Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Туган жер

Баш барак | Адабият | Туган жер
Кыргыз мифтеринде жер эне же "туган жер" деген түшүнүк «топурак» дегенге барып такалат. Мифтик түшүнүк боюнча, адамзат топурактан жасалган, топуракка кирип жатат, топурактан ырыскы алып жашайт деп түшүнүлгөн. Ошого кыргыздар «жер энени» (топуракты) ыйык деп билет. Адамзат эненин курсагынан жер эненин кучагына түшүп, киндик каны топуракка төгүлөт.

Кыргыздар киндик кан төгүлгөн жерди ыйык көрөт. Төрөлгон конушка мүмкүнчүлүгү болсо дайыма оонап турса, дени таза жүрөт деген түшүнүк менен төрөлгөн конушка оонайт. Узаккы сапарга чыкканда туулган жердин топурагынан чымчып алып өзүнө жоро, касиеттүү колдоочу катары алып жүрөт. Туулган жерди жамандабайт, теппейт. Күнөөсү болсо, кылмыш өткөрсө, «жер сорот» деген түшүнүк болгон. «Карымбайды жер соргон» деген мифтик баянга окшош мифтер айтылып «жер эненин» ыйык образы жаралган.

Жер энеге алкыш:
«Алас, алас, алас!
Айлуу-Күндүү Теңирим!
Сары санаага салбагын,
Саналууга бербегин.
Тартышканга салбагын,
Талашканга бербегин.
Кийимиңе кир жукпасын,
Кирпигиңе чаң тийбесин.
Белесте атың үркпөсүн,
Бешикте балаң коркпосун.
Айылыңда кырсык болбосун,
Аякта чайың соолбосун!
Алтын баштуу Ата Жер,
Эмчек баштуу Эне Жер,
Амандыкты улап тур,
Эсендикти сурап тур!
Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 621, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо