Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жошибаев Сейткан

Жошибаев Сейткан - (9. 6. 1939, Казак ССРи, Жамбыл облусу, Акыр-Төбө станциясы) медицина илимдеринин доктору (1981), профессор (1994), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2000). КРдин эмгек сиңирген дарыгери (1978). КММИни (1962), СССР МИАнын А. Н. Бакулев атындагы жүрөккан тамыр хирургиясы ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1970). Нарын жана Талас облусу ооруканаларында уюштуруп, аны 1984-жылга чейин жетектеген. Алматы шаарындагы Казак клиникалык жана эксперименттик хирургия ИИИде жүрөк-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн (198492), КР УКТБнин кардиохирургия бөлүмүнүн (1992-2004-) жетекчиси. 2004-жылы Жүрөк хирургиясы жанаоргандарды алмаштыруу ИИИ уюшулгандан анын директору, 2006-жылдан ошол эле институтта бөлүм башчы болуп эмгектенет. И. К. Ахунбаев атындагы жүрөк-кан тамыр системасы коомунун төрагасы. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адис. 160тан ашык илимий эмгеги, анын ичинен 2 монографиясы, 10 ойлоп табуусу бар. Ахунбаев атындагы сыйлаган лауреаты. «Даңк» жана башка медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Реконструктивно-пластическая коррекция аномалий Эбштейна // Грудная и сердечно-сосудистая хирургия. № 12, 1990.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)