Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жумагулов Апас

Баш барак | Биографиялар | Жумагулов Апас

Жумагулов Апас(1934-жылы туулган, Аламүдүн району, Арашан айылы) - мамлекеттик ишмер. Кыргызстан инженерлер академиясынын академиги (1992). Геология-минералогия илиминин кандидаты. Москвадагы И. М. Губкин атындагы нефть-химия жана газ өнөр жайы институтун, КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы коомдук илимдер академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы СССР Илимдер Академиясынын комплекстүү Түпггүк геологиялык экспедициясынын лаборанты болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кыргыз Республиканын Ош облусундагы «Кыргызнефть» нефть промысел башкармасыньш геологу, башкы геологу, башкы инженери болуп иштеген. 1973жылдан Кыргызстан КП БКнын ө.-жылытранспорт бөлүмүнүн башчысы.

1979жылдан Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1985-жылдан Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, 1986-жылдан Кыргыз Республиканын Министрлер Советинин төрагасы. 1991—92-жылы Чүй облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы, 1992-жылдан Чүй облустук мамлекеттик админ-нын башчысы, 1993-жылдын 14декабрынан Кыргыз Республиканын Премьер-министри. 1975-жылдан Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты. 1986—91-жылы СССР Жогорку Кеңешинин депутаты. Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 908, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу