Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Жаачы мырзалар

Жаачы-мырза бул түбөлүк майрам.



Мындай мырзалар жакшы жашоонун пландарына абдан аярлык мамиле жасайт: үй-бүлөөгө, карьерага, кирешеге жана коомдогу абалына. Бирок айтып коюуу керек, Жаачылар үчүн планды ишке ашырууга караганда, пландын болгон фактысы маанилүү. Булардын негизи эле көптөгөн кызык мүнөздөрү болот, алар же такыр зыяны жок же аябай шектүү болот.



Башкарылгыс энтузиазмга жана зор кызыгууга ээ болуп, мындай мырзалар айланасындагылардын баарысына ал мүнөздөрүн жугузат. Көп учурда булар чектерди байкабай, натыйжаларын ойлобой, алардан өтүп кетет.



Өзүнө дайым көңүлдөрдү тартып, Жаачы-мырзаларды дайыма көптөгөн адамдар куурчап турат, жана булардын түгөйүнө ал адамдардын арасынан көрүнүп анын көңүлүн өзүнө буруу үчүн, өзгөчө белгиленүүгө зарыл болот.



Жаачы-мырзалар чыныгы оптимист. Ал гана эмес булар ар кандай кемсинтүүлөрдү бир кулагынан киргизип, экинчи кулагынан чыгарып жиберет, ушунчалык деңгээлде оптимист болушат. Мындай кызыктай оптимизм сокур ишенимге чейин өсүп кетиши мүмкүн. Булар баарына жана бардык нерсеге ишенип, акыр-аягы өзүнүн таттуу жооштугу үчүн бирөөнүн илмегине илинип калышы мүмкүн.



Жаачылар башка жактарды карабай, булардын көз карашы алдыга гана карайт. Ошого себептүү булар чалынып же мүдүрүлүп чекесине чон шишик жаратып алышы мүмкүн. Бирок бул аларды, пайдалуу бир нерсеге сейрек үйрөтөт. Булар барыбир кайра туруп, жолун улантып, оң-солду карабай дайыма алдыга гана карайт.



Бирок Жаачылар кыялкеч адамдардан эмес. Булар дайыма темирдей логика жана кызыгуу менен иш алып барганга аракет кылат. Ооба, булар алар менен кичине эби жок колдонуп алышы мүмкүн, бирок, кандай гана болбосун, булар өзүнүн прогрессивдүү кыялдарын жана иш-аракеттерин актоого аракет кылат. Ооба, кээде булардын ойлору түйшүктөрдү жана маселелерди гана жаратышы мүмкүн. Бирок, мындай учурда, булардын жанында тагдыр болот, жана тагдыр буларга жардам кылып, жашоодогу жолун улантууга жол көрсөтөт. Булар ушунча жолдуу болуп, кээде бул такыр акыл-эске туура келбейт.



Жаачы-мырзалар дайыма алдамчылык менен күрөшүп, кичине болсо да адилеттүүлүктү тургузууга аракет кылат. Мындай иште буларды жанында жүргөн жана ак ниеттүүлүгүн баалаган достору жана жакын адамдары колдойт. Мындай мырзалардын душмандары аз, жокко эсе деп койсок да болот. Булар дайыма адамдардан алардын чыныгы баалуулуктарын издейт, жана муну ак ниети менен гана каалайт. Булар эч качан ырайымсыздыгы менен айырмаланбайт, бирок адепсиз жана ыкылассыздуу болот. Булар дайыма түз мүнөздүү жана ачык.



Көп учурда Жаачы-мырзаларды олуттуу сезимдерге байланбаган, келечектеги никени ойлондурбаган, жеңил мамилелерге ыраазы болот. Булар флирттешкенди жакшы көрөт, бирок бул айымдардан физикалык жакындык эле керегин түшүндүрбөйт. Анткени, бул мырзаларга жөн эле ар түрдүүлүк керек. Жана жан-дүйнөсүнүн тереңинде, чыныгы мамилелерди жана бекем байланышты күтөт.



Жаачы-мырзалар кимдир бирөөлөр алардан шектенгенде жана кызганганды жек көрөт. Бул аларды унушча кыжырлантып, өзүнүн тең салмактуулугун ошол заматта жоготот. Эгер айымдар муну өзүнө байлап, канатынын астына тартып алууга эч качан чыдабайт. Булар өз эркин абдан баалашып, сүйүү үчүн да эркинен ажыроону каалабайт.



Жаачы-мырзалар бир убакта мээси менен ойлонуп, жүрөгү менен сезет. Бирок бул алардын иш-аракеттеринин айкөлдүгүн айтпайт. Булар дайыма чалынып жыгылышы мүмкүн, бирок мындай мырзаларга бутуна туруп, алдыга жылуу үчүн дайыма күч-кубат талап кылынат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 3588, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу