Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жалал-абад уламышы

Баш барак | Жомок уламыштар | Жалал-абад уламышы

Жалал Абат курорту Кыргызстандын таанымал курортторунун бири. Ал жерден чыккан минералдык суулар, Аюб булак жана Кыз булак деп аталып, элге белгилуу болгон. Илгерки заманда Аюб пайгамбар жашаптыр. Ал ото оорулуу болуп, денеси бут бойдон жара болуп кеткен экен. Аюб пайгамбарга периштенин боору ооруп, бир куну ага мындай дейт: - Сен турган жеринди он бутун менен теп. Аюб пайгамбар жерди тепсе, ал жерден ысык суу чыгат. Ошол сууга Аюб пайгамбар жуунуп, денесиндеги жарааттардан айыгат. Андан кийин: - Эми сол бутун менен теп, - дейт периште. Сол буту менен жерди тепсе, жылуу суу чыгат.

Ал суудан Аюб ичип, бут оорусунан айыгып кеткен экен. Ошондон улам Жалал-Абат курортунун бир булагы «Аюб булак» деп аталып калыптыр. Ошол курорттогу экинчи бир арашан суусу «Кыз-Булак» аталып бугунку кунго чейин эл оозунда жашап келет. Мындайча аталыштын себеби томонкудой: Илгери ошол курорт орношкон жайда бир бай жашап, анын уч кызы болот. Мезгил отот, байдын кыздары карый баштайт. Бирок бир кызы такыр карыбайт.

Мунун себебин байкаса, ал кыз дайыма ысык суусу бар бир булакка жуунуп жургон экен. Ошондон улам бул булак кийинчерээк «Кыз-Булак» деп аталып калган экен.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4906, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу