Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Живопись

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Живопись

Илимпоздор мындан эки миң жыл мурун Египетте жашаган кишилердин сүрөттөрүн табышкан. Байыркы живописчи аларды жыгач тактага ачык боёктор менен эң сонун тарткан. Кара чач, кара тору адамдар жайнаган көздөрү менен жандуудай карап тургансыйт. Живопись - бул сүрөтчүнүн тарткандары бизди кадимки турмуштагы сыяктуу толкундаткандай кылып боёк менен сүрөт тартуу өнөрү. Сүрөтчү боёк жана сызык айкалыштарынын жардамы аркылуу өң-кебетени, кыймылды, көлөкөнү жана жарык шооласын келтирет. Жакшы сүрөт ар дайым кандайдыр бир маанайды пайда кылат.

Боёк ачык болуп, майрамдык маанайда тартылса, көңүл көтөрүлөт. Сүрөтчү кандайдыр бир кайгылуу нерсени билдиргендей, кыл калеми менен күңүрт, каралжын боёкторду аралаштырып тартат. Аны көргөндө көңүл чөгөт. Сүрөтчү көргөнүнүн бардыгын жөн эле тарта бербейт. Ал бизге турмуштагы ажайып көрүнүштөрдү - көккө бой керип зыңгыраган карт карагайлардын, толкундап, бууркандап жаткан деңиздин каардуу толкунун, гүлдөрдүн назик боёкторун, ал түгүл адам сезиминин тереңдигин ачып берүүгө умтулат. Орус сүрөтчүсү Александр Ивановдун музыка жана ыр менен салыштырылып жүргөн бир эң сонун картинасы бар. Мындай карасаң кендир кездемеге майлуу боёк менен шамалга ыргалып турган бутак гаңа тартылган. Ушул жөнөкөй бутакта кызыктуу жана кооз эмне бар? - деп ойлошуңар мүмкүн.

Карагылачы, - дейт сүрөтчү - бутак жана анын бүчүрлөрү кандай кооз ийилип турат. Ал эми жалбырактардын түсү ар кыл болуп куюлушуп, күн тийгендери алтын түспөлдөнөт, нур тийбегендери көк жашыл тартып, көлөкөдө каралжын болуп кетет. Сүрөтчү бутакты шамалга дирилдеген түрүндө жарыкка тепчип, абада калкытып, салмаксыз өңдөнтүп тарткан. Аны көргөндө мен мурда эмнеге дарактардын кооздугун байкабай жүрдүм экен? - деп өзүңдү өзүң жемелейсиң. Эми гана гүлдүн, таштын, булуттун, жарык шооласынын түстөрүн жана күңүрт коңур түстүү көлөкөнү байкай баштайсың.

Сүрөтчү бизди ушунун баарын көрүүгө үйрөттү. Ажайып живопись чыгармалары бардык эле искусство чыгармалары сыяктуу силерди турмушту туура түшүнүүгө үйрөтөт, силердеги күчтү жана эр жүрөктүүлүктү жандандырат, адамдын сулуулугун, асылзаттыгын, акылын көрсөтүп, аларды ак дилден аздектөөгө мажбурлайт. Живописти кунт коюп жана чыдамдуулук менен кароо керек. Силер качан анын өзгөчө тилин, сүрөтчүнүн палитрасынын сырларын үйрөнгөндө гана көптөгөн картиналарды түшүнүп, алардын каармандары менен китептин каармандары сыяктуу эле достошуп каласыңар. Кыргызстанда живопись жанрынын өнүгө баштаганынан бери биртоп убакыт өттү. Анын негиздөөчүлөрү катары С. А. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбековдорду айтсак болот. Дүйнө элдери кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары аркылуу Кыргызстандын калкы, кыргыз жеринин керемет жаратылышы менен таанышты.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4772, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо