Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаан-чачын

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жаан-чачын

Жаан-чачынатмосферада суюк же катуу түрдө суунун болушу жана ал суулардын булуттан жерге жамгыр, кар, мөндүр түрүндө түшүүсү же абадан жер бетине шүүдүрүм, кыроо түрүндө топтолуусу менен байланышкан атмосфералык кубулуштар. Жаан-чачындын булуттарда калыптануу механизмин 1933-жылы Тур Бержерон баяндаган.

Кийинкидей айырмаланат:

Жаан-чачындар түшкөн суунун калыңдыгы (миллиметр) менен өлчөнөт. Орточо жер шарында жылына 1000 мм жаан-чачын түшөт, ал эми чөлдөрдө жана жогорку кеңдиктерде — жылына 250 мм аз.

Метеорологиялык станцияларда жаан-чачындын саны жаан-чачын өлчөгүчтөр менен өлчөнөт (1950-жылдарга чейин жамгыр өлчөгүчтөр колдонулган), ал эми суюк жаан-чачындын интенсивдүүлүгү плювиографтар менен ченелет. Көпчүлүк аянттар үчүн жаан-чачындын интенсивдүүлүгү метеорологиялык радиолокаторлордун жардамы аркылуу болжолдуу бааланат.

Жаан-чачындар — Жердеги нымдуулуктун айлануусунун бир бөлүгү.

Жаан-чачындын көп жылдык, орточо айлык, мезгилдик, жылдык саны, алардын жер бетинде бөлүштүрүлүшү, жылдык жана суткалык жылышы, кайталанмалуулугу, интенсивдүүлүгү климатты аныктоочу мүнөздөмөлөрү болуп саналат. Булар айыл-чарбага жана элдик чарбанын көптөгөн башка тармактарына абдан маанилүү.

Калыптануусу

Күн нуру океан, деңиз, өзөн, көлмөлөрдүн бетин жылытканда суу көзгө көрүнбөгөн тунук сууга айланат. Ал жылуу аба агымы менен жогору карай көтөрүлөт. Бийиктиктеги аба жер бетине жакын абадан муздайт. Ошондуктан буу бул жерде коюуланып майда суу тамчыларына айланат. Ошол тамчылар жерде турган бизге жел айдаган булут болуп көрүнөт. Бул майда тамчылар бири-бири менен кошулуп ири жана оор тамчыларга айланат да, жерге ак жаан же нөшөр болуп жаайт. Жайдын ысык күнүндө суунун буусу жылуу аба агымы менен кошо 7-9 км бийиктикке көтөрүлүшү мүмкүн. Атмосферанын бийик катмарында температура абдан төмөн -40 -50 градус суук. Ал жакта суу тамчылары тоңуп, тоголок муз — мөндүр пайда болот да муздак нөшөр менен кошо жерге жаайт.

Кышында жердин түндүк жана мелүүн аймактарында шамал булуттарды жылуу океан менен деңизден кургактыкты көздөй айдайт. Кургактыктын үстүндө булуттар акырындап муздап, аларда эң майда жеңил кристаллчалар пайда болот. Кристаллчалардын сыртына суу бууларынын улам жаңы бөлүкчөлөрү жабышып муздайт. Ошентип муздун татаал кристаллдары түзүлөт. Биз аны кар деп атайбыз. Бирок суу буусу бийик көтөрүлбөй жер бетинде муздашы мүмкүн. Жайкы аптаптуу күндөн кийин кеч киргенде абада суунун буусу арбын топтолот.

Шалбаа, саздын, өзөн жана көлдөрдүн үстүндө аба салкыныраак болгондуктан, мындай жерлерде боз туман пайда болот. Туман төмөндөгөндө жалбырактар менен чөптөргө шүүдүрүм түшөт. Кышында катуу суукта дарактардын сөңгөгү, бутактары, үйлөрдүн дубалдары абдан муздайт. Эгер шамал ал жерге нымдуураак жана жылуураак аба айдап келсе, дарак, дубал, электр зымдарын кыроо басат. Кыроо да кар. Бирок ал абада эмес, нерселердин беттеринде пайда болот. Жаан-чачындар циклон жана антициклонго дагы тыгыз байланыштуу, себеби булар жаан-чачынды чакыруучу же тескерисинчи басаңдатуучу касиетке ээ.

Жамгыр, жаан-суу тамчысы (диаметри 0,5 миллиметр) түрүндөгү жаан-чачын. Ак жаан жана кара жаанга бөлүнөт. Орто Азиянын түздүк жана тоо этектеринде жамгыр жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; жамгырлуу күндөр кар жааган күндөрдөн 2-3 эсе көптүк кылат. Жамгыр март-апрелде көп, июль-августта аз жаайт. Орто Азияда жылына 30-40 күн жамгыр жаайт.

Чөлдүү жерлерде — Ысык-Көл өрөөнүнүн батышында жана башка жерлерде жамгыр өтө аз жаайт. Апрель-майда жааган жамгыр топурактагы нымды арттырып, себилген үрөндүн өнүп чыгышына жакшы шарт түзөт. Жамгыр аба, топурак муздак кезде жааса, өсүмдүк тамырын чиритип жибериши мүмкүн. Кыска мөөнөттүү чагылгандуу жамгыр апрель-майда топурак картын пайда кылышы ыктымал. Оруп-жыюу башталган кезде жамгыр техниканы пайдаланууга тоскоол болот. Ушул себептен көптөгөн фермерлер аба ырайын тынымсыз байкап турушат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 885, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу