айдын аягында көрүү жана угуу анализаторлорунун ишине дүүлүктүргүчтөр таасир этип, ымыркайда назар салуу байкалат (чочуйт, селт этет), же тынчып мемирей түшөт. Ата-эненин ымыркай менен болгон мамилеси алгачкы шарттуу рефлекстердин түзүлүшүнө таасир этип, анын өнүгүүсүнүн негизи катары каралат.

Көрүү жана угуу анализаторлорунун активдүү иши ымыркайдын психикасынын өнүгүүсүндө маанилүү учур. Анын негизинде багыттоочу (ориентировочный) рефлекстин өнүгүүсү пайда болот. А. М.Фонаревдун изилдөөсү боюнча ымыркайда эки айдын башында угуу жана көрүү анализаторлоруна таасир эткен дүүлүктүргүчтөргө 1-2 минут назар салуу жөндөмдүүлүгү байкалат. Экинчи айдын башында ымыркай энеси үн салганда тынчып кыймылын токтотот.

Көздүн кыймылы белгилүү объектиге багытталып, чоз адамдарды көргөндө тынчсызданып, эмоционалдуу кыймыл пайда болот. Мындай өзгөчөлүк психологияда «жандануу комплекси» деп аталат. Үндүн ар кандай басымда айтылышы, эненин ымыркайга жакындап назар салуусу, анын чоздор менен мамиле түзүүсүнө таасир этип, анын буту-колунун кыймылдуулугу активдешет. Ымыркайдын кыймылынын активдүүлүгүнүн төмөндөшү анын психикасынын өнүгүүсүн кечиктирет.

Ымыркайда шарттуу рефлекс түзүлө баштайт. Эне ымыркайды колго алып, азыктандырып, кийимин кийгизип жана башка аракеттердин системасын аткарганда, ал эне жытын, жылуулукту эз алгач туюп, оз эмоционалдык реакцияны чагылдырат. Баланын өнүгүүсү чоздордун мамилесине байланыштуу.

Ымыркайда анализаторлордун ишин активдештирүү, «жандуу комплексинин» пайда болушу, чоздордун балага жасаган мамилеси, кийин бөбөк жашындагы баланын речинин, кыймыл-аракетинин сенсордук өнүгүүсүнө түрткү болот. Экинчи айдын башында мээримдүү мамилеге жооп иретинде ымыркайдын жылмаюусу байкалат. Оз эмоциянын пайда болушунда ымыркайдын күнүмдүк керектөөсүн канаттандыруу менен катар, чоз адамдардын жакшы мамилеси зарыл. Эки айында бала өзүнө эзкейип жакындаган адамдын жүзүнө карап, бир аз тынчыйт, жылмаят, колу-бутун кыймылдатат, үн салат. Бул чоз адамдардын карым-катнашына керектөөнүн пайда болушу жана ымыркайдын биринчи социалдык керектөөсү.

Е. К.Каверина баланын чоздордун үнүнө болгон реакциясын изилдеп, аны бала менен чоздордун ортосундагы байланыштын алгачкы формасы деп белгилеген. Мындай байланыштын пайда болушу бир жашка чейинки баланын өнүгүү мезгилинин башаты. Бул мезгилде эмоционалдык реакция органикалык керектөөнүн канаттандырылышы менен байланыштуу пайда болот.

Л. С.Выготский өзүнүн «Ымыркай курак» - деген эмгегинде баланын айлана-чөйрөгө болгон мамилесинин социалдуулугун белгилеген. Ымыркайда анализаторлордун ишин активдештирүү «жандануу комплексинин» пайда болушу, чоздордун балага жасаган мамилеси, кийин бөбөк жашындагы баланын речинин, кыймыл-аракетинин сенсордук өнүгүүсүнө түрткү болот. «Жандануу комплексинин» пайда болушу ымыркай мезгилинен кийинки жаш куракка өтүү чеги болот.

Жазы төрөлгөн мезгилден ымыркай курагына өтүүдө төмөнкү өзгөчөлүктөр мүнөздүү:-Көрүү жана угуу реакциясынын пайда болушу;-Баланын кыймылынын активдүүлүгүнүн башталышы;-Шарттуу рефлекстер айрым дүүлүктүргүчтөргө карата пайда болуп, түзүлө баштайт;-Чоздорго карата оз эмоционалдык реакциянын, карым-катнашка керектөөнүн пайда болушу баланын психикасынын өнүгүүсүнүн өбөлгөсү болот;Ымыркайдын когнитивдик өнүгүүсү көрүү жана угуу анализаторлорунун ишинин жетилгенинен билинет. Ымыркай бул учурда жай кыймылдаган оюнчукту карайт. Личносттун өнүгүүсүнүн башталышында чоз адамдарга, энесине ымыркайда керектөө пайда болот.

Энеси жакындаганда анын колу-буту активдүү кыймылдайт, мындай абалда «жандануу комплекси» өтөт. Когнитивдик жана личносттук өнүгүүнүн башталышында эненин кыска 2-3 ыр саптарын:«Алдей-алдей ак бөпөм,Ак бешикке жат бөпөм»,же«Алдей, алдей, алдей ай,Уктап койчу бөбөгүм!» (43,22) деп айтып ымыркайга мээримдүү мамиледе болушу өзгөчө мааниге ээ.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)