Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жигит пири жана көрөсөн ата жөнүндө

Баш барак | Адабият | Жигит пири жана көрөсөн ата жөнүндө

Жигит пири - Шамерден (Шахимерген) жөнүндө. Кыргыздар жоокерчиликте көп болгон. Шай, Шамерден - бир түшүнүк.

"Шай" - колдоочу дегени. "Жигиттин пири Шахимерген же Шай колдосун" - сымал айтыла берет. Бул - урушта баатырлардын сыйлаган пири.



Динди жалпы элге таратуучулардын жандуулары: Абубакир, Омор, Осмон, Аалы деп айтылат. Албетте, алардын ичинен Аалынын баркы кыргыздарга дейре абдан артылат. Анткени, Мухамбед пайгамбарыбыздын күйөө баласы болуп отурбайбы.Көрөсөн АтаКөрөсөн ата - эмчиликтин, оору-сыркоонун пири, ээси болот имиш. Көрөсөн атанын билбеген оору-сыркоосу жок болот экен. Көрөсөн атанын колу тийип эле кетсе адам, айбан, жаныбарлардын дени тазарат имиш. Көрөсөн ата кийинки доорлордо "Улукман ата" деген аталышта да айтылып калды. Бирок мифтик наристе элестетүүдөгү образда экөөнүн аткарган ролдору, милдети бирдей баяндалат.



Кыргыз мифтеринде "Көрөсөн атанын" сөздөрү анын эмчиликтеги элеси абдан ырааттуу айтылат. Кыргыздардын "эмчилик ырларында" Көрөсөн ата жана анын сөздөрү кенен берилген.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 1688, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо