Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жунушов Асанкадыр

Баш барак | Биографиялар | Жунушов Асанкадыр

(1949-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - ветврач, ветеринария илимдеринин доктору (1991). 1972-жылы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн. 1972—78-жылы Кыргыз мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1978—79-жылы Кыргызстан жаштар союзунун борбордук комитетинде бөлүм башчы, 1979—87-жылы Кыргыз ССР министрлер советинде улук референт, бөлүм башчы. 1987—93-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы ветеринариялык инспектору, ветеринария департаментинин генеральный директору болуп иштеген. 1993-жылдан Кыргыз айыл чарба интунун ветеринария факультетинин профессору. Анын илимий иштери негизинен мал чарбасын ветеринария жагынан тейлөөгө жана технология, информатика боюнча маселелерге багытталган.

40тан ашьпс илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору. 1992-жылы Эл аралык информация академиясынын анык мүчөлүгүнө (Москва) шайланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 703, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо