Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жин

Баш барак | Адабият | Жин

"Жин" - киши жашабаган ээн жерде, талааларда, эски ээн тамдарда, акыр-чикирлүү жерлерде өмүр өткөрүшкөн. Жиндер улоолуу, топ-тобу менен түндөсү сапар тартат имиш. Жиндердин өзүнчө ээлери болот дейт.

Жиндер жашаган жерлерге адамдар жолосо, жин тийип ар кандай илдеттерге чалдыгат имиш. Жин адамдын денесине ооз аркылуу кирет экен.



Ачык турган тамактарга жабышып алат дейт. Оозун ачып, ээн жерде уктаса да жин ооздон адам денесине кирип кетет имиш. Жиндерди бакшылар гана жөнгө сала алат экен. Жин тийген адамдарды бакшылар көргөндө, өздөрүнүн чымындары (жөндөмү) аркылуу жин ээлерин таптырып, тийген жинди байлатып кетет экен. "Жин" жөнүндөгү карапайым түшүнүк жогоркудай болуп, адамдарга чалдыга турган илдетти наристе элестетүү аркылуу жин образын жараткан. Тегинде, жин жок нерсе, көөдөк коомдун адамдары кишилерге чалдыккан оору сыркоолордун себептерин биле албаганда, аны чыныгы түшүндүрүүгө дареметтери жетпегенде, мифтик таанымга салып, наристе элестетүү көркөм адабият ыкмасына салып "жин" образын жаратып түшүндүрүүгө аракеттенип, жин жөнүндө уламыш, жомок курап айтышкан. Жин - чындыкка коошпогон нерсе, биз аны эл оозеки адабиятында наристе элестетилип баяндалат наристе адабият образы деп гана түшүнгөнүбүз жок. Жин жөнүндө айтылган баяндар чындык эмес, биз аны адабияттык наристе чыгармалар деп түшүнсөк оң болот.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 656, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо