Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жүрөлүчү жүрөк оорутпай

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жүрөлүчү жүрөк оорутпай

Жүрөлүчү жүрөк оорутпай
Авторлор:
Сөзү: Жалил Садыковдуку
Обону: А. Рысалиевдики

Танда ойноп (Тайкы ойлоп), сараң, болушпай,
Танкы салкын, жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип эй,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.

Кайырма:
Жакын жүрсөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, андып тоорушпай.
Мезгилибиз (жаштыгыбыз), өтөөр кош айтып,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.

Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү эй,
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.

Кайырма:
Жакын жүрсөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, андып тоорушпай.
Мезгилибиз (жаштыгыбыз) өтөөр кош айтып,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2058, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-07-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу