Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жакиев Бексултан

Баш барак | Биографиялар | Жакиев Бексултан

Жакиев Бексултан(1936-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - драматург, кинодраматург, прозачы. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1993), Кыргыз Республикасынын иск-вого эмгек сиңирген ишмери (1974). Кыргыз Республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1989). КМУнун филология факультетин (1958), Москвадагы Жогорку сценариялык курсту (1962) бүтүргөн. 1958—59-жылы КММИде окутуучу, 1963—68-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында сценариялык-репертуардык коллегиясынын мүчөсү, 1968— 71-жылы кино боюнча башкы редактору, 1972-75-жылы Кыргызстан Мамкиносунун башкы редактору, 1975—83-жылы Кыргыз Республиканын маданият министрлигинин бириктирилген репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору, 1984—92-жылы Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу, доцент, 1987—92-жылы Республиканын театр ишмерлер союзунун катчысы, 1992—93-жылы Кыргыз Республиканын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1993-жылдан чыгармачылык иште. жылы коомчулукка «Атанын тагдыры» (1959) аттуу алгачкы драмасы менен таанылган. Анда драматург бир карыянын согуиггун кесепетинен башына түшкөн оор трагедиясын көрсөтүү аркылуу бүткүл элдин кайгысын камтып, аны чеберчилик менен жеткиликтүү берген.

Бул драма учурунда улуттук драматургияга ачылыш жасап, аны менен кыргыз драмасына психологизм келген, жаңы драматургиялык каражаттар колдонулган. Ал режиссёр жылы Абдыкадыровдун коюусунда эле Кыргыз академиялык драма театрында 500дөн ашык коюлган. Башка респ-ларда да сүймөнчүлүк менен коюлууда. Ж-дин курч проблемалуу, көрүүчүлөр жылуу кабыл алышкан «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саадак какты» (1982; сахнага 1986-жылы коюлган), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989) жана башкалар драмалары бар. Бир катар новелла, аңгеме, киносценарияларын («Мурас», «Искусство жөнүндө баян» жана башкалар), драмалык чыгармаларын камтыган «Атанын тагдыры» (1961), «Эртең жаңы жыл» (1979), «Саадак какты» (1987), «Мой старший брат моложе меня» жана башкалар китептердин автору. «Атанын тащыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабеков) жазылган. Ж-дин дээрлик бардык чыгармалары орус, украин, казак, якут, өзбек, түркмөн, корей жана башкалар тилдерге которулган жана көптөгөн респ-лардын театрларында коюлууда (мисалы, «Атанын тагдыры» Чымкент театрында эле ЗООдөн ашык коюлган). жылы көптөгөн республикалык конкурстардын лауреаты наамына ээ болгон.

Ал котормочу катары да белгилүү (С. Алешиндин, С. Михалковдун, Б. Берхтин жана башкалар чыгармаларын которгон). жылы театр жана көрүүчү, Ысык-Көлдү, дегеле жаратылыпггы коргоо боюнча жүрөк өйүгөн көйгөйлүү маселелер жөнүндө курч иублистикаларды да жазган. Ждин чыгармаларында күчтүү социалдык-драмалык кагылыпггар, психологиялык чиелеништер арбын кездешет, адеп-ыйман маселесин ар дайым курч козгоп, жаңыча көркөм чечмелөөгө умтулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 958, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу