Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жай түнү

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жай түнү
Жай түнү
СөзүБайдылда Сарногоевики
ОбонуА. Абдыласовдуку

Жай мезгил, тыптынч айлана
Асмандан калкып ай гана.
Айга окшоп мен да токойдо,
Кыдырып жүрдүм жай гана.

Жан жактан муздак жел келет,
Жалбырак-бутак термелет.
Жанаша өскөн кайың-тал,
Жаш бозой-селки өңдөнөт.

Бадалдуу бактын түбүндө,
Тийишип ийин-ийинге.
Эзилип эки жаш турат,
Тартылып таттуу сүйүүгө.

Мен болсом лира сүйгөнүм,
Тапсам дейм сөздүн гүлдөрүн.
Ойлонуу менен өткөрөм,
Кез кезде жайдын түндөрүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1573, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-08-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу