Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана эгиздер

Баш барак | Гороскоп | Жаачы жана эгиздер

Идеалга жакын түйгөй. Алар сүйүүчүлөр да, достор да, жана өнөктөштөр, бирок мындай үй-бүлөө көп жашабайт. Бири-бирине болгон кызыгуусу бат эле тарап кетет. Ошондой эле экөө тең жоопкерчиликти өзүнө алууну каалабайт, анткени бул сезим экөөндө тең аз.



Эгиздер өзүнүн баарлашуучулук өнөрү жана кызыгуусу менен белгилүү, жана айланасындагылардын эпчилдиги жана эстүү баамдашы менен толуктанат. Жаачылар жашоо сүйүүчү жана ынактуулар, бирок баамдоодо көп учурда өз маанайына карайт.



Жаачылар эмне сезип жатканын, иш ортосунда түшүнүүгө аракет кылат, эгиздер болсо, айланасында эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылат. Алар бири-бирин эң жакшы толуктап турат. Алардын тандоолору ар башка болушу мүмкүн, бирок алар оңой эле бири-бирин түшүнөт жана жашоого болгон өз көз караштарын бири-бирине таңуулабайт.



Алар чынында эле бири-бирине окшош - жаратуучу жана негиздөөчүнүн ордуна жарыктык жана жаркындык, бекемдик жана чыдамдык ордуна кайраттуулук жана одонолук. Экөө тең акылду, бирок, даанышман эмес, тапкыч десек болот. Жалпысынан алганда, булар бири-бири менен жакшы мамиледе болушат, бирок, куу эгиздердин, чын жүрөктүү жаачыларды алдап коюуу коркунучу бар.



Булардын ар бири өзгөрүүлөргө, өзгөрүштөргө жана орун алмаштырууга умтулуп, жаңы жана белгисизге тартылышат, ушунусу менен экөө тең көз караштарын жана ойлорун бат-бат алмаштырып турат. Мындай учурда бир нукка келүү варианты же түйшүктүү никеге байлануу варианты турат, эгер андай болсо, түгөйлөр ажырашууга туура келет.



Интимдик мамилелер бул түгөйлөрдө, башка мамилелери сыяктуу эле оңой жана эркин пайда болуп, оңой жана эркин бүтөт. Түгөйлөр бири-бирине өз ара тартылуу сезимдеринде болуп, сексуалдык жактан экөө тең эротикалык фантазияларды жактырып, жаркын ойлору көп.



Алардын үйүндө, шартка ылайык, зериккендик такыр болбойт, андан дагы аз кездешүүчү нерсе бул - акча. Булардын финансы жаатындагы көз караштары ар башка, жана акча табуу көз караштары да эки жакка аккан дайрадай.



Бул өнөктөштөрдө дайыма эки мүмкүнчүлүк бар - же биринин мүнөзүнө суктанып, ага окшошууга аракеттенип, жан-дүйнө аркылуу өсүү, же көрө албасытык кылып, басынтууга аракет жасап, өз каалаганын кылып, бири-биринин укуктарын тепселөө.



Үй-бүлөө гана болбостон, эгер түгөйлөр команда болуп, жарнама, басмасөз ишмердиги, илим, искусство же медицина тармагында иш алып барышса, бул биримдик абдан бекем болушу мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1973, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо