Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаш гвардия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жаш гвардия

Каардуу согуштун экинчи жылы 1942-жыл өтүп жатты. Донбасстагы чакан шаар - Краснодонду гитлерчилер басып алышкан. Алар кожоюндук жүргүзүшүп, бардык жерде өздөрүнүн фашисттик жаңы тартибин орнотушту. Бул тартип боюнча биздин адамдар аларга кул болушмакчы. Бирок совет адамдары фашисттердин кулу болушкан жок. Алар мекенин коргоо үчүн көтөрүлүштү. Краснодондун жаштары (комсомолдору) да четте калышкан жок. Алар да душман менен күрөшүүгө бел байлашты.

Фашисттер басып алышкан Краснодондун комсомолдору - жүзгө жакын уландар жана кыздар баскынчыларга каршы күрөшүү үчүн Жаш гвардия аттуу тымызын күжүрмөн уюмга биригишти. Бул уюмга кирген ар бир комсомол өзүнүн Мекенине ак ниетте болууга, туруктуулукту көрсөтүп, душман менен акырына чейин салгылашууга ант берген. Тымызын иш жүргүзүшкөн жаштар кайраттуулук менен чечкиндүү аракеттеништи. Алар краснодондуктарды фашисттерге каршы күрөшүүгө үндөгөн баракчаларды таркатышып, боштондукка чыгаруучу Советтик Армиянын ийгиликтери жөнүндө айтып берип турушту. Патриоттор душмандын ок-дары жана күйүүчү майлар сакталган складдарын өрттөшүп, туткундагы советтик жоокерлердин качып чыгышын уюштурушкан, чыккынчыларды жазага тартышкан. Улуу Октябрь майрамы күнү Краснодондун эли үйлөрдүн төбөсүндө кызыл желектер желбиреп турганын көрүштү. Бул желектер бардык элге: Жок! Фашисттер советтик адамдарды эч качан майтара алышпайт! Азыр күрөш жүрүп жатат, жеңиш күнү да келет!

- деп жар салгансыйт. Желектердин тагылышы краснодондуктардын күчүнө күч, кайратына кайрат кошуп, алардын душмандан тез бошотулушуна болгон ишенимин бекемдеди. Андан кийин жаш гвардиячылар фашисттер зордук менен Германияга айдап кетмекчи болгон адамдардын тизмеси сакталып турган үйдү өрттөп жиберишти. Ошентип 2 миңге жакын краснодондуктар фашисттик кулдукка айдалуудан куткарылган. Шаардын жашыруун партиялык уюму жана Жаш гвардия Краснодондогу фашисттерди талкалап, Советтик Армияны тосуп алуу максатында куралдуу көтөрүлүштү даярдашат. Бирок арасынан чыккынчы чыгып, тымызын иштегендерди душманга айтып коёт. Фашисттердин колуна түшкөн эр жүрөк комсомолдор өтө катаал кыйноолорго туруштук беришкен.

Алардын бири да желдеттерден ырайым сурап, бир ооз сөз чыгарган жок. Бири да Мекенге берген антынан танган жок. Жаш гвардиячылар өздөрүнүн эң акыркы сапарына - өлүм жазасына бара жатышканда да баштарын жерге салбай тике карап, Оор азапка түшкөндө деген ырды ырдап барышкан. Жаш гвардия штабынын мүчөлөрүнө: Олег Кошевой, Ульяна Громова, Иван Земнухов, Сергей Тюленин жана Любовь Шевцовага Советтер Союзунун Баатыры деген наам алар курман болгондон кийин берилген. Жаш гвардиячылардын каарман эрдиктери жөнүндө Александр Фадеев Жаш гвардия романын жазган. Ушул эле ат менен кинофильм да тартылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1130, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо