Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

YouTube

Баш барак | Бул ким, ал эмне | YouTube

YouTube (Эл аралык фонетикалык алфавитте: [ˈjuːtjuːb], «ютьюб», «ютюб», көбүнчө «ютуб») — колдонуучуларга видеону сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү кызматтарын сунуштаган видеохостинг. YouTube эң белгилүү видеохостинг болуп, сайтка кирүүчүлөрүнүн саны боюнча дүйнөдөгү экинчи сайт.

Мазмуну
YouTube, LLC
YouTube сайтынын 2017-жылкы логотиби
URLyoutube.com
КоммерциялыкбыОоба
Сайт түрүВидеохостинг
КатталууАкысыз
ТилиКөп тилдүү
Кирүүчүлөр саныАйына 2 млрд активдүү колдонуучулар
Программалоо тилиPython, Go
Сервердин жайгашуусуАКШ, Сан-Бруно, Калифорния
ЭэсиGoogle (2006-жылдан тарта)
АвторлорСтив Чен, Чад Хёрли, Джавед Карим
Иштеп башташы14-февраль, 2005-жыл
Учурдагы абалыИштейт
Акча жүгүртүлүшү15,1 млрд $ (2019)
Жумушчулар саны2000+ адам (2019)
СлоганBroadcast Yourself
Alexa рейтинг2 (27-июнь, 2020)
ӨлкөАКШ

Колдонуучулар кызматты колдонуу эрежелерин жана саясатын бузбастан видеолорду жүктөп, көрүп, баа берип, пикир калтырып, тандалгандарга кошуп, досторлору менен бөлүшө алышат. 2012-жылдын январында сайттагы видеолордун күнүмдүк көрүүлөрүнүн саны 4 миллиардга жеткен. Сайтта фильмдер, музыкалык клиптер, трейлерлер, жаңылыктар, билим берүү программалары, ошондой эле, ышкыбоздук видеолор, анын ичинде видеоблогдор, летсплейлер, слайд-шоулор, мыскыл видеолор жана башкалар берилген. Сайтта колдонуучулардын географиялык жайгашуусуна жараша алардын жактыргандарын көрсөткөн түрдүү музыкалык чарттар бар.

Тарыхы

YouTube 2005-жылы февраль айында Калифорниянын Сан-Бруно шаарында PayPal компаниясынын мурдагы үч кызматкери Стив Чен, Чад Хёрдли жана Джавед Карим тарабынан түзүлгөн. Алар, берилүүчү маалыматтын аз көлөмүндөгү видеонун салыштырмалуу жакшы сапатын алууга мүмкүндүк берген Flash Video технологиясын колдонушкан.

Эң биринчи видео — Сан-Диего зоопаркындагы Джавед Каримдин 19 секундалык видеосу YouTube сайтында 2005-жылдын 23-апрелинде жергиликтүү убакыт боюнча 20:27де жайгаштырылган.

2006-жылдын ноябрында Google компаниясы тарабынан YouTube 1,65 миллиард долларга сатып алынышы аяктаган. YouTube сатып алынганына чейин, Google компаниясында буга окшош багыттагы Google Video кызматы болгон. Google өкүлдөрү ал кызматты жаап салбастан, бардык видеохостинг сайттарындагы видео издөөчү кызмат катары жасап койгон. Учурда, Google Video издөөсү YouTube сайтын да камтыйт.

2010-жылдын 9-июлунда Google YouTube сайтында IMAX технологиясын колдоорун жарыялаган.

2011-жылдын 2-декабрында YouTube сайт интерфейсинин жаңы версиясын ишке киргизип, мында каналдардын видеолору социалдык тармак сайттардагы жаңылыктар ленталарына окшош башкы беттеги борбордук тилкеде көрсөтүлө баштаган. Ошол эле учурда, YouTube логотибинин жаңы версиясы күңүрт кызыл түстө киргизилип, бул 2006-жылдын октябрынан бери дизайндагы биринчи өзгөртүү болгон.

2013-жылдын февраль айында каналдардын дизайны жаңыланган.

2013-жылдын августунда сайт барагынын жогору жагында видеонун жүктөлүү абалын көрсөткөн сызык пайда болгон.

2014-жылдын октябрында YouTube секундасына 48 жана 60 кадрдык видеолорду колдой баштаган.

2015-жылдын 27-январында стандарттык Flash ордуна HTML5-ойноткучка өткөн.

2015-жылдын 23-февралында YouTube балдарга арналган «YouTube Kids» аталган тиркемени ишке киргизген.

2015-жылдын 16-мартында мобилдик түзүлүштөр видеолорундагы аннотацияларды алмаштырган жаңы «Кеңештер» кызматын ишке киргизген.

2015-жылдын июль айында Android тиркемеси 10.28 версиясына жаңыртылган. Андагы негизги өзгөрүү — толук экран режиминде вертикалдуу тартылган видеолор автоматтык түрдө 90 градуска бурулуп, бүт экранды ээлегени.

2015-жылдын 28-октябрында YouTube сайты YouTube Red кызматына акы төлөнүүчү жазылууну ишке киргизген. Акы төлөнүүчү кызмат колдонуучуларга прероллдорду жана жарнамаларды өчүрүүгө мүмкүндүк берген. Интернет байланышы жок болгондо видеолорду сактоо жана аларды көрүү функциясы жеткиликтүү болуп калган. Андан тышкары, акылуу жазылуу менен жөнөкөй колдонуучуларга жеткиликсиз болгон контентке мүмкүндүк алуу жаралган. 2018-жылдын 18-июнунда YouTube ал кызматка ребрендинг жасап, азыр ал YouTube Premium катары белгилүү.

2016-жылдын башында колдонуучулар тарабынан Material Design аталышындагы дизайнды колдонууга мүмкүндүк жаралган, бирок толук редизайнга сайт ээ болгон эмес.

2016-жылдын күзүндө YouTube видеолор үчүн акыркы экрандык коймону (заставка) кошуу мүмкүнчүлүгүн киргизген, бирок алар аннотациялар менен шайкеш келбей калган.

2016-жылдын ноябрында оюн контентин ыңгайлуу издөөгө арналган YouTube Gaming кызматы Россияда расмий түрдө жеткиликтүү болгон. 2019-жылдын май айынын аягында Google кызматты колдоону токтотуп, кийинчерээк аны толугу менен жоюп, видео агымдык платформанын функциялары өзүнчө тиркемеден негизги YouTube кызматына которулган.

2017-жылы YouTube өзүнүн YouTube TV платформасын ишке киргизгенин жарыялап, АКШда ал жакынкы бир нече айда пайда болот деп билдирген. Кызмат онлайн режиминде иштемекчи болот. Эми колдонуучулар спутник же кабелдик телекөрсөтүүлөргө жазылууга зарылдыгы болбойт. Айына 35 $ менен жазылуучулар негизги берүү тармактарына жана кабелдик каналдарга онлайн-мүмкүнчүлүк алышат. Топтомдо видеолорду жарнамасыз көрүүгө мүмкүндүк берген YouTube Red кызматы да камтылган. Кошумча төлөмгө футболдук телеберүү жана Showtime премиум каналын кошууга мүмкүн.

2017-жылдын август айында YouTube мобилдик тиркемесине жеке билдирүүлөр бөлүмүн кошушкан, мында колдонуучулар видеолор жана көрүлгөн роликтер жөнүндө ойлору менен бөлүшүүгө мүмкүндүк алышкан. Ошондой эле, жаңы функционалдуулук 30 адамга чейинки топтук чаттарды (баарлашмаларды) түзүүгө мүмкүндүк берген.

2017-жылдын 29-августунда YouTube сайттын жана тиркеменин дизайнын жаңыртып, 2005-жылдан бери биринчи жолу логотибин өзгөрткөн. Жаңы дизайн Google компаниясы тарабынан ойлоп чыгарылган Material Design концепциясына ылайык жасалган. Андан тышкары, эми тиркеменин мобилдик версиясында вертикалдык жана төрт бурчтук видеолор экрандын өлчөмүнө жараша адаптацияланат, стол компьютерлериндеги версиясында болсо күңүрт жасалгалоо темасын тандоо мүмкүндүгү пайда болгон.

2018-жылдын январь айында YouTube Android үчүн видео кызматтын мобилдик версиясына өзгөртүүлөрдү киргизгенин жарыялаган. Колдонуучуларды инкогнито режими, түнкү тема жана оңго барактоо менен жарнамаларды жылдыруу мүмкүнчүлүгү күткөн. Өзгөртүүлөр 13.1. версиясындагы кайра жазууну орноткондон кийин күчүнө кирет деп жоромолдонгон. 2018-жылдын июль айында Android колдонуучулары үчүн түнкү режим (мында тиркеменин фону кара-боз, текст түсү ак болгон) жана инкогнито режими жеткиликтүү болгон.

2018-жылдын май айында YouTube 44 өлкө үчүн эң популярдуу ырлар, клиптер жана аткаруучулары бар музыкалык хит-параддарды кошкон.

2018-жылдын июнь айында YouTube 30 миңден ашык жазылуучулары бар каналдардын ээлерине акылуу жазылуу мүмкүнчүлүгүн берген. Оюн каналдары миң жазылуучусу болсо акылуу жазылууну киргизип, оюндук эмес каналдар бул кызматты азыраак сандагы жазылуучуларда киргизе алат, бирок, YouTube сайтынан өзүнчө эрежелерин аткаруудан кийин гана. Видеоблоггерлердин түздөн-түз кирешелерин көбөйтүүдөн тышкары, каналдардын авторлору контентти жалпы жана акылуу жазылуучуларга деп бөлүштүрүүгө мүмкүндүк алып, акылуу жазылуучу колдонуучуларга кеңейтилген эмодзи жыйнагы жана башка ушул сыяктуу бонустарды сунуштай алышат.

2019-жылдын январь айында YouTube администрациясы колдонуучулук келишимин жаңырткан. Ушул учурдан тарта хостингге ар кандай сыноолордо адамдар өлүп же оор жаракат алышы мүмкүн болгон видеолорду жарыялоого тыюу салынган.

2019-жылдын март айында Netflix сайтынын аналогиялуу проектисинин ийгилигине шыктанышып YouTube жетекчилиги жеке интерактивдик кызмат түзүү жөнүндө ойлонушат. Атайын бөлүмдү, мурда YouTube сайтында комедиялык контент түзүү жаатында 8 жыл эмгектенген Бен Реллис жетектеген. Толук форматты ишке киргизгенге чейин техникалык мүмкүндүктөрүн жана мындай контентке көрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын баалоого YouTube сайтынын интерактивдүү жарнактарды жайгаштыруу боюнча тажрыйбасы бар болчу.

2019-жылдын март айында видеохостингтин иштеп чыгуучулары тарабынан ишке жаңы кызмат киргизилгени жарыяланып, ал жалган жазуулардын санын азайта алмак. Жарыяланган материалдар автоматтык түрдө текшерилип турат. Текшерүү иши Индияда өткөрүүлүүсү пландалууда жана ийгиликтүү текшерүүдөн кийин жаңыртуу башка өлкөлөрдө да жеткиликтүү болот.

2020-жылдын январында YouTube COPPA мыйзамын сактоо үчүн «чоңдор» жана «балдар контентине» жаңы чектөөлөрдү киргизген. Жаңы эрежелерге ылайык кыйла өзгөрүүлөр (акча табууну азайтуу же толук алып салуу багытында ж. б.) балдар аудиториясына арналган каналдар жана/же контентмейкер-балдарга тийиштүү болгон.

2021-жылдын 7-октябрында YouTube видеодогу колдонуучуларга эң кызыктуу фрагменттерди белгилөө функциясын сынай баштаган. Эксперименттин катышуучулары видеону жылдыруудагы кызыл сызыктын үстүндө фрагменттерди көрүү жыштыгынын графигин көрөт. Азырынча бул функция чектелген сандагы колдонуучуларга гана жеткиликтүү (2021).

2021-жылдын март айында YouTube видеолордун астындагы дизлайк эсебин жашырат деген маалыматтар чыга баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө жаңыртуу күчүнө кирген.

Мүмкүнчүлүктөр

YouTube.com сайтынан: колдонуучулар видеолорду бир нече кеңири жайылган форматтарда жүктөй алышат, анын ичинде .mpeg жана .avi. YouTube аларды автоматтык түрдө эркин эмес (патенттелген) H.264 кодекти колдонуу менен, ошондой эле, WebM форматындагы кодектерди дагы .mp4 форматына конвертациялап, аларды онлайн көрүүгө жеткиликтүү кылат.

Видеону сактоо

Башка тиркемелерсиз эле жүктөп алуу мүмкүн. Сакталган видео браузердин кэшине жайгаштырылат (эгер видео чоң болсо, анда акыркы көрүлгөн бөлүгү гана кэште болушу мүмкүн, эреже катары, бул 15 мүнөттөн аз видеолордо болбойт).

Видео, ага мүнөздүү аталышка ээ болот (ар кандай браузерлер үчүн ар башка). Ал файлды табуу үчүн төмөнкүдөй параметрлерди колдонуу менен ишке ашырса болот: өлчөмү — 100 Кб өйдө, өзгөртүү убактысы — акыркы саатта. Табылган файлды каалаган жерге сактоого (көчүрүүгө) болот. Эгерде файлдын кеңейтүүсү жок болсо, анда аягына .flv кеңейтүүсүн кошуу керек жана видеону VLC сыяктуу FLV колдогон каалаган ойнотуучу программадан (тиркемеден) көрүүгө болот.

Кызматтар тармагы

Локалдаштыруу

ӨлкөТилиКиргизилген датасы
АргентинаИспанча8-сентябрь, 2010
АвстралияАнглис тилинин Австралиялык варианты22-октябрь, 2007
АзербайжанАзербайжанча17-декабрь, 2012
БеларуссияБеларусча6-октябрь, 2015
БразилияПортугалча19-июнь, 2007
ИрландияАнглисче (ирландча)19-июнь, 2007
КанадаАнглис тилинин канада варианты жана француз тилинин канада варианты6-ноябрь, 2007
ЧехияЧехче9-октябрь, 2008
ФранцияФранцузча19-июнь, 2007
ГерманияНемисче8-ноябрь, 2007
ГонконгКантон кытайча17-октябрь, 2007
ИзраильИврит16-сентябрь, 2008
ТүркияТүркчө1-октябрь, 2012
ИндияХинглиш жана хинди7-май, 2008
ИталияИталиянча19-июнь, 2007
ЯпонияЯпончо19-июнь, 2007
Корея РеспубликасыКорейче23-январь, 2008
МексикаИспанча11-октябрь, 2007
НидерландыНидерландча19-июнь, 2007
Жаңы ЗеландияАнглис тилинин Жаңы Зеландия варианты22-октябрь 2007
ПольшаПольша тили19-июнь, 2007
РоссияОрусча13-ноябрь, 2007
ИспанияИспанча19-июнь, 2007
Түштүк Африка РеспубликасыАнглис тилинин Түштүк Африкалык варианты17-май, 2010
ШвецияШведче22-октябры, 2008
Кытай РеспубликасыКытайча18-октябрь, 2007
Улуу БританияАнглис тилинин Британиялык варианты19-июнь, 2007
УкраинаУкраинча13-декабрь, 2012
БолгарияБолгарча

YouTube Rewind

YouTube Rewind — бул расмий YouTube каналына түзүлгөн, жүктөлгөн видеороликтер сериясы. Акыркы жыл ичиндеги YouTubeдагы эң популярдуу видеолордун көргөзмөсү. Жыл сайын YouTube Rewindде атактуулардын саны көбөйүүдө. YouTube Rewind 2018: 2018-жылдын 6-декабрында чыккан Everyone Controls Rewind видеосу YouTube сайтында эң көп «дизлайк» топтогон видео болгон. Акыркы саны 2020-жылдын 1-январында чыккан.

Жеткиликтүү аракеттер

Колдонуучулар өз пикирлерин калтырып, башкалардын пикирлерин баалап, видеолорго аннотация жана коштомо жазууларды кошуп, көргөн видеолоруна баа бере алышат (бирок видеонун автору лайк жана дизлайк сандарын жашыра алат). Ошондой эле, видеону жүктөгөн адам өзүнүн видеосун башка сайттарга, блогдорго жана форумдарга «жайгаштырууга» (embedding) бөгөт коё алат. Андан тышкары жүктөлгөн видеону 2Dдан 3Dга айландыруу мүмкүндүгү бар.

Сапат жана форматтар

YouTube алгач MP3 форматындагы моно үндүү Sorenson Spark (H.263 варианты) кодекти колдонуу менен 320×240 пикселде бир гана сапат деңгээлинде видео көрүүнү сунуш кылган. 2007-жылдын июнь айында мобилдик телефондор үчүн 3GP форматында видео көрүү мүмкүнчүлүгүн кошкон. 2008-жылдын март айында жогорку сапаттагы режим кошулуп, видео сапаты 480×360 пикселге чейин жогорулаган.

2008-жылдын ноябрь айында 720p HD киргизилген. 720p ишке киргизүү учурунда YouTube видео катыштыгынын жактары 4:3төн 16:9 кең форматтык экранга өзгөртүлгөн. Бул жаңы функция менен YouTube демейдеги видеону кысуу форматы катары H.264/MPEG-4 AVC өтө баштаган. 2009-жылдын ноябрында Full HD 1080p кошулган. 2010-жылдын июль айында YouTube бир катар 4K форматындагы видеолорду чыгарганын жарыялап, ал видео мүмкүндүктөрүн 4096×3072 пикселге чейин көтөргөн. 2015-жылдын июнь айында 7680×4320 пикселдеги 8K видео оюндар үчүн мүмкүндүк кошулган.

2014-жылдын июнь айында YouTube кадр жыштыгы жогорку өндүрүмдүү видеокарталар менен салыштырмалуу болгон оюндардын видеосун көрсөтүү үчүн секундасына 60 кадрлык ылдамдыктагы видеону киргизген. Учурда сайт видеону 720p же андан жогорураак режимде ойното алат.

YouTube сайтындагы видеолор түрдүү сапат диапазонундагы деңгээлдерде жеткиликтүү. Мурдагы стандарттык (SQ), жогорку (HQ) жана жогорку тактык (HD) аталыштардагы сапаттары видеонун вертикалдык чечимдеринин сандык маанилери менен алмаштырылган. YouTube видеолорду AVC кодекти колдонуу менен кенвертациялайт (системалык администраторлор статистикасында avc1 деп берилет), ал эми VP9 кодек (системалык администраторлор статистикасында vp09 деп берилет) атактуу видеолор жана каналдар үчүн, ошондой эле жүктөлгөн видеонун берилиши 2K/4K же андан өйдө болгондо гана колдонулат. AVC браузерлердин эски же жаңыртылбай калган браузерлерде колдонулат. Ошондой эле, 2019-жылдын башында YouTube акырындык менен AVC жана VP9 кодектерин алмаштыра турган AV1 кодегин (системалык администраторлор үчүн статистикада av01 деп көрсөтүлөт) киргизе баштаган. Эске сала кетүү керек, учурда (2021) YouTube 2K жана андан жогору сапатта болгон видеолордун көчүрмөлөрүн бир гана VP9 кодегин колдонуу менен конвертациялайт.

Панорамалык видеолор

2015-жылдын март айында Google, YouTube сайтында панорамалык видеолорду көрсөтө алаарын жарыялаган. Атайын камера менен тартылган бул видеолордо көрүүчү өз алдынча көрүнүштүн багытын өзгөртүп, айлананы 360°да көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Видеону редакциялоо

2010-жылдын 15-июнунда Google видеолорду түздөн-түз браузерден редакциялоого (түзөтүүгө же оңдоого) мүмкүндүк берген жаңы YouTube кызматын көрсөткөн. YouTube Video Editor жардамы менен колдонуучунун профилиндеги видеолорду оңдоп-түзөп, аудио тректерди колдонууга мүмкүн болгон. YouTube Editor видео редактору видеолор менен жөнөкөй манипуляцияларды жасоого мүмкүндүк берет, мисалы, видео ырааттуулугун кесүү же бир нечесин бүтүн бирге бириктирүү. Видеолор менен болгон бардык монтаждык операциялар колдонуучу жүктөгөн видеонун негизинде ишке ашырылат. Маалыматтарды иштетүү түздөн-түз YouTube серверлеринде жүргүзүлгөндүктөн, алдын-ала төмөнкү сапатта көрүү мүмкүндүгү бар. Долбоорду аяктагандан кийин аны нормалдуу сапатта жарыялоого болот. 2007-жылы YouTube иштеп чыгуучулары Adobe Flash технологиясын колдонуу менен жакшыртылган видеоредакторду жасоого аракет кылышкан, ал YouTube Remixer деп аталып, бирок иштеп чыгуулар токтоп калган. Adobe Premiere Express негизиндеги кызматтар, өтүүлөр, титрлар жана сүрөттөрдү кошуу сыяктуу сунуштаган кызматтарына карабастан, браузердик редактор үчүн ресурсту көп талап кылып, көптөгөн катачылыктар менен өтө жай иштеген.

2017-жылдын 20-сентябрынан тартып, YouTube тарабынан видеоредактор колдоого алынбай, роликтерди редакциялоо үчүн чектелген гана функциялар калган: түзүү, кыркуу, эффекттер, музыка.

YouTube Shorts

YouTube Shorts — бул YouTube тарабынан сунушталган кыска видеолор менен алмашуу платформасы. Платформа YouTube-дун негизги кызматы сыяктуу эле колдонуучулар контентин жайгаштырып, бирок, фрагменттердин узундугун 60 секундага чейин чектейт.

YouTube Shorts-тун бета-версиясы 2020-жылдын сентябрында Индияда TikTok-ко тыюуу салынганда чыгарылган. 2021-жылдын март айында АКШда дагы бета-версия түрүндө чыккан. 2021-жылдын июль айында ар кайсы өлкөлөрдө чыгарылгандан кийин бүткүл дүйнөгө чыккан.

Жамаат саясаты

Колдонуучулук эрежелер

2019-жылы YouTube кызматты колдонуу эрежелерин жаңырткан. Мындан ары телефондук тамашалар же жашоого жана ден-соолукка коркунучтуу сыноолор жөнүндөгү роликтерди жарыялоого болбойт. Жаңы эрежелерге ылайык, «коркунучтуу» видеолорго бөгөт коюлуп, ал эми, эгер колдонуучу үч айдын ичинде үч жолу эскертүү алса, анын каналын өчүрүшөт. Андан тышкары, эми роликтердин превьюсуна видеонун өзүндө болбосо дагы, порнографиялык сүрөттөрдү же зомбулук көрүнүштөрүн коюууга тыюуу салынат. Ошондой эле, видеонун баяндамаларында порносайттарга жана зыяндуу ресурстарга шилтемелерди жарыялоого болбойт.

Жарнама

2020-жылы YouTube кызматтарды берүү шарттарын жаңылап, каалаган каналдардагы видеолордо, YouTube Partner Program (YPP) өнөктөштүк программасында катышпагандарга да жарнама көрсөтүүгө өзүнө улуксат берген. Эгер колдонуучуда Premium жазылуусу болуп, ошондой эле, видео балдарга арналган болсо, бардык жарнамалар өчүрүлөт.

Автордук укук

YouTube эрежелери АКШнын автордук укук мыйзамын бузган мазмундагы видеолорду жүктөөгө тыюуу салат.

2006-жылдын 5-октябрында Япониянын JASRAC автордук укук ээлери ассоциациясынын дооматтары канааттандырылып, кызматтан белгилүү япониялык артисттердин аткаруу учурундагы видеолору жана клиптери өчүрүлгөн (жалпы 29 549 материал).

2010-жылдын июль айынын аягында YouTube иштеп чыгуучулар тобу тарабынан жүктөлгөн видеолордун максималдуу узундугун мурунку 10 мүнөттүн ордуна 15 мүнөткө чейин көбөйтүү чечимин кабыл алышкан. 10 мүнөттүк чектөө 2006-жылы кызматты кыянаттык менен колдонуп, пираттык контентти жайылтууну алдын алуу максатында киргизилген, анткени, кызматка толугу менен жүктөлгөн теле берүүлөр жана кинофильмдер автордук укуктарга каршы келген. Бирок, ошого карабастан учурда сайтта 10 сааттан ашкан видеолор бар.

Кирешелер

Google YouTube сайтына кеткен чыгымдардын кеңири маалыматтарын жарыялабай келет. 2008-жылдын июнь айында Forbes журналы 2008-жылдагы кирешеси 200 миллион долларды түзүп, жарнак сатуудагы прогрессин белгилеген. 2012-жылдын январында YouTube сайтына киргендер көрүүлөргө орточо күнүнө 15 мүнөт короткону эсептелген, ал эми буга салыштырмалуу АКШнын катардагы жараны телевизор көрүүгө күнүнө төрт же беш саат коротот. 2012-жылы YouTube сайтынын программаларынан түшкөн кирешеси 3,7 миллиард долларга бааланган. 2013-жылы, кирешелер баалоолор боюнча дээрлик эки эсе жогору болгон, eMarketer боюнча 5,6 миллиард доллар, башка эсептөөлөр боюнча 4,7 миллиард доллар.

YouTube сайтындагы видеолорунун басымдуу көпчүлүгүн эркин көрүүгө мүмкүн жана алар жарнамалардын эсебинен колдоого алынат. 2013-жылдын май айында YouTube баасы айына 0,99 доллардан 6,99 долларга чейин болгон 53 жазылма каналдардын кеңири схемасын берген. Кээ бир булактар боюнча бул кадам Netflix жана Hulu сыяктуу башка жазылма интернет провайдерлери менен атаандашуу аракети катары каралат [бул кайсы булактан?]. Google компаниясы 2019-жылдын төртүнчү кварталындагы YouTube видеохостингинин жарнамалык кирешесин ачыктаган. Бул 14 жылдан бери биринчи жолу жасалган иш болгон. Ошентип, чейрек ичинде видеосервис 4,72 миллиард доллар, жыл ичинде 15,15 миллиард доллар киреше алып келип, бул 2018-жылга салыштырмалуу 36 %га көп.

Сын-пикир

YouTube күтүлбөгөн өсүшү америкалык түтүк жана рулон чыгарган компаниясы Universal Tube and Rollerform Equipment Corp үчүн көйгөйлөрдү жаратты, алардын utube.com веб-сайты домендик аталышты ката жазып кирген ири көлөмдөгү келүүчүлөрдүн айынан жеткиликсиз болуп калган. 2006-жылдын ноябрь айынын башында Universal Tube, YouTube сайтын сотко берген. Ошондон кийин ал сайтта агрессивдик баннердик жарнама камтылган промосайт жайгашкан, ал эми учурда (2021) бул сайт көбүн эсе ачылбайт жана мазмуну белгисиз, түтүк чыгарган компания болсо «utubeonline.com» доменник аталышка көчүүгө аргасыз болгон.

2007-жылдын 13-мартында Viacom компаниясы Google компаниясын сотко берип, YouTube массалык түрдө автордук укукту бузган деп айыптап, кызматтын бардык колдонуучуларынын жеке маалыматтарын ага өткөрүп берүүнү талап кылган. Нью-Йорктун Түштүк аймагынын федералдык соту Viacom компаниясына YouTube сайтынын колдонуучуларынын жеке маалыматтарын өткөрүп берүү өтүнүчүн канааттандырган, а бирок, бул АКШнын федералдык мыйзамына каршы келет.

Кызматтагы цензура

Айрым өлкөлөрдүн айрым маалымат агенттиктери (жана бул тизме өтө тандалма) кызмат аркылуу контентти жайылтууда чектөөлөргө туш болушат; YouTube сайтынын (Facebook, Twitter сыяктуу) эрежелери ачык эмес деп белгиленет.

Дизлайк эсебин жашыруу

Видеолордун астына дизлайк баскычынын санын жашыруу жаңылоосу коомдук талкууга жана сынга алып келди. Бул өзгөрүүлөрдү жарыялаган расмий видео колдонуучулар тарабынан массалык түрдө дизлайкталган. 2021-жылдын 19-ноябрында платформанын тарыхында биринчи видеону жараткан YouTube сайтынын негиздөөчүсү Джавед Карим, дизлайктар боюнча видеонун баяндамасын оңдоп, дизлайк эсептегичин жашырылышын сынга алып жана көз карашын айтып, YouTube сайтынын бул чараларга баргандыгынын себеби бар экенин, бирок, изилдөөлөрдү жамынып, муну атайын жарыялабай турганын айткан. Видеохостингге колдонуучулар тарабынан ар кандай сын-пикирлер айтылып, айрымдары бул чечимди ыңгайсыз деп атаса, кээ бирлери мунун саясий өңү бар жана цензуранын жашыруун түрү дешкен. Ошол эле жылдын ноябрында энтузиаст-программист тарабынан колдонуучуларга видеолордун астындагы дизлайктардын санын кайрадан көрүүгө мүмкүндүк берген атайын плагинди чыгарган.

YouTube медиа дүйнөсүндө

YouTube сайты медиа дүйнөдө ушунчалык маанилүү көрүнүшкө ээ болуп, аны менен теле берүүлөр да эсептешүүгө аргасыз болду. Көптөгөн медиа компаниялар кызмат аркылуу өз өндүрүмдөрүн жайылтуу үчүн расмий YouTube аккаунттарын түзүүдө. Мем статусуна ээ болгон видеолор жаңылыктар репортаждарында кабылуусу сейрек эмес. 2007-жылдын июнь айында CNN тарабынан партия аралык дебаттарда талкуулоо үчүн YouTube сайтынын колдонуучуларынан суроолорду чогултуу кампаниясы (компания менен алмаштырбайлы) ишке ашкан. Кампания ошондой эле, фальсификация жана цензура айыптоолору менен коштолгон кыйла сын-пикирлердин объектиси болгон. Кызмат колдонуучулары менен байланышуунун башка мисалы катары Аль-Джазира телекомпаниясынын видео кайрылуусун айтса болот, мында алардын өкүлү англис тилинде жаңы кызматты ишке киргизүү мүмкүндүгү боюнча жамааттын оюн билүүгө аракет кылган. YouTube анча чоң эмес көз карандысыз телекомпания жана телеканалдар үчүн өтө кызыктыраарлык.

Кээ бир YouTube колдонуучулары медиа атактууларга айланышып (мисалы, Boxxy), алардын атагы интернеттен ашып, ошону менен алардын тагдырына таасир эткен. Маселен, атактуу ырларды аткаруу менен ышкыбоздук видеолорун жүктөгөн колдонуучу esmeedenters, продюсердин көзүнө илинип, Жастин Тимберлейк жетектеген Tennman Records лейблинде музыкалык келишимге кол койгон. Ошондой эле, видеого жазылган ырларын апасы тарабынан сайтка жүктөлүп жүрүп, канадалык Джастин Бибер дагы ири лейблдан кымбат конткракт алган. Башка мисал — 2010-жылы өткөрүлгөн YouTube композиторлор сынагы, он миңдеген Интернет колдонуучуларынын көңүлүн буруп, Теодор Курентзистин башкаруусундагы Россия улуттук оркестринин концертинде жеңүүчүлөрдүн чыгармаларынын аткаруусу менен аяктаган. Ал эми Star Wars kid меминин кокус каарманы тескерисинче мектепте күлкү-келекелердин объектиси болуп, баланын үй-бүлөсү тарабынан классташтарына берилген сот арыздашуусуна алып келген.

Бөгөт, чыпкалоо жана цензура

2007-жылдын мартында жана 2008-жылдын январында Түркияда жогорку деңгээлдеги саясий ишмерлерди келекелеген мазмундуу YouTube сайтындагы видеолорго тыюу салынган болчу. Сайтты бөгөттөө (блокировкалоо), түрк бийлигинин Google компаниясынан сынга алынган видеолорду өчүрүү талабы коюлганга чейин уланган.

2008-жылдын февраль айында Пакистан бийлиги YouTube сайтында исламга каршы материалдарды жайгаштыруу себеби боюнча сайтка кирүүгө бөгөт койгон.

2009-жылдын мартында кытайлык аскерлер тибеттик монахтарды жана Тибеттин башка жашоочуларын сабап жаткан видеосу YouTube сайтында пайда болгондо Кытай өкмөтү сайтка бөгөт койгон. BBCнин билдирүүлөрүнө караганда жарыяланган видеоматериалда окуянын болгон жерин аныктоо, ошондой эле катышуучуларын идентификациялоо мүмкүн эмес болгон. Кытайдын тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Цинь Ган бөгөт коюууларды талкуулап жатып, Кытай өкмөтү Интернеттен корпойт жана бөгөт коюуу боюнча биринчи жолу угуп жатканын айткан. Ошондой эле, 2009-жылы Түркмөнстанда дагы сайтка бөгөт коюлган.

2010-жылдын июль айынын аягында Россиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында сот беш сайтка бөгөт коюп, анын ичинде YouTube сайты да болгон. Мындай чечимдин себеби сайттарда экстремисттик мүнөздөгү материалдардын камтылышы болгон. Андан кийин жогорку инстанциядагы сот бул чечимди артка кайтарган.

2012-жылдын 17-сентябрында «Мусулмандардын момундугу» (Орусча «Невинность мусулан») трейлерин өчүрүү суранычы Google компаниясы тарабынан аткарылбагандыктан, Пакистандын премьер-министри YouTube сайтына өлкө аймагында кирүү мүмкүндүгүн жабуу боюнча буйрук берген.

2012-жылдын 22-сентябрында YouTube сайтына кирүү мүмкүндүгү Дагестанда, 27-сентябрда — Чеченстанда жабылган.

2013-жылдын 9-февралында Египеттин соту YouTube сайтына кирүүгө бир айга бөгөт койгон. Сот мындай чечимге ал жерде жарыяланган чуулгандуу «Мусулмандардын момундугу» тасмасынын үзүндүсү себеп болгон.

2013-жылдын 25-майында YouTube Тажикстанда жабылган, официалдуу эмес маалыматтар боюнча — Таджикстан президентинин баласы Рустам Эмомалинин үйлөнүү үлпөтүндөгү роликтерде Эмомали Рахмондун ырдап жана бийлеп жаткан кадрларынан улам болгон. 27-майда сайтка кирүү калыбына келтирилген.

Фактылар

Жайгаштыруу: 2018-04-03, Көрүүлөр: 3464, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо