Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жараткан

Баш барак | Башкалар | Жараткан

Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө ааламды жана анын ичиндеги заттарды жасоочу, жаратуучу «жараткан» деген болот, ал элден мурда ааламды жаратып, андан соң асман, жер, көйкаптагы заттарды жараткан. Ал эми, ааламдын, табияттын инсанаттын керектөөсүнө ылайык «жараткан» топуракты, сууну, токойду, айбанаттар, жан-жаныбарды жаратат.

Алардын ар бирине ырыскы, шыбага бөлүп, түрдүү тоюттарды жасаган деген түшүнүк болгон, Жараткан заттарды, айбанаттарды өз колу менен жасайт деп түшүнүлгөн жана ошолор жөнүндө көркөм наристе элестетилген. Мифтик баянда айтылган.



Алып айтсак, «коёндун жаралышы» деген мифтик баянда, «жараткан» бардык айбандарга мүчө-кача (шыбага) бөлүп жасап болгондо коён келип калат. Ага берүүгө, аны жасоого мүчө-кача калбагандыктан, «жараткан» коёнго кулакты эшектен, эринди төөдөн, тырмакты иттен алып, коёнду курама мүчөлүү кылып жасайт. Ушул сыңары «уйдун бөйрөгү», «айбандарга ырыскы бөлүштүрүү» деген сыяктуу мифтик баяндарда «жараткандын» заттарды, айбанаттарды жасагандыгы жөнүндө көркөм элестетүүлөр айтылат. Кыргыздардын сыйынуучу рух мифтеринде «жараткан» эң эле баштапкы, эң алгачкы сыйынуучу руху болгон.



Ал ааламдагы заттарды жасап, жаратып эле калбай, кадыресе өзү жаратканды калкалайт, колдойт, сактайт деп ишенген. Бардык нерседен улук санап, «жаратканга жалынуу», «жараткандан тилек кылуу», «жаратканым колдо», «жаратканым сакта», «жаратканга тапшырдым» деген касиеттүү сөздөрдү айтып калышкан. Кыргыздар табиятты «жаратылыш» деп атап калышы да «жараткандын» жаратылышы деген түшүнүктөн улам болушу керек.

Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 797, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу