Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаныбарлардын өз ара жардамы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жаныбарлардын өз ара жардамы

Жашоо үчүн күрөштө жаныбарлар ортосунда жалаң гана касташуу өкүм сүрбөйт. Алардын көпчүлүгү бири-бирине жакшы жардамдашат. Жээкке жакын аралдарда миллиондогон куштар уялайт. Алар өтө көп топтошкон жерлер канаттуулар базары деп аталат. Анда тири укмуштай ызы-чуу болуп турат. Канаттуулар кээде өз ара урушкан менен жырткыч куштардан биргелешип коргонушат.

Кумурскалар өсүмдүк биттеринен таттуу шире саап алууга үйрөнүшкөн. Эмгекчил кумурскалар өсүмдүк биттерин издеп таап, аларды кайтарат, жумурткаларын коргойт, бир өсүмдүктөн экинчисине - жаңы жайытка көчүрөт. Мындай шериктештикте өсүмдүк бити коргоо жана камкордук менен камсыз болсо, кумурска азык табат. Актиния гүлгө абдан окшош. Ошондой көрүнүшү менен ал балыктарды алдайт. Кичинекей балыктар гүлдүн үлбүрчөгүнө окшош тинтүүрүнө жакын сүзүп келгенде актиния аларды күйгүзүп, мыкчып алат. Бирок актиния өзү өтө жай жылат.

Үңкүрчү рак ага токулуу ат болуп, үстүнө мингизип жүрөт. Ал тургай рак өзүнүн кабыгына - раковинасына отургузуу үчүн ылайыктуу актинияны өзү издеп табат. Актиния болсо, сыйга - сый, сыр аякка - бал дегендей тинтүүрү менен ракты душмандарынан коргоп турат. Япон деңизинде мындай шериктештикте актиниянын ордун кээде бөлөк жандык - былпылдак ээлейт. Былпылдак күйгүзбөйт, бирок аны эч нерсе жебейт: анткени ары катуу, ары даамсыз болот. Ал өз денеси менен ракты жашырып, жоосунан сактап калат.

Рак менен актиниянын, кумурска менен өсүмдүк битинин ортосундагыдай мамиле илимде симбиоз деп аталат. Грек тилинде ал бирге жашоо дегенди билдирет. Өсүмдүктөр арасында да симбиоз болушу мүмкүн. Мисалы, көзгө көрүнбөгөн балырлар менен козу карындар симбиоздор эңилчектерди пайда кылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 601, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо