Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жамбыл Жабаев (1846-1945)

Баш барак | Биографиялар | Жамбыл Жабаев (1846-1945)
Жамбыл Жабаев (1846-1945)Балдарым, амансыңбы чырактарым,

Буралып өсүп турган курактарың.

Сагынып, дидаарлашпай тура албаймын

Көрбөсөм арасында бир аптанын, - деп, балдарды жанындай жакшы көргөн, балдарга квптөгөн ырларын арнаган акын карыянын ким экенин билесиңерби? Ал казак элдик поэзиянын алпы, аталган акын Жамбыл Жабаев. Жамбыл 1846-жылы туулган.



Ал Октябрь революциясына чейинки эски заманда жана Совет өкмөтү орногондон кийинки жаңы заманда жашап өмүр сүрдү. Эки доордун күбөсү болуп, көргөн-билгендерин, көңүлүнө түйгөндөрүн өмүр бою ырдап өттү. 1945-жылы жүзгө таяп калган курагында Алматы шаарында дүйнөдөн кайтты. Жамбыл кедейчиликте чоңоюп, окуу, жазуу дегенди билбей калды. Бирок бала кезинен ырчы аталып, казактын атактуу акыны Сүйүнбайга келип, өзүнүн ырчылык өнөрүн сындан өткөрөт.



Ошондон баштап Жамбыл акындык жолго биротоло түшөт. Ал жаш кезинде атактуу акындар менен айтыштарда карапайым калктын атынан ырдап, элдин ой-пикирин, арман-тилегин билдирип, адилеттүүлүктү, адамгерчиликти жактап, эл коргогон баатырларды даңазалаган. Калкка оор жүк болгон падыша заманы Жамбылды абдан жабыркатты. Жетимиш жашка келген акындын алдан, күчтөн тайып калган кези эле.



Улуу Октябрь революциясынын жеңиши бардык эл сыяктуу эле Жамбылга да жаңы турмушту алып келди. Жамбыл домбурасын кайрадан колуна алып, Октябрь революциясын, коммунисттик партияны, анын көсөмү В. И. Ленинди ырга кошту, жаңы турмушту, өзгөргөн элди даңазалап ырдады. Өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 95 жаштагы акын үч миң саптан ашуун ыр жаратты.



Ленинград (Санкт-Петербург) душмандын курчоосунда калган убакта чыгарган Ленинграддык балдарым деген ыры жоокерлердин сезимин козгоп, элди жеңишке үндөгөн патриоттук мыкты чыгарма болду. Жамбылдын көптөгөн ыр-поэмалары дүйнө элдеринин бир катар тилдерине которулган. Анын акындык таланты элге сиңирген эмгеги жогору бааланып, казак акын-жазуучуларынын ичинен биринчи болуп, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордени менен сыйланып, СССР Мамлекеттик сыйлыгын алган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 826, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу