Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жумуртка

Жумуртка — үй куштарынын баалуу тамак-аш өндүрүмү. Жумуртканын морфологиялык белгилери, физикалык касиеттери, химиялык курамы куштун жашы, генетикалык өзгөчөлүгү, тоюту жана багылышына жараша болот.

Жумуртка сары, ак, чел кабык жана кабыктан турат. Бардык эле үй куштарынын жумурткаларынын формасы жана өлчөмү боюнча бирдей эмес. Жумуртка ири клетка катары саналат.

Жумуртка багытындагы тоок породаларынын жумурткасы жумуртка-эт багытындагы тооктун жумурткасына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Өтө сүйрү же өтө тоголок келген жумуртка стандарттуу болуп эсептелбейт. Куш жумурткаларынын ичинен эң чоңу — каздын жумурткасы. Андан кийинки орундарда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун жумурткасы. Куш жумурткаларынын салмагы: тооктуку 55-65 грамм, каздыкы 110-180 грамм, күрптүкү 110 грамм.

Жумуртканын сарысы — эң эле баалуу бөлүгү. Анда 70% дай органикалык зат, ошондой эле А, В, Д, Е жана башка витаминдер бар. Жумурткадагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир жана башка. Жумуртка организмге дээрлик толук сиңет; диеталык азык. Каз, күрп, өрдөк жумурткалары тамак-ашка аз керектелип, көбүнчө инкубация үчүн жумшалат.

Жумуртка сорттоо — жумурткаларды сапаты менен салмагына жараша аныктоо. Тоок жумурткасы диеталык, жаңы жана сапатсыз болуп бөлүнөт. Жаңы (туулган күнүн кошпогондо 5 күнгө чейинки), 0° С ден төмөнкү температурада сакталбаган жумурткалар диеталык жумурткага, үйдө же муздаткычта 2° Сден төмөн эмес температурада жана 30 күнгө чейин сакталган жумурткалар жаңы жумурткага кирет. Диеталык жумурткалар салмагына, ал эми жаңы жумурткалар салмагы менен сапатына жараша 2 — биринчи жана экинчи категорияларга бөлүнөт. 1-категориядагы 1 жумуртканын салмагы 54 граммдан, 2-категориядагысыныкы 40 граммдан кем болбоо керек.

Салмагы 40 граммдан төмөн жумурткалар, сапаты боюнча стандарттуу болсо да, «майда» жумурткаларга кошулат. Күрп жумурткасы кабыгы, агы, сарысы боюнча тоок жумурткасына окшош болуш керек. 1-категориядагы бир жумурткасынын салмагы 58 граммдан, 2-категориядагысыныкы 49 граммдан кем болбоо керек. Салмагы 49 граммдан төмөн жумурткалар майда жумурткаларга кошулат. Каз, өрдөк жумурткалары сатыкка чыгарылбайт, анткени алар аркылуу айрым оорулар тарашы мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2023-11-22, Көрүүлөр: 151, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо