Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жакыпбек Ниязбек уулу

Баш барак | Биографиялар | Жакыпбек Ниязбек уулу

(18-кылымдын 2-жарымы -19-кылымдын 1-жарымы) - түндүк кыргыздардын Ысык-Көлдү жердеген бугу уруусунан 1813—14-жылы Россияга жооп иретинде жиберилген алгачкы элчиликтин өкүлү. жылы бийдин баласы. 1813-жылы 7сентябрда Семейден айыл Бубенов катышкан кербен чыгып, аны Миркурбан Ниязов жетектеген. Бул кербен Турпанга (Чыгыш Түркстанга) бара жатып, жолдо Ысык-Көл кылаасына токтоп өткөн. жергиликтүү бугу уруусунун төбөлдөрү кербенди жылуу тосуп, аларга айыл Л. Бубенов орус бийликтеринин катын тапшырган. Кербенди кытайлык чек арага чейин узатып, айыл Л. Бубенов кайра кайтканда бугу уруусунун Шапак, Шералы манаптары өз элчиси катары Качыбек Шералы уулу менен Ж-ти ага кошуп, Семейге жөнөтүшкөн. 1814-жылы 5-январда элчилер Семейге келген.

Кыргыз элчилери өз журту аркылуу тынч соода алакаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирищкен. Алардын Петербургга баруу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилер Батыш Сибирь генерал-губернатору менен Тобольск шаарында сүйлөпгүү жүргүзүшкөн, бир катар чептерди, Барнаулдагы заводдорду кыдырып көрүшкөн. жылы элчилик ишмердиги үчүн орус армиясынын капитаны чинин алган жана өз ысмы жазылган кылыч, асыл таш чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 592, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу