Жаңарт мөңгүсү

Жаңарт мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшкөн Жаңарт суусунун төрүнөн орун ал - ган. Узундугу 11,3 км, аянты 15,3 чарчы/чакырым. Дээрлик меридиан багытында жатып, аяк бөлүгү гана түндүк-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жогору жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары менен курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгү - нүн башы деңиз деңгээлинен 5160 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Этеги бийикт. 15–20 м келген морена догоосу менен курчалган. Мөңгүдөн Жаңарт суусу башталып, Ак-шыйрак дарыясына оң жактан куят.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)