Ысык-көл кыргыздарынын россиянын курамына бириктирилиши

Кыргыз уруулары Чыгыш Түркстан жана Россия менен түздөн түз соода-экономикалык байланыш түзүүгө умтулган. Россия 18-кылымдын башында Кыргызстан менен таанышуунун алгачкы кадамын жасаганы маалым. Петр 1-нин жунгар башкаруучусу хун-тайжи Цеван Рабданга барган элчиси капитан И. Унковский 1723-ж, Ысык-Көлдүн тегерегинде кыргыздардын жашаарын картада көрсөтүп, алар жунгарларга коркунуч көрсөтүп турат деп белгилеген. Ал убакта орустардын элчилиги кыргыздар менен түздөн түз карым-катнаш түзгөн эмес. Жүз жылдан кийин гана, Кокон хандыгыньш чеги чыгышка карай кеңейе баиггаганда Ысык-Көлдүк кыргыздар Россияга тыгыз алака түзүү ңиети менен кайрылышкан. Казак жерлери жана Кыргызстан аркылуу Россиядан Кытай, Индияга кербен жолу аракетте болуп, кыргыз манаптары Россиялык кербендерди аман өткөрүп турууга өздөрү ынтызар болгон. 1813-жылы Ысык-Көлдөн россиялык кербенге кошулуп, Омскиге Качыбекж-а Жакыпбек бийлер башында турган бугу элчилери жиберилген. Орус кербенин тейлеген мусулмандардын үгүтүнүн таасири элчиликти жиберүүгө түрткү болгон. 10 жылдан кийин, 1824-жылы ушундай эле россиялык кербен өкүлдөрүнүн колдоосу астында бугу уруусунун төбөлдөрү Омск шаарына кайра элчилерин (к. Россияга барган. кыргыз элчилиги9 1824-25) жиберген.

Жооп иретинде Ысык-Көлгө падыша өкмөтү Омск гарнизонунун дарыгери Ф. К. Зибберпггейн курамына кирген элчилерди жөнөткөн. Сибирь бийлөөчүлөрү падыша өкмөтүнүн атынан кыргыз манаптарына кат жөнөткөн. Ал катта букаралыкка алуу маселесин сөз кылышкан эмес. Россиянын элчилери Ысык-Көлгө келген убакта (1825), кыргыздарды өз букаралыгына өтүүсүн сунуш кылган Кокон ханынын элчилери да Ысык-Көлдө болгон. Жыргалаң суусунун чатында көл аймагындагы уруу, уруктардын өкүлдөрү чогултулуп, орус элчилигинин каты да, Кокондун сунушу да жарыялангаи. 1831—32-жылы Ысык-Көл кыргыздары Кокон хандыгына баш ийдирилип салык төлөп турушкан. 1842-жылы көлдүк кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги хан чептери (Каракол, Барскон, Коңур-Өлөң жана башкалар) талкаланып, хандын аскерлери кубаланган. Ушундан кийин ал жердик кыргыздар кайрадан Батыш Сибирдеги падыша бийликтеринен саясий тирек издешкен. 1844-жылы бугу уруусунун чоң манабы Боромбай Меңмурат уулу өз элинин атынан РосСияга букаралыкка алуу өтүнүчү менен элчилерди жиберип, кат менен кайрылган.

Анда ал кыргыздарды Кокон жана кытай отряддарынын кол салуусунан, талаптоноосунан калкалоону суранган. Россия мамл-не окшогон ири мамлекеттин колдоосуна умтулуп, ал сырткы кол салуулардан сактап, феодалдык ич ара кандуу жаңжалды басат деген үмүт менен бугу уруусунун чоң манабы Боромбай 1848-жылы Батыш Сибирдингенерал-губернаторуна кайрадан кайрылат. 19-кылымдын 50-жылдарында Орто Азия менен Каз-нда саясий кырдаалдын өзгөрүшү кыргыз элинин Россиянын букаралыгына өтүү өтүнүчүн канагаттандырууга шарт түзгөн. 1853-жылы сентябрда Ысык-Көлдүк кыргыздар Батыш Сибирдин генералгубернаторуна дагы кат жиберет.

Бул кайрылуунун демилгечилери бугу уруусунун чоң манабы Боромбай жана россиялык тыңчы көпөс Файзула Ногаев болгон. Генерал-губернатор Ысык-Көлдүк кыргыздарга алардын өтүнүчү Россия өкмөтү тарабынан каралгандыгын билдирип, Россиянын букаралыгына өтүү маселесин биротоло чечүү үчүн Омскиге өз өкүлдөрүн жиберүүсүн суранган. 1854-жылы 26-сентябрда Качыбек Шералы уулу баштаган элчилер Батыш Сибирь генералгубернаторлугунун борборуна келишкен. 1855-жылы 17-январда генерал-губернаторлуктун чиновниктери жана бир нече казак султандары катышкан жыйында бугу уруусунун элчилери өз элинин атынан Россияга өтүү антын кармашкан. Ант берүүгө чейин 24 пункттан турган Россия мамл-и менен бугу уруусунун ортосундагы өз ара мамилелер боюнча милдеттенмелер ииггелип чыгылган. Анда ушундан баштап кыргыздар Россиянын колдоосунда болот, ошондой эле өз жери аркылуу өткөн орус кербендерин алар аман өткөрүп турууга милдеттүү экени, Ташкен жана Кокон же башка хандыктардын колдоосуна өтүп кетпөө, казактардын улуу жүзү (Чоң Ордо) менен ынтымакта жашоо дарыясы у. с. милдеттери жазылган. Боромбай бугу уруусунун ага манабы болуп дайындалып, ага подполковник наамы ыйгарылган.

Арийне, Мураталы, Чоң Карач, Тилекмат, Балбай сыяктуу таасирлүү бугу төбөлдөрү россиялык букара болууга каршы чыгышкан. Бул манаптар өз саясатын улантса, аларды башкаларга сабак болуу үчүн кырып салуу тууралуу 1860-жылы Ала-Тоо округунун улугу полковник Г. айыл Колпаковский Сибирь корпусунун кол башчысынан көрсөтмө алган. 1863-жылы көл кылаасына туруктуу орус аскер гарнизонунун келиши Россиянын үстөмдүгүнүн иш жүзүндө орношунун бапггалышы болгон. Ысык-Көлдүн батышынан жана Кочкордон аргасыздан Теңир-Тоо чордонуна обгон сарыбагыш уруусуна таандык кыргыздар 1867-жылга карата каратылган.

Бул жараян согуштук жана тынч ыкмалардын айкалыштырылуусу менен жүзөгө ашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)