Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жомок артынан жомок

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жомок артынан жомок

Кыргыз радиосунун бөбөктөргө арналган ушундай берүүсү бар экендигин силер билсеңер керек. Анда кээде артисттердин аткаруусунда спектакль катары берилсе, кээде бир эле киши кырааты менен окуп берет. Кыргыз радиосу жомокторду кыркынчы жылдардын орто ченинен баштап эфирге чыгара баштады. Алгачкы ирет эфирден элдик жомоктор эмес, жазуучулардын жомоктору берилген. Алардын арасында А. С. Пушкин, Тоголок Молдонун жомоктору да бар эле. Пушкиндин Алтын балык жана балыкчы жөнүндөгү жомогу жомоктордун ичинен биринчи болуп радионун алтын фондусуна алынган. Бул 1949-жылдын акырында болгон. Андан бери радионун алтын фондусу Аалы Токомбаевдин Таалай издеген индус, Тоголок Молдонун Жер жана анын балдары, Райкан Шүкүрбековдун Иттин жолдош издегени, Чуковский, Маршак, Михалковдордун көп жомоктору менен толукталды. Ушул кезде кыргыз радиосунун фондусунда 300гө жакын жомок бар. Алардын арасында бүт дүйнөгө таанымал болгон Кенже менен чатырдагы Карлсон, Барон Мюнхгаузен, Алладин жана кырк каракчы, Доктор Айболит жана башка жомоктор радионун бай казынасынан орун алган. Жомок артынан жомок берүүсүндө кээде мурда жазылып алынган жомоктор кайталанса, кээде балдарга жаңы жомоктор тартуу кылынат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1676, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу