Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жалил Садыков омур баяны

Баш барак | Биографиялар | Жалил Садыков омур баяны

Жалил Садыков
Акын, котормочу жана драмачы "Жалил Садыков омур баяны" элибизге жакшы таанымал. Ал 1932-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн баш жагындагы Кемин районунун Кичи-Кемин айлында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Айылдан орто мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине келип кирет. Бул факультет ошол кезде таланттуу, же элде айтылгандай чымыны бар балдарды топтоп, аларга багыт берип, көпчүлүгү чыгарма жазуу менен алектенген.

Ушулардын бир тобу кийин кыргыз адабиятынын оор жүгүн көтөргөн акын, жазуучу, драматург, сынчы болуп тарбияланышкан. Жалил Садыков университетке чейин эле колхоздо, Ак-Түз кенинде иштеп, кыйла турмуштук тажрыйбага ээ болуп калган эле. Ошон үчүн ал студенттик жашоосун ыр жазуу менен коштоп, иштеп да жүрүп, окууну бүтүп жатканда эле Убада деген ырлар жана поэмалар жыйнагын элге тартуулаган.

Бул китеп кезегинде жакшы баага арзыган. Андан соң ал Кыргызстан пионери газетасында бөлүм башчы, Кыргызстан жазуучулар союзунун Нарын, андан кийин Ысык-Көл областтык бөлүмдөрүндө кеңешчи, 60-70-жылдарда Ала-Тоо журналында бөлүмдүн редактору, Жаш ленинчи журналында башкы редактор болуп иштөө менен түздөнтүз адабий-маданий чөйрөнүн чордонунда жүрдү, жаштарды тарбиялоого салымып кошуп келди. "Жалил Садыков омур баяны" абдан жигердүү болуп. Ал жылдарда анын ондон ашык ыр жана поэмалардан турган китептери жарык көрүп, акын катары элге кеңири таанылды, көп ырларына обондор жазылды. 80-жылдарда Маданият министрлигинде иштеп, ал жерде пьесаларды кабыл алуу, театрларга репертуар түзүү менен бирге эле өзү да драма жазууга баш-оту менен киришип, Манастын уулу - Семетей (1982), Сейтек (1987) деген драмаларын жазды, бир топ жылдан кийин трилогиянын биринчи бөлүмү Айкөл Манас жазылып бүттү.

[ushka=seredina]

Деги эле анын чыгармачылыгында тарыхый тема басымдуулук кылып, Тоголок Молдо тууралуу Боз торгой, революционер Табылды тууралуу Жукеев-Пудовкин, мифологиялык дастандын негизинде Эр Төштүк деген пьесалары улуттук сахнада көптөгөн жылдар коюлуп келди. 1988-жылы ал Кыргызстан маданияты газетасына башкы редактор болгон жылдарда басылманын нускасы аябай өсүп, улуттук тил, көркөм мурас, тарыхтагы ак тактар, унутулган адабият сыяктуу маселелерди курч коюп, элдин рухий өсүүсүнө чоң салымын кошкон.

Жаңы кылымдын баш жагында ал Улуттук жазуучулар союзун да башкарып, 2006-жылы ден соолугуна байланыштуу ал кызматын өткөрүп берди. Жалил Садыковдун чыгармачылыгында анын Манас эпосунун негизинде жазылган үчилтик драмасынын мааниси өзгөчө чоң. Эпикалык дастанды сахнага алып чыгуу өтө машакаттуу жана татаал болгондугуна карабай бул чыгарманын театр репертуарынан түшпөй келе жатышы жана чет өлкөлөргө гастролдор менен барышы драматургдун дастандын өзөк окуяларын таба билиши жана драмалык конфликттерди коё билиши менен байланыштуу.

1986-жылы акын, драматург Жалил Садыков Манастын уулу - Семетей драмасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Жалил Садыков - Кыргыз эл акыны. 2010-жылы дүйнөдөн кайткан. "Жалил Садыков омур баяны" тарыхта көп жылдар бою сакталат деп айкын айтууга болот.

Жайгаштыруу: 2017-11-04, Көрүүлөр: 7238, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу