Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жолборс жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жолборс жонундо маалымат

"Жолборс жонундо маалымат" - кадимки эле бакма мышыктын көп сандаган тукумдаштарынын арасында колу менен жылкыны чаап өлтүрүүгө жараган, 5м жерге жөн эле секирип, сууда эң жакшы сүзгөн, ал эми кардын тойгузуу үчүн 30-50 кг этти тим эле мойсоп коюучулары да бар. Сөз жолборс жөнүндө болуп жаткандыгын түшүнгөн чыгарсыңар. Жолборстор Азия да жашайт. Алардын коркунучтуу үндөрүн суунун жээктеринен, калың бадалдардын арасынан угууга болот. Бирок жолборсту көрүү оңой-олтоңго турбайт. Анын таргыл-ала кебетесин жакын жерден да байкоо кыйын, анткени бадал менен куюлушуп, билинбей калат. Анын үстүнө жолборс аң уулоого күн баткан соң, түн жамынып чыгат. Жолборс мыкты аңчы. Тез чуркайт, азыгын шашпай көпкө аңдыйт. Бирок ал жемин көп учурда өңүттөн чыгып басып алат. Жырткыч аңдыганынын көбүн куткарбайт. "Жолборс жонундо маалымат" аз болсо бул жаныбар жөнүндө чогултуп койгон бир нече макаларыбызды карап көрүңүз: 1-шилтеме, 2-шилтеме

Жолборстун жакшы көргөн азыгы - бугу, жапайы чочко, антилопа. Үй жаныбарларына да кол салуудан кайра тартпайт. Эгерде чабыттан жолборстун жолу болбосо, бака, чычкан, ал тургай чегирткелерди деле жейт. Ал көпкө чейин ачка деле жүрө берет. Бир кезде жер жайнаган жолборстор эми өтө сейрек кездешүүчү жандыкка айланып кетти. Адамдар баалуу терисине кызыгып, коркунучтуу жырткыч катары кырып жиберишкен. Азыр аларды атууга тыюу салынган.

Жолборстор капастагы турмушка бат көнөт. Бул жырткычты көптөгөн зоопарктардан көрүүгө болот. Ошондуктан ал чындыгында эле кадимки үй мышыгына окшош экендигине көзүң жетет. Мына достор "жолборс жонундо маалымат" ушундай, кошумча шилтемелерди макаланын орто жагында жазып өттүк.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6844, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу