Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаны жылды тосолу

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жаны жылды тосолу
Авторлор
СөзүТ. Кожомбердиев
ОбонуС. Жумалиев

Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.

Жаны бакыт кошулуп,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла барынар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар

Биз да добуш кошолу
Кулку менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги,
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.

Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 6580, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-01-01
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу