Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жан

Баш барак | Адабият | Жан

“Жан” жөнүндө кыргыздар мифтик наристе элестетип, “жан” деген “көк чымын” же “көк түтүн” деген образды жараткан. Жандуу нерселердин элден мурда тулку-бою жаралып, андан кийин ага жан салынат деп түшүнүлгөн.

Мисалы, “Үч дос” деген жомокто, үч дос бир токойдо түнөөгө туура келет да, кезек менен бир демени күзөтчү болуп таң атырмай болот. Алдында үч достун “жыгаччысы” кезекте турат. Ал жөн турбай жыгачтан бир сулуу кыздын тулку боюн жасап тургуза коет. Экинчиси кезекте турганда, ал кийим тиккич экен.



Ал да бекер турбай, өз өнөрүн берки экөөнө көрсөтүү үчүн ал сулууга кийим жасап, демейдеги кыздардай жасап салып уктайт. Тигил үчүнчүсүнө кезек келгенде жанагы экөөнүн өзүнөн ашырмак болуп, “жан” салгыч экен да ал кызга жан салып коюптур. Эртеси үчөө ал кызды талашып калган экен, кана ким алса болот? Жомоктун кыскача баяны, мында “жан” салгыч, жан салуу, жан кирүү деген түшүнүктө жатат. Демек, кыргыздардын түшүнүгүндө “жан денеден бөлөк нерсе, адам өлдү дегени “жаны денеден чыкты” ал денеден чыгаарда “көк түтүн болуп бур этип чыгат” же “көк чымын болуп чыр этип чыгат” деп элестеткен.



Ушундай түшүнүктөн улам кыргыздардын мифтик жомокторунда жети баштуу желмогуздун жети жаны бар экени, кээ бир алптардын (мисалы, “Эр Төштүктө” Чоюн кулак алптын, “Сейтекте Кыястын) жаны өзүндө эмес, кара чымчыктарда болуп, аны аркардын ичине салып сактаганы жөнүндө айтылат. Эгерим баатырлар алардын жанын таап элден мурда өлтүрбөсө өздөрүн жеңүү мүмкүн эмес деп түшүнүлөт. “Жан” жөнүндө дагы мындай миф айтылат: Асмандагы жылдыздардын ар биринде жердеги адамдардын жандары болот. Асмандан бир жылдыз учса жерден бир адамдын жаны чыгат (өлөт) имиш. Мына ушуга окшош “жан” жөнүндө айтылган мифтик баяндар кыргыз эл ооз адабиятында арбын кезигет.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1096, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу