Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жер кыргыч

Жер кыргыч – 1) жер кыртышын катмарлап кесип, тынымсыз иштөөчү жер казуучу машина. Анын тракторго чиркелүүчү жана өзү жүрүүчү түрлөрү болот. Жер кыргыч канал курууда, жер тегиздөөдө, жолго кыр чыгарууда, жолду кардан тазалоодо колдонулат, 2) чуңкур жайлардан кыртыш кырып алуучу курулуш экскаваторунун жумушчу бөлүгүнүн бир түрү. 3) пайдалуу кенди жер алдынан казып алуучу кыргыч курулманын бөлүгү, 4) жалпак түптүү, парус-калактуу, тик борту бар эски жыгач кеме. Узундугу 20–45 м, эни 4–9 м. ХI–ХIХ кылымда Россияда негизинен жүк ташуу үчүн пайдаланылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)