Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жамгырчинов Бегималы (1914-1982)

Баш барак | Биографиялар | Жамгырчинов Бегималы (1914-1982)
Жамгырчинов Бегималы атактуу кыргыз окумуштууларынын бири. Кыргызстан илимдер академиясынын академиги Б. Жамгырчиновдун өмүрү ушул академиянын турмушу менен тыгыз байланыштуу. Бул жерде ал илимий кызматкер, вице-президент, бөлүм башчысы болуп иштеген. Б. Жамгырчинов залкар окумуштуу-тарыхчы.



Кыргыз тарых илимине зор салым кошкон. Кыргызстандын тарыхынын көп маселелери боюнча жүздөн ашык илимий эмгек жазган. Өзгөчө Кыргызстандын Россиянын составына кошулуу маселесин кеңири изилдеген эмгеги үчүн ага 1950-жылы тарых илимдеринин доктору деген наам берилген.



Жамгырчинов илимий-уюштуруучулук ишин педагогдук иш менен тыгыз байланышта жүргүзгөн. Узак жылдар бою жалпы тарых жана СССРдин тарыхы кафедраларын башкарып, отуз эки жыл бою пединституттун, Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуган. Көптөгөн жаш илимий кызматкерлерди тарбиялап чыгарган. Б. Жамгырчинов «Кыргыз ССРинин тарыхы» деген зор эмгектин автору жана редакторлорунун бири.



Ушул эмгеги үчүн ага Кыргыз ССРинин Кыргызстандын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бегималы агай орто мектептин окуучулары үчүн Кыргызстандын Октябрь революциясына чейинки тарыхы жөнүндө окуу китебин да жазган жана анын программасын түзгөн.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 810, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу