Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жарганат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жарганат

Жарганат - курт-кумурскалар менен азыктануучу жаныбар. Күндүз калдайган канатына оронуп дарактын көңдөйүндө, үйдүн чатырында, караңгы жерлерде башы ылдый салаңдап илинип турат. Караңгы киргенде курт-кумурскага уулап чыгат. Канатын тез-тез сермеп, түнкү асманда дабышсыз чабыттайт. Бул мезгилде көпчүлүк куштар уйкуда болот. Зыяндуу курт-кумурскалардын көбү дал ушул түнүчүндө учуп чыгат.

Ошондуктан жарганаттын жумушу өзгөчө маанилүү. Жарганат караңгыда олжосун кантип көрөт? Бир жолу окумуштуулар мындай тажрыйба жасашты: жарганаттардын көзүн желимдеп, бөлмөгө коё беришти. Бөлмөгө коңгуроолорду жипке байлап, бири-бирине жакын илип коюшту. Жарганаттар бөлмөдө учуп жүрүштү, бирок бир да коңгуроо шыңгыр этип үн чыгарбады, бир да жарганат коңгуроо илинген жипке урунган жок. Демек, кеп көздө эмес. Корсө, жарганат учуп жүргөндө ультраүн чыгарат экен. Эгер алдыдан кандайдыр бир тоскоолдук же курт-кумурска кездешсе, үн толкундары ага тийип кайра артка чагылат. Бул чагылган толкундарды жарганаттын атайын органы кабылдайт да, ал кыймылсыз тоскоолду айланып учат же курт-кумурсканын артынан сая түшөт.

Азыркы кемелерде ушундай ыкмада иштөөчү приборлор бар. Ал айсберг же башка коркунучтуу тоскоолдуктар бар экенин билүүгө жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4570, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо