Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жеңиш

Баш барак | Башкалар | Жеңиш
Жеңиш, Жеңиш!
Жер дүңгүрөп чыгат үн.
Жеңиш, Жеңиш!
Төрт жыл бою күткөн күн.
Акыйкаттын туусу шаңга бөлөнүп,
Фашизмдин ичер суусу бүткөн күн.

Жеңиш, Жеңиш!
Эл кубанды ыйлаган,
Жер кубанды шаарлары кыйраган,
Күн да көктөп мээрим төгүп сыйлаган.

Мылтык үнү – салюту эле жоокердин,
Мылтык үнү – салюту эле жеңгендин.
Мылтык үнү тынчтык күнгө чакырган,
Көптөн күткөн тилеги эле элдердин.
(Т. Байзаков)
Жайгаштыруу: 2017-05-03, Көрүүлөр: 945, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-05-03, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу