Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жалпы биология

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жалпы биология

"Жалпы биология" жалпылоочу мүнөзгө ээ болуп, биология илиминин негизги тармактарын: эволюциялык окуу, цитология, гөнетика, селекция, экология жана башкаларды камтыйт.

Жалпы биологияда тиричиликтин уюшулушунун бардык - молекулалык, клеткалык, организмдик, популяциялык-түрдүк жана биогеоценоздук деңгээлдериндеги жашоонун негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтар берилет.

Ошондой эле ал органикалык дүйнөнүн тарыхый өнүгүшүнүн (эволюциялык) мыйзам ченемдүүлүктөрү жана келип чыгышы, организмдердин түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү, негизги тиричилик процесстери (зат алмашуу, тукум куучулук, өзгөргүчтүк) жана жашоонун формаларынын өзүн-өзү көзөмөлдеесү менен тааныштырат.

Ошону менен бирге ал организмдердин бири-бири жана айлана-чөйрө менен байланышын, адамдын ээлеген ордун, анын биосферадагы чарбачылык иш-аракеттерин жана кесепеттерин ачып көрсөтөт. "Жалпы биология" ушул маалыматтарды, айлана-чөйрөнүн жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, сактоо жана көбөйтүүгө байланышкан практикалык суроолорду түшүндүрүүдө чоң жардам берет.

Андан башка бул маалыматтар өлкөнүн азык-түлүк программасын аткарууда негизги роль ойногон өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн теориялык суроолорун түшүнүүгө, ошондой эле медицинанын, фармацевтиканын, адамдардын тармактык иш-аракеттеринин бир катар илимий негиздерин түшүнүүгө жардам берет.

Биологиялык жаңы ачылыштар жалпы адамзаттын алдына жаратылышка аяр мамиледе болуп, аны коргоо маселелерин, ошондой эле биосфераны коргоо, өзгөчө адамдын өзүнө улам начарлап бара жаткан айлана-чөйрөнүн булгануусунан адамзатты коргоо маселелерин коюп жатат. Азыркы замандын ар бир адамы биологиялык жактан сабаттуу болушу жана айлана-чөйрөдөгү терс өзгөрүүлөр кандай кайталангыс кесепеттерге алып келерин түшүнүүсү тийиш.

Жалпы биологияда биринчи жолу жердеги жашоонун белгилери жана структуралык түзүлүшү, эволюциялык окуу, цитология, гөнетика, селекция, экология, жашоонун түзүлүшүнүн биосфералык деңгээли ж. б. камтылган.

Эгер биологияны келечекте кесип катары тандап алсаңар, анда "жалпы биология" илимин биринчиден болуп жакшылап окуп, изилдеп терең түшүнүү зарыл.

Жайгаштыруу: 2017-11-04, Көрүүлөр: 2912, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-11-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу