Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жеңил атлетика

Баш барак | Спорт | Жеңил атлетика

Жеңил атлетика — өзүнө чуркоо, басуу, секирүүлөр жана ыргытууларды камтыган спорттун олимпиадалык түрү. Кийинкидей дисциплиналарды бириктирет: чуркоо түрлөрү, спорттук жөө басуу, техникалык түрлөр (секирүү жана ыргытуу), бир нече көнүгүүлөрдү камтыган спорт машыгуулары (многоборье), жарыштар (шосседе чуркоо) жана кросстор (өйдө-ылдый, уңкул-чуңкул аймактардан чуркоо). Жеңил атлетика спорттун негизги жана кеңири таралган түрлөрүнүн бири.

Мазмуну
Жеңил атлетика
Дисциплиналар
чуркоонун түрлөрү, жөө басуу, техникалык түрлөр (секирүү жана ыргытуу), бир нече дисциплиналарды камтыган мелдештер (многоборье), жарыштар жана кросстор
Биринчи мелдештер
Олимпиадалык оюндар1896
Дүйнө чемпионаты1983
Эл аралык федерация
АталышыIAAF
Негиздөө жылы1912
Веб-сайтwww.worldathletics.org

Жалпы маалымат

Женил атлетиканы спорт канышасы деп да аташат. Чуркоо, секирүү жана ыргытуу мелдештери Байыркы Египет менен Ассирияда эле өткөрүлүүчү. Буга археологиялык казуулар күбө. Олимпиялык оюндардын даңктуу тарыхы мындан 28-кылым мурда чуркоо мелдешинен башталган. Жеңил атлетика - спорттун эң кеңири тараган түрү. Балдар бири-бирин кубалап ойношот, мектепте дене тарбия сабагында жарышып чуркашат, өз курдаштарынан озуп чыкса ар кимиси чоң кубанычка батат.

Ал эми спортсмен - женил атлеттер мелдештерде биринчиликти жеңүү үчүн даярданып, узак убакыт бою чыдамкайлык менен машыгышат. Алардын айрымдары чукул аралыкка (60 мден 400 мге чейин), экинчилери орто аралыкка (800-1500 м), ал эми үчүнчүлөрү алыс аралыкка (3000 м жана андан да алыс) чуркоого көнүгүшөт.

Тегиз жерде (тоскоолдуктарсыз) жүгүрүү жана тоскоолдуктар аркылуу жүгүрүү мелдештери стадиондун чуркоо жолчолорунда өткөрүлөт. Кросс - өңгүл-дөңгүл жерде жүгүрүү - парктарда же токойдо, ал эми 42 чакырым 195 мге созулуучу марафон жарышы таш (шоссе) жолдордо өткөрүлөт.

Женил атлетика - азыркы кездеги Олимпиялык оюндарда мелдештердин негизги түрү. Силер мүмкүн көлчүк, жарча, арык, бадал жана дубалдан далай жолу секирип өткөн чыгарсыңар. Дене тарбия сабагында да балдарды узундукка жана бийиктикке секиртип үйрөтүшөт. Ушундай эле көнүгүүлөр жеңил атлетика мелдештеринин программасына киргизилет.

Программада булардан башка: үч мертебе секирүү (жерден үч ирет серпилип, узундукка секирүү), шыргый менен секирүү (анын жардамы менен спортсмендер эки кабат үйдүн бийиктигиндей бийиктикке көтөрүлө алат) сыяктуу көнүгүүлөр болот.

Силерге ыргытуу да тааныш, анткени балдар көп учурда ташты же топту ким алыс ыргытат деп мелдеше кетишет. Ал эми женил атлеттер диск, балка (зым аркылуу туткага байланган шар), найза ыргытышат жана ядро (металл шар) түртүшөт. Чуркоо адамдын кыймылдоо ылдамдыгын арттырат, чыдамкайлыкка тарбиялайт, секирүү ылдамдык менен шамдагайлыкты, ыргытуу эпчилдикти, күчтү арттырат. Ал эми бул сапаттардын бардыгына тең ээ болгусу келгендер жайы-кышы спорттун көп түрү боюнча машыгат.

Башкаруучу орган — Эл аралык жеңил атлетика федерацияларынын ассоциациясы (англисче - International Amateur Athletic Federation, IAAF), 1912-жылы түзүлүп өзүнө 212 улуттук федерацияларды бириктирет (2011). IAAF «жеңил атлетика» терминине төмөнкүдөй аныктама берет: «стадиондогу мелдештер, шосседе чуркоо, спорттук жөө басуу, кросс жана тоодо чуркоо (тоо чуркоосу)».

Тарыхы

Жеңил атлетикалык машыгуулар физикалык даярдык, ошондой эле мелдештерди өткөрүү үчүн байыркы заманда эле өткөрүлүп турган. Бирок жеңил атлетиканын тарыхы Байыркы Грециядагы Олимп оюдарындагы чуркоо мелдешинен башталган (б.з.ч. 776-жыл).

Заманбап жеңил атлетика ар кайсы өлкөлөрдө чуркоо, секирүү жана ыргытуулар боюнча мелдеш өткөрүү аракеттеринен башталган. 1789-жылы шыргый менен секирүү (1 м 83 см, Д. Бауш, Германия), 1792-жылы бир миляга чуркоо (5.52,0, Ф. Поуэлл, Улуу Британия) жана 1830-жылы 440 ярдка чуркоо (2.06,0, О. Вуд, Улуу Британия), 1827-жылы бийиктикке секирүү (1 м 57,5 см, А. Уилсон, Улуу Британия), 1838-жылы барсканды ыргытуу (19 м 71 см, Район, Ирландия), 1839-жылы ядрону ыргытуу (8 м 61 см, Т. Каррадис, Канада) жана башка мелдештердин өтүшү менен натыйжалар жазылган.

Жеңил атлетиканын тарыхынын башталышы 1837-жылкы Регби шаарындагы (Улуу Британия) колледждин катышуучуларынын 2 чакырымдык аралыкка чуркоо мелдеши саналат, ошондон кийин мелдештер Улуу Британиянын башка билим берүү мекемелеринде өтө баштаган.

Кийинчерээк мелдештердин программасына кыска аралыкка чуркоо, тоскоолдуктар менен чуркоо, оор нерселерди ыргытууларды киргизе башташкан, ал эми 1851-жылы жүгүрүп барып узундукка жана бийиктикке секирүүлөр кирген. 1864-жылы Оксфорд жана Кембридж университеттеринин ортосунда биринчи мелдеш өтүп, жылда өтүүчү иш-чарага айланып, салттуу эки тараптуу матчтарга башат болот.

1865-жылы жеңил атлетиканы популярлаштырган Лондон атлетикалык клубу уюшулуп, мелдештерди өткөрүп, сүйүүчүлөр статусун кармоого көзөмөл кылган. Жеңил атлетикалык спорттун жогорку органы — атлетика сүйүүчүлөр ассоциациясы, ал Британия империясынын бардык жеңил атлетика уюмдарын бириктирген. 1880-жылы уюшулган.

Улуу Британиядан кечирээк АКШда дагы жеңил атлетика өнүгүп (Нью-Йорктогу атлетикалык клуб 1868-жылы, студенттик спорттук биримдик 1875-жылы уюшулган), университеттер арасында кеңири жайылат. Бул кийинки жылдарда (1952-жылга чейин) америкалык жеңил атлетчилердин дүйнөдөгү жетектөөчү абалын камсыз кылган. 1880-1890-жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жеңил атлетчилердин сүйүүчүлөр ассоциациялары уюшулуп, өзүнчө клубтарга, лигаларга биригип, жеңил атлетика боюнча жогорку уюмдардын укуктарын алышкан.

Заманбап жеңил атлетиканын кеңири өнүгүшү Олимп оюндарынын жандануусуна (1896) байланыштуу, анда байыркы гректердин Олимпиадасына таазим кылып, жеңил атлетикага маанилүү орунду беришкен. Бүгүнкү күндө Олимп оюндары — бүткүл дүйнөдө жеңил атлетиканы өнүктүрүүнүн күчтүү демилгеси десек болот.

Уюм

Башында айтып өткөндөй жеңил атлетиканын жетектөөчү уюму Эл аралык жеңил атлетика федерацияларынын ассоциациясы (IAAF) саналат, ал мелдештердин өтүүсүн жана жеңил атлетиканын спорттун түрү катары өнүгүүсүн жөнгө салып турат. IAAF эл аралык мелдештердин өтүү эрежелерин аныктап, алдыңкы дүйнөлүк жеңил атлетчи спортчулардын рейтингин алып барат. IAAFтын колдоосу менен өткөрүлүүчү башкы башаттар - Олимп оюндарынын программасы боюнча жеңил атлетика мелдештери, ошондой эле ачык жана жабык стадиондордо өтүүчү дүйнө чемпионаттары.

Ири аймактык уюмдар:

Мелдештер

Коммерциялык жана коммерциялык эмес мелдештердин айырмачылыгы атлеттерди тандоонун мамилесинен жана эрежелерди түрдүү түшүндүрүүдөн турат. Коммерциялык башатта:

Мунун баары спорт мелдешинин көрүмдүүлүгүн жана динамикалуулугун жогорулатуу максатында жасалат.

Коммерциялык эмес мелдештер

Коммерциялык мелдештер

Мелдештерди өткөрүү формасы жана календарь

Мелдештер, даярдануу, машыгуулар ачык асман астында жана жабык имаратта өткөрүлө алат. Ушуга байланыштуу жеңил атлетиканын популярдуу болгон жеринде — Европа жана АКШда эки (мезгили) маалы айырмаланат. Мелдештер:

Спорттук жөө басуу жана шосседе чуркоо (кросс) мелдештери өзүнүн календарына ээ. Кыйла престиждүү марафондук жарыштар жазында жана күзүндө өткөзүлөт.

Ачык стадион

Көп учурда жеңил атлетикалык стадион футбол стадиону жана талаа менен айкалыштырылган болот (АКШда америкалык футбол же лакросс). Стандарттык түрдө 400 метрлик овалдуу тегеренме жарыш жолун камтып, ал 8 же 9 өзүнчө жолчолордон, ошондой эле секирүү жана ыргытуу мелдештери үчүн секторлордон турат. 3000 метрге чуркоочу тоскоолдуктуу жол өзгөчө белгилерге ээ болуп, суу тоскоолдугу атайын бурулушка чыгарылган.

Стадиондордогу аралыктарды метр (5 000 метрге чуркоо) менен, ал эми ачык аймактардагы аралыкты чакырым (5 чакырымдык кросс) менен эсептешет. Стадиондордогу жолчолор бардык чуркоо дисциплиналарынын башталышын белгилеген атайын белгиге, ошондой эле эстафеталарды берүү үчүн коридорлорго ээ.

Кээде ыргытуу мелдештерин (негизинен барскан жана найза ыргытуу) өзүнчө программага бөлүп же такыр стадиондон тышкары чыгарып коюшат, анткени кокус тескери ыргытылган снаряд башка катышуучуларга же көрөрмандага тийип кетиши мүмкүн.

Жабык стадион (манеж)

Стандарттык түрдө 200 метрлик овалдуу жолду камтып, өзүнчө 60-метрлик чуркоого арналган 4-6 жолчолорго жана секирүү түрлөрү үчүн секторлорго ээ. Жабык имаратта өтүүчү кышкы мезгилдин программасына кирген ыргытуунун жалгыз түрү — бул ядрону түртүү, жана шартка ылайык ага атайын сектор каралган эмес болуп, башка секторлордо уюштурулат. Официалдуу түрдө IAAFтын мелдештери 200 метрлик гана жолдордо өткөрүлөт, бирок стандарттуу эмес жолдорго ээ болгон стадиондор дагы бар (300, 140 метр ж. б.).

Манеждеги жолдордун бурулуштарында спорчулардын чуркоосун жеңилдетүү максатында атайын эңкейиштер (негизинен 18° чейин) жасалат.

2006-жылдын баштап 200 метрлик дистанция дүйнө жана Европа чемпионатынан алынып салынган, анткени четки жолдо чуркаган спортчу эң ыңгайлуу шарттарда болгон. Ошентсе да, 200 метрге чуркоо кээ бир мелдештерде бүгүнкү күнгө чейин өтөт.

Эрежелер

Жеңил атлетикада жеңүүчү катары эрежелер рамкасындагы финалдык чуркоодо же техникалык дисциплиналардын финалдык аракеттеринде мыкты жыйынтыкты көрсөткөн атлет же тайпа эсептелинет.

Жеңил атлетиканын чуркоо түрүндөгү биринчилик (стадиондун жолчосунда) бир нече баскычта өтөт: Квалификация, финалдын ¼, финалдын ½. Тандоонун натыйжасында финалда ойноочу спортсмендер (тайпалар) аныкталат. Катышуучулардын саны мелдештин регламенти менен аныкталат. Мисалы, Олимп оюндарында программанын ар бир номеринде өлкө минималдуу бир жана максималдуу үч катышуучу менен көрсөтүлүшү мүмкүн (алдын-ала нормативдерди аткаруу шартында). Эстафеталык чуркоодо өлкөнү бир тайпа көрсөтөт. Кроссто, шооседе чуркоо, жөө басууда жана ар тараптык оюндарда (многоборье) финалдар гана бар.

Дисциплиналар

Жеңил атлетика спорттун эң эле консервативдик түрүнө таандык. Мисалы, эркектер арасындагы дисциплиналардын программасы Олимп оюндарынын программасында (24 түр) 1956-жылдан бери өзгөрө элек. Аялдар арасындагыларга 23 түр таандык. Жалгыз айырмачылык бул 50 чакырымга жөө басуу, ал аялдардын тизмесинде жок. Ошентип, жеңил атлетика спорттук олимп оюндарынын арасында медалдар көп берилүүчү түрү.

Имарат ичинде өтүүчү чемпионат 26 түрдөн (13 эркектер жана 13 аялдар арасында) турат. Официалдуу (коммерциялык эмес) мелдештерде эркектер жана аялдар биргелешкен стартта катышпайт.

Жеңил атлетика дисциплиналары жана алардын Олимп оюндарынын, дүйнө чемпионаттарынын программасына кошуу жылдары
Программадагы дисциплина Олимп оюндары Жайкы дүйнө чемпионаты Имарат ичиндеги дүйнө чемпионаты
Эркектер Аялдар Эркектер Аялдар Эркектер Аялдар
Чуркоо
100 м 1896 1928 1983 1983
200 м 1900 1948 1983 1983 1985 1985
400 м 1896 1964 1983 1983 1985 1985
800 м 1896 1928 1983 1983 1985 1985
1500 м 1896 1972 1983 1983 1985 1985
5000 м 1912 1988 1983 1995
10000 м 1912 1984 1983 1987
Марафон 1896 1984 1983 1983
110 м/тосмолор менен 1896 1983
100 м/тосмолор менен 1932 1983
400 м/тосмолор менен 1900 1984 1983 1983
3000 м/тоскоолдуктар менен 1920 2008 1983 2007
Эстафета 4 х 100 м 1912 1928 1983 1983
Эстафета 4 х 400 м 1912 1972 1983 1983 1991 1991
Техникалык
Узундукка секирүү 1896 1948 1983 1983 1985 1985
Үй иреттик секирүү 1896 1996 1983 1993 1985 1991
Бийиктикке секирүү 1896 1928 1983 1983 1985 1985
Таяк менен секирүү 1896 1996 1983 1999 1985 1997
Найза ыргытуу 1908 1932 1983 1983
Диск ыргытуу 1896 1928 1983 1983
Барсканды ыргытуу 1900 2000 1983 1999
Ядрону түртүү 1896 1932 1983 1983 1985 1985
Спорттук жөө басуу
20 чакырым 1956 2000 1983 2000
50 чакырым 1932 1980
Бир нече машыгууларды камтыган спорт мелдеши (многоборье)
Жеңил атлетиканын он түрүн камтыган спорт мелдеши (десятиборье) 1912 1983
Жеңил атлетиканын жети түрүн камтыган спорт мелдеши (семиборье) 1984 1983
Олимпиадалык эмес
60 м 1985 1985
60 м/тосмолор менен 1985 1985
3000 м 1984 1980 1985 1985
Жеңил атлетиканын жети түрүн камтыган спорт мелдеши (семиборье) 1993
Жеңил атлетиканын беш түрүн камтыган спорт мелдеши (пятиборье) 1908 1964 1993

Рекорддор

IAAFтын мелдештеринде дүйнө рекорддору жана жогорку дүйнө жетишкендиктери да катталат. Айырмачылыктар «IAAFтын мелдештер эрежелеринде» чагылдырылган.

Өнүгүү

Жеңил атлетика спорттун белгилүүлөрүнүн катарына кирет, анткени, кымбат шарттарды талап кылбайт. Ушуну менен анын кеңири таралгандыгы шартталат, анын ичинде Азиянын, Африканын жана Латын Американын экономикалык жактан начар өнүккөн өлкөлөрү да кирет. 1983-2007-жылдардагы дүйнө чемпионаттар тарыхында 83 өлкөнүн спортсмендери медалдарга ээ болушкан.

Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты деңгээлинде жалпы тайпалык зачётто акыркы 20 жылда кийинкидей өлкөлөр биринчиликти ээлеп келүүдө: АКШ, Россия, Германия, Кения. Жалпы өнүгүү деңгээли боюнча өзүнүн өнүккөн сүйүүчүлөр системалары, студенттик жана профессионалдык спорту менен АКШ белгилүү.

Допинг

Жеңил атлетикада натыйжаларды жасалма түрдө жакшыртуу үчүн химиялык каражаттарды жана физиологиялык стимулдаштыруу ыкмаларын колдонуу профессионалдык спорт пайда болгондон бери эле болуп келген. Стимулдаштыруучу каражаттарды колдонуунун биринчи учурлары антикалык дүйнө мезгилине тиешелүү. Бирок, 21-кылымда оор атлетика, велоспорт, сууда сүзүү менен бирге — жеңил атлетика дагы допинг көйгөйүнө көп чалдыгууда.

1980-жылдарга чейин допинг колдонуу учурлары саналуу гана болуп, толук тастыктоого ээ болбой, коомчулуктун көңүлүн бурчу эмес. 1980-жылдардан баштап IAAF спортсмендердин допинг колдонууга жана сакнцияларга болгон мамилесин түп тамырынан өзгөртүүнү чечет. Антидопингтик текшерүүлөр мурда эле болгон бирок, катышуучуларды текшерүү процедурасы, атлеттерге алдын ала даярданып алууга мүмкүндүк берген. 1984-жылы орус спортчусу Татьяна Казанкина Париждеги мелдештер учурунда допинг текшерүүгө чакырылып, андан баш тарткан соң дисквалификацияланган.

Канадалык спринтер Бен Джонсон 1988-жылы Сеул Олимпиадасындагы финалда 100 метрлик чуркоодо жеңүүчү болуп чыккан. Эртеси Джонсондун организминен станозолол препараты табылганына байланыштуу дисквалификацияланган. Андан кийин чатактар биринин артынан бири ээрчий баштайт: Катрин Краббе (Германия, 1991-жылдын дүйнө чемпиону, спринт, кленбутерол табылган), Ренди Барнс (АКШ, 1996-жылкы олимп чемпиону, ядрону түртүү), Людмила Энквист-Нарожиленко (СССР/Россия, 100 метр тосмолор менен, олимп чемпиону) жана башкалар. 1984-жылдан тарта жеңил атлетчилер жактан допинг-инциденти болбогон бир дагы Олимпиада болгон эмес.

Германия бириккенден кийин жеңил атлетиканын лидери ГДР (Германия Демократиялык Республикасы) мамлекетине допинг менен кармалган же өзүлөрү моюнга алган атлеттер жана тренерлер көп болгон. Рут Фукс, Хайке Дрекслер, Илона Слупянек допинг колдонгондордун тизмесин өз эрки менен моюндарына алышып тизмени толукташкан. Хайди (Андреас) Кригер (ядрону түртүү боюнча 1986-жылкы Европанын чемпиону) спорттун тазалыгы үчүн күрөшүүнүн символдорунун бири болгон. Ал 1997-жылы жынысын коррекциялоо операциясынан өткөн, анткени, тыюуу салынган препараттарды колдонуунун айынан жыныстык белгилеринин өзгөрүүсүнө алып келген.

Жеңил атлетика боюнча дүйнө рекорддорунун көпчүлүгү мыйзамдуу күмөндөрдү санатат, бирок атлеттерди кармап албаган соң эч нерсе кылуу мүмкүн эмес. Аялдар арасындагы жеңил атлетика өзгөчө көңүл бурууга ээ. Буларга 400 метрлик чуркоодогу Марита Кохтун (ГДР), 100 жана 200 метрлик чуркоодогу Флоренс Гриффит-Джойнердин, 3000 жана 10 000 метрлик дүйнө рекорддору кирет. Анткени, заманбап спортчулардын 1980-жылкы натыйжаларга да жакындай албагандыгы чоң көйгөй болууда. Жеңил атлетикада оор атлетика тажрыйбасы колдонулбайт, алар жаңы салмак категорияларын киргизип, ошону менен муруңку дүйнөлүк рекорддорду жокко чыгарган. Бирок, бир катар адистер жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк рекорддордун таблицасын кайрадан жазууну сунуш кылышууда.

Мунун баары жеңил атлетика боюнча коомдук пикирге терс таасирин тийгизүүдө. Катардагы күйөрмандардын көз карашы боюнча, спорт тыюу салынган дары менен спортчу кармалардан мурун кумар оюнунун бир түрүнө айланууда. Атлеттерди титулдарынан постфактум (бир нерсе жасалгандан кийин) ажыратуу кырдаалдары өзгөчө көңүл калтырат, буга Марион Джонстун мисалында жакшы түшүнүүгө болот.

IAAF спорттун тазалыгы үчүн күрөшүү — бул жеңил атлечилерди уюштуруунун биринчи тапшырмасы деп дайыма баса белгилеп, айтып келет. IAAFтын муруңку президенти Ламин Диак америкалык машыктыруучу Тревор Грехемдин ишин төмөнкүдөй пикирлеген:

«Өзүнүн окуучуларынын допинг препараттарын колдонууга демилгелеген машыктыруучу, фундаменталдык негиздерге каршы чыкандыгын билдирет. Машыктыруучунун милдети — мелдештердин адилеттүү шарттарын (fair-play) жана таза машыгуу процессин кепилдөө. Өмүрүнүн акырына чейин машыктыруучулук иштен четтетүү — спорттун аброюн жана өзүнүн окуучуларынын ден соолугун тобокелге салгандарга жакшы сабак».

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 22825, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-04-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу