Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жамансариев Асанбай

Баш барак | Биографиялар | Жамансариев Асанбай

(1904, Каракол уезди, Түп-Күрмөнтү болушу, Теңизбай айылы (азыркы Ак-Суу району, Тепке айыды) -1938, Бишкек ш.] - партиялык жана мамлекеттик ишмер. 1915-жылы Кызыл-Суу (Жети-Өгүз району) орусжергиликтүү мектебин бүтүргөн. 11 жашынан Караколдогу орус, татар, дуңган көпөстөрүнүн кушканасында, тегирменинде, тери заводунда жумушчу болуп иштеген. 1921-жылы Алматыдагы батрачкомдордун 6 айлык курсун бүтүрүп, Кыргыз-казак агартуу институтунан 1923-жылга чейин окуган. 1923-жылы Ташкендеги Орто Азия Комуниверситетине (САКУ) которулуп, аны 1926-жылы бүтүргөн. Ошол жылы Нарын кантондук комсомол комитетине катчы (1927-жылы келте менен ооруп айлына келген) болуп иштеген. 1927-жылы большевиктер партиясынын катарына өткөн.

1928-жылдан Каракол кантондук аткаруу комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, төрагасынын орун басары, 1930-жылдан Талас кантонунун Рыков (азыркы Кара-Буура) райкомунун 1-катчысы, 1933-жылы 27-апрелде республиканын Эл комиссарлар Советинин иш башкаруучусу болуп дайындалган. 1934-жылы февралдан СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин алдындагы Кыргыз Республиканын туруктуу элчиси (Москва). Ошол кызматта турганда 1939-жылы Москвада өткөрүлө турган Кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасына Даярдануу ишине чоң эмгек сиңирген. Профессионал кыргыз маданият ишмерлерин даярдоого кыйла салым кошкон. 1937-жылы май айында Кыргыз АССР искусство комитетинин төрагалыгына дайындалган. 1930—37-жылдары Кыргыз АССР Аткаруу Комитетинин мүчөсү. 1937-жылы 20-октябрда «эл душманы» деген жалган жалаа менен камалып, 1938-жылы атылган. 1956-жылы толук акталган.

Сөөгү 1991-жылы «Ата-Бейит» көрүстөнүнө кайра коюлган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 795, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу