Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жер титирөө

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жер титирөө

Деңизде сүзүү, самолётто учуу кандай жакшы. Ошондой болсо да суу үстүндө же асманда узакка созулган саякаттан кийин кайра жерге түшүүгө эмне жетсин... Бирок кээде жер да калтырап кыймылдап, башкача айтканда жер титирей баштайт. Шыптагы чырак термелип, каалга өзүнөн өзү ачылып, дубалдан жарака кетет. Адамдардын үрөйү учуп, көчөгө чуркап чыгышат. Жер титирөө бир нече секунданын ичинде чоң шаарды урандыга айландырышы мүмкүн. Эң күчтүү жер титирөөдө жерде терең жаракалар пайда болуп, жер көчкү да жүрүшү мүмкүн. Өзөндөрдүн нугу өзгөрүп, шаркыратмалар жана көлдөр пайда болот. 1908-жылы Италиядагы Мессина шаары, 1963-жылы Югославиядагы Скопле деген чоң шаар, 1966-жылы Ташкен, 1988-жылы Армениядагы Спитак шаарлары жер титирөөдөн кыйрашкан. Жер титирөө жер бетинен ондогон, кээде жүздөгөн чакырым тереңдиктеги тоо тектердин жылышынан пайда болот.

Мында жер титирөөнүн чордону түзүлүп, жер кыртышы өзгөчө күчтүү силкинип термелет. Жер титирөөнүн чордонунун дал үстүнө туура келген жер бетиндеги орун эпицентр деп аталат. Тоолуу аймактарда башка жерлерге караганда жер титирөө көбүрөөк болот. Мындай жерлер: Орто Азиядагы тоолор, Карпат, Крым тоолору, Куриль аралдары. Өзгөчө көп жер титирөөчү жер тилкеси Тынч океан жээгин бойлой өтөт. Бир жылда 100 миңден ашык жер титирөө болуп турат. Аны сезгич приборлор аркылуу сейсмографтар гана байкай алат. Термелүүнүн күчү шкала боюнча 1ден 12ге чейинки балл менен өлчөнөт. Илимпоздор жер титирөөнүн күчүнүн жана жыштыгынын ар түрдүүлүгүнө жараша аймактардын картасын түзүшкөн.

Кээде жер титирөөнүн чордону океандын түбүндө болот. Силкинген жерден өтө зор деңиз толкундары - цунами тарайт. Алар самолёттун ылдамдыгындай ылдамдык менен зымырылып, жээкке жеткенде 10 -15 м бийиктикке көтөрүлөт да жакын арадагы жерлерди катуу кыйроолорго дуушарлантат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 823, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо