Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Заргалдак. Сары барпы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Заргалдак. Сары барпы

"Заргалдак" же "Сары барпы" жөнүндө - токойдон куштун жагымдуу үнү угулат. Кимдир бирөө флейтада ойноп жаткансыйт. Анан ошол эле дарактан куйругун тепсетип алган мышыктын чаңырыгындай жагымсыз үн чыгат дейсиң, тим эле кулагыңды колуң менен баса койгуң келет. Албетте музыканы бузуп жиберген мышык эч кимди кызыктырбайт. Ал эми флейтачыны ар ким эле көргүсү келет. Бирок мындай музыкантты көрүш кыйын.

"Сары барпы" дайыма калың жалбыракка жашынып калат. Түштүктөн да башка куштардан кеч, дарактардын жалбырагы ачылып, жашынууга жарап калганда келет. Бирок аны көрөрүң менен калың жалбырак эмнеге керектигин дароо түшүнөсүң. Анын жүнү көзгө бат чалдыккандай өтө эле ачык түстө. "Заргалдак" - биздин токойлордогу жагымдуу сайроочу жана өтө кооз куштардын бири. Ал эми жагымсыз чаңырган ким? Ушунча уккулуктуу жана жагымсыз үндөр бир эле куштан чыгып жатканына ишенүү да кыйын.

Ошон үчүн "заргалдак" токой флейтасы деп да, токой мышыгы деп да аталат. Заргалдак уясын кургак кайың же эмен токойлоруна салат. Бутак арасынан ылайыктуу ачакейин таап, бул куштар себет таризденген уясын чебер согот. Уяга мамык чөп төшөп, сыртын ошол уя курулган даракка түстөш кайың кабыгы менен капташат. Майдын аягында же июндун башында уяда 4-5 жумуртка пайда болот. Алар сүйрү, каралжын же күрөң, сейрек тактуу агыш келет. Заргалдак - абдан пайдалуу куш. Ал токой куштарынын көбү тийбөөчү токойго зыян келтирүүчү уулуу курттарды жейт.

Заргалдактын дагы башкача аталышы "Сары барпы" деп да коюшат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4111, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу