Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаз (ыр)

Баш барак | Адабият | Жаз (ыр)

Жер гүлдөдү жайнады,
Ак кепинден кутулуп.
Оргуп, мөңкүп, кутуруп,
Суу каптады сай-сайды.

Келгин куштар күү менен,
Жаз саламды сайрашты.
Түркүн сонун үн менен,
Сызгырылтып айдашты.

Чымын-чиркей чээндеги,
Угуп чыкты ызылдап.
Баарында жаз эмгеги,
Ишке кирди быжылдап.

Арык-торук кылтылдап,
Араң чыккан кыштагы.
Даң салышып жылтылдап,
Даакы жүнүн таштады.

Жан жаныбар көбөйүп,
Жалпы жайык төлдөдү.
Элдин пейли кеңейип,
Айран, жуурат көбөйдү.

Баарына да дем кирген,
Баары майрам, баары мас
Жалпысына жан берген,
Жаркыраган сулуу жаз!..
(Касым Тыныстанов)

Жайгаштыруу: 2020-10-05, Көрүүлөр: 15974, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-10-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу