Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жусаев Жолдош

Баш барак | Биографиялар | Жусаев Жолдош

(1934-жылы т, Ак-Суу району, Тепке айылы) - филолог, филология илимдеринин кандидаты (1984), профессор (1993). КМУнун чет тилдер факультетин бүтүргөн (1959). 1949—53-жылы Каракол педагогикалык окуу жайында мугалим, 1959—64-жылы Ош педагогикалык институтунда англис тил мугалими, 1964—67-кафедра башчысы, 1967—72-жылы КМУда англис тили кафедрасыньш башчысы, 1972—76-жылы чет тилдер факультетинин деканы, 1976—80-жылы КМУнун парткомунун катчысы, 1980—81-жылы аспирант, 1981—82-жылы КМУда улук окутуучу, 1982—87-жылы Кыргызстан КП БКда чет элдик байланыштар секторунун башчысы, 1987—88-жылы Кыргыз кыз-келиндер инт-тунда окуу иштери боюнча проректор, 1988—91-жылы КМУнун Караколдогу филиалынын директору, 1991—93-жылы Ысык-Көл мамлекеттик педин:тунун ректору, 1993-жылдан К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору. 73 илимий жана илимий педагогикалык эмгектердин, анын ичинде англис тилин мектепте жана жогорку окуу жайларында окутуу методикасы боюнча 10 окуу китебинин жана 1 монографиянын автору. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1078, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу