Жамбы атмай кыйык атуу

Жамбы атмай, кыйык атуу - Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири.

Ар түрдүү формада жана ар кандай салмакта уютулган, илгерки заманда акча ордуна жүргөн күмүш - жамбы деп аталган.

Аш-тойлордо жамбыны бийик жерге илип коюп, көзгө атар мергендерди сынашкан.

Жамбы мурда жылкынын куйрук кьшына байланып илинген. Жамбы атуучулар ошол кылды үзө атып, жамбыны түшүрүшкөн.

Жамбыны мурда жаа менен атса, кийин мылтык менен атууга өтүшкөн. Мылтыктын калибрин, бытыранын номерин, катышуучулардын санын ж. б. шарттарды мелдешти өткөргөндөр аныктаган.

Аянт айылдан четте кеминде 500x500 м өлчөмүндө болуп, 16 жаштан өткөн оюнчулар бытыра мылтык жана ээр токумдуу ат менен катышкан.

Учуна 3-4 м туура жыгач бекитилген 10-15 м узундуктагы шыргый тикесинен ор - нотулуп, ага кыйыкка байланган бута («жамбы») илинген. Ал 25x30 см чоӊдуктагы кагаз же фанерадан кара боёк менен боёлуп, куш түспөлүндө жасалган. Мелдеш башталганда кезектеги оюнчу мылтыгын октоп, чаап бара жатып бутага 70-75 м калганда аткан. Башка туру боюнча бута 7-8 м бийиктикте Г тамгасына окшош устунга илинип, ок 25-30 метрден атылган.

Бардык чыгууларда эң көп упай алган жаат же аткыч мелдештин жеңүүчүсү деп табылган.

Оюн 1972-80-ж. спорттун улуттук түрү катары ойнолгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)