Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жер

Жер - Күн системасындагы планеталардын бири. Ал Күндөн 149,6 миллион чакырым аралыкта, дээрлик айлана (эллипс) боюнча күндү айланып жүрөт. Жер күндү толук бир жолу айланып чыккан мөөнөт жыл деп аталат.

Жер өз огунун айланасында толук бир жолу айланганга кеткен убакыт сутка деп аталат. Бир жылда болжол менен 365 сутка болот. Жер шарынын туурасы 12756 чакырымга барабар, ал эми жердин экваторунун узундугу 40000 чакырым жакын. Жер шары уюлдарында азыраак жалпайып турат.

Орбиталдык мүнөздөмөлөр
Доор: J2000.0
Перигелий147 098 290 чакырым, 0,98329134 а.б. (астрономиялык бирдик)
Афелий152 098 232 чакырым, 1,01671388 а.б.
Чоң жарым ок (a)149 598 261 чакырым, 1,00000261 а.б.
Орбита эксцентриситети (e)0,01671123
Кайрылуунун сидерикалык мезгили365,256363004 күн - 365 сутка 6саат 9мүн 10сек
Орбиталдык ылдамдык (v)29,783 чакырым/cек же 107 218 чакырым/саатына
Орточо аномалия (Mo)357,51716°
Жантаюуу (i)7,155° (күн экваторуна салыштырмалуу), 1,57869° (инварианттык тегиздикке салыштырмалуу)
Чыгуучу түйүндүн узундугу (Ω)348,73936°
Перицентр аргументи (ω)114,20783°
Кайсынын жандоочусуКүндүн
ЖондоочуларыАй жана 8300 ашык жасалма жандоочулар

Физикалык мүнөздөмөлөр
Уюлдук кысылуу0,0033528
Экваториалдык радиус6378,1 чакырым
Уюлдук радиус6356,8 чакырым
Орточо радиус6371,0 чакырым
Чоң тегеректин айланасы40 075,017 чак (экватор боюнча)
40 007,863 чак (меридиан боюнча)
Үстүңкү беттин аянты(S)510 072 000 чарчы/чак. 148 940 000 чарчы/чак кургактык (29,2%) 361 132 000 чарчы/чак суу (70,8%)
Көлөмү (V)10,8321⋅1011куб/чакырым
Масса (m)5,9726⋅1024 кг (3⋅10-6 M)
Орточо тыгыздык (ρ)5,5153 г/см3
Экватордогу эркин түшүүнүн ылдамдашы(g)9,780327 м/с2 (0,99732 g)
Биринчи космотук ылдамдык (v1)7,91 чакырым/сек
Экинчи космостук ылдамдык(v2)11,186 чакырым/сек
Экваториалдык айлануу ылдамдыгы1674,4 чак/саат (465,1 м/с)
Айлануу мезгили (T)0,99726968 сутка (23с 56м 4,100с) - сидерикалык айлануу мезгили, 24 саат - орточо күн суткаларынын узактыгы
Ок жантаюуусу23°26’21″,4119
Альбедо0,306 (Бонд)
0,434 (геометрикалык)

Температура
ТүрүМинималдууОрточоМаксималдуу
Цельсий-89,2°C14°C56,7°C
Кельвин184 K287,2 К329,9 К

Атмосфера курамы
азот (N2)78,08 %
кычкылтек (O2)20,95 %
аргон (Ar)0,93 %
көмүр кычкыл газы (CO2)0,04 %
Суу буусу (климаттан көз каранды)орточо 1 %

Жердин уюлдары деп жердин элестетилген огу өтүүчү чекиттер аталат. Жер огу жер орбитасынын тегиздигине 66 градуска жакын бурч менен жантайып турат. Жер күндү айланганда жер огунун ушундайча жантаюусунун натыйжасында күндүн нуру жерди ар кандай жарык кылат. Ошондуктан жерде жыл мезгилдери алмашып, жаздан кийин жай, андан соң күз менен кыш келет. Жердин үстүңкү катуу катмары жер кыртышы деп аталат. Анын калыңдыгы кургактыкта 30дан 70 чакырымга чейин жетсе, океандардын түбүндө 5-10 чакырым гана болот.

Жер кыртышынын астында 3000 км тереңдикке чейин жердин мантиясы жатат, андан да ары жердин борборуна чейин жердин ядросу бар. Жердин тектери канчалык терең жайгашса, алар ошончолук тыгыз жана ысык болот. Илимпоздор мантия катуу жана абдан ысык деп эсептешет. Ал эми жердин ядросу - балкып эрип турган темир. Жер кыртышы жана үстүнкү мантиясы литосфера - таштуу катмар деп аталат. Ал эми океан, деңиз, көл, дарыялар жана жер астындагы суулар гидросфераны - жердин суу катмарын түзөт. Жердин аба катмары атмосфера деп аталат. Ал негизинен азот (78%) жана кычкылтектен (21%) турат. Жердеги бардык тирүү организмдер (микроорганизм, өсүмдүк, жаныбар жана адамдар) Жердин биосферасын - анын жандуу катмарын түзөт.

Азыркы кездеги биосфера миллиарддаган жылдарга созулган узак өсүп өнүгүү процесси - эволюциянын натыйжасында түзүлгөн. Биосфера адамзаттын турмушунда өтө зор роль ойнойт. Өсүмдүктөр атмосфераны кычкылтек менен каныктырып, жаныбарлар менен бирдикте адамга тамак болот. Адам жаратылыш байлыктарын акыл-эстүүлүк менен пайдаланышы керек. Бул үчүн табиятка кайра калыбына келүүгө, адам алгандардын ордун толтурууга мүмкүндүк берүү керек. Бизди курчап турган чөйрөнү - аба, суу, топуракты булгануудан сактоо зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 15502, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-10-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо