Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы айымдар

Баш барак | Гороскоп | Жаачы айымдар

Жаачы-айымдар чыныгы идеалист болот. Бул абдан көз карандысыз айым, кандайдыр бир мааниде башкалардан бөлүнгөн десек болот. Дайыма кыймылда болуп, булардын сөзсүз максаты болот, жана ал максатка булар умтулуп турушат. Булардан бир нерсени талап кылуу буларды абдан кыжырлантат. Бир нерсени булардан сураса болот, жана сураганда бул айымдар мүмкүнчүлүгүнө жараша жасайт, эгер бир нерсени талап кылсаңар, ошол замат баш тартуу менен кездешесиңер.



Бул зодиак белгисинде төрөлгөн айымдар эки таптакыр ар түрдүү типте болот. Булар спорт менен машыккан жана дайыма кыймылда болгон ашынган тентек бала сыяктуу, же искусствого жана бардык жакшы нерселерге умтулган, кызыктуу жана таасирлүү адамдардын коомунда жаркыраганга көнгөн, өзүнүн көз карандысыз мүнөзүнө, мыкты акыл-эске жана жакшы интуицияга ээ болгон чыныгы ак сөөк айым.



Бул айымдар өтө ынактуу болот. Булар абдан ачык-айкын болуп, жан-дүйнөсүнүн жана жүрөгүнүн тереңдиги менен таң калтырат. Негизи булар түз мүнөздүү болуп, бирок орой эмес. Бирок өзүнүн тик суроолору жана айтуулары менен каалаганды ыңгайсыз абалда калтырат. Булар дүйнөнү ачык-кызыл түстө эмес, чыныгы боёктор менен караган реалисттер. Бул айымдар эң оор кырдаалдарда да оптимист болууну билет. Жаачы-айымдар алдамчылыкка мүмкүндүгү жок. Булар сноб эмес, ошондуктан пессимизмге жана карангылыкка чыдабайт, ошондой эле өзүлөрү да меланхолияга сейрек чөмүлөт.



Жаачы-айымдар өзүнүн индивидуалдыгынан эч качан кечип өтпөйт, ошондой эле эч кимге, эч качан аны тепселеп, кыйратууга жол бербейт. Бирок кээде мындай айымдарды, жанында мырза бар экенин жана өзү назик айым экенин сездирүү максатында өз ордуна коюуу керек. А бирок булар өз өмүрлүк жарынын жанында момундун ролун да эч качан ойнобойт.



Бул айымдар сезимдери жагынан эмес, мүдөөлүк жана эрки жагынан күчтүү келет. Булардын кадыры ички санаалары менен күрөшүүгө жардам берип, нерселердин абалы алардын көнүлүнө татыксыз экенине ишендирет. Булар ичинен ыйлап, санаа тартып, кыйналып жана өлүп баратышы мүмкүн, бирок аны эч качан сыртынан көрсөтпөйт. Тескерисинче, мындай учурда булар өзүнө токтоолуктун жана көңүл коштуктун маскасын кийип алат. Бирок булар ал жөнүндө ойлонбойт, анткени аларга ачык айтканда коомдун ал жөнүндө эмне ойлоп, артынан эмне деп айтаарына барыбир.



Жаачы-айымдар көп учурда достук менен сүйүүнү алмаштыра берет. Мырзалардын айланасында булар өзүн дээрлик ачык-айкын алып жүрөт, бирок эч качан аялдык эркелөөнү курал катары колдонбойт. Мындай айымдар мырзаларды өзүнүн сыйкыры менен ороп, андан соң мындай торго түшкөндөргө качып кутулуу абдан оор болот. Бул айымдар ачык-айкын флирттешип, бирок ошону менен бирге буларда бирөөнү сүйүп калуу максаты жок болушу мүмкүн. Ошондуктан бул айымдар көп учурда таш жүрөктүү, муздак кандуу сыйкырчынын репутациясын алат. Жаачы-айым шарттуулуктарга жана мырзалар менен болгон мамилелердеги кандайдыр бир стереотиптерге берилбейт. Булар үчүн мамилелер бул тең укуктуу аялдардын жана мырзалардын тандеми. Дал ошондуктан булар көп учурда өзүлөрүн мырза сыяктуу алып жүрөт, бирок өзүнүн табияты боюнча булар жетишээрлик аялдык сапаттарга ээ.



Айрыкча Жаачы-айымдар бул кичинекей, баарына жана бардыгына ишене берген, чынчыл жана ачык ойногон жана алар тарапка эки жүздүү оюн жүргүзүп жатканын айырмалай билбеген ишенчээк наристе. Ооба, булар абдан акылдуу жана укмуштай логикалуу, бирок жүрөгү менен булар таптакыр башкача, уялчаак жана коргонууга мүмкүндүгү жок. Мырзалар алардын өзүнө, жүрөгүнө жана жан-дүйнөсүнө талапкер болушу мүмкүн, бир гана эркиндигине талапкер боло албайт. Мындай айымдарга эркиндик берүү менен мырзалар үч эсе утат: берилгендик, ишенимдик жана сүйүү.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 4134, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу