Жетим-бел кырка тоосу

Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун аймагында. Ысык-Көл сыртында. Чоң жана Кичи Нарын сууларынын алаптарын бөлүп, чыгыштан (Ара-Бел суусунун имерилген жеринен) батышты карай (Ай-Көл ашуусуна чейин) созулуп жатат. Узундугу 102 чакырым, туурасы 12 чакырым. орточо бийиктиги 4170 м, эң бийик жери 4627 м (Сөөк чокусу). Тоо кыры бир кылка келип, капталдары тик жана кыска. Негизинен үстүңкү прогерозойдун гранит, гранит-диорит, филлит, кумдук, алевролит жана башкалар тектеринен турат.

Аталган тектер неоген-антропогенде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү (жалпы аянты 84,6 чарчы/чакырым). Тоонун түштүк капталына жарым чөл (3200—3600 м кургак талаа (3300—3900м) альп (3800—4000 м 4000 метрден жогору гляциалдык-нивалдык; түндүк капталына шалбаалуу талаа (3200—3600 м), муздак чөл (3600—3800 м 4000 метрден жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоодогу ашуу аркылуу Ысык-Көл өрөөнүн Сырт менен байланыштыруучу авто жолу өтөт. Жайыт катары пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)