Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жергиликтүү жер семирткич

Баш барак | Органикалык химия | Жергиликтүү жер семирткич

Жергиликтүү жер семирткич — чарбалардын өзүнөн алынуучу жер семирткич. Көбүнчө органикалык жер семирткичтер — кык, чыла, чым көң, компост, күл жана канаттуулардын кыгы кирет.

Жергиликтүү жер семирткич курамындагы органикалык заттар топурактын физикалык жана химиялык касиетин жакшыртат. Топурактын нымды, азык заттарды сиңиримдүүлүгүн арттырат.

Жергиликтүү жер семирткичтеги органикалык заттар топурактагы пайдалуу микробиологиялык процесстерди активдештирүүдө да чоң роль ойнойт. Жыл сайын Кыргызстанда малдын, канаттуунун кыгынан алынган тонналаган органикалык жер семирткич топтолот.

Жергиликтүү жер семирткич, минерал жер семирткич менен аралаш чачканда эң жакшы натыйжа берет. Ал топурак менен өсүмдүктүн түрүнө жараша колдонулат.

Жайгаштыруу: 2023-11-19, Көрүүлөр: 313, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу