Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жусуп Абдрахманов

Баш барак | Биографиялар | Жусуп Абдрахманов

Жусуп Абдрахманов, Абдрахманович (кыргызча ысымы — Усуп Абдраманов, 1901-жыл 28-декабрь, Пржевальск уезди, Түркстан аймагы, Россия падышалыгы — 1938-жыл, 5-ноябрь [18-февраль] Таш-Дөбө) — советтик мамлекеттик жана саясый ишмер, Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин биринчи төр агасы.

Жусуп Абдрахманов
Жусуп Абдрахманов
Ишин улантуучуБаялы Исакеев
Туулган датасы1901-жыл, 28-декабрь
Өлгөн датасы1938-жыл, 5-ноябрь (36 жаш)
ПартияКПСС
ТаандыгыРСФСР
Согушка катышуусуРоссия жарандык согушу
Коюлган жайы«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси

Өмүр баяны

Саясий ошондой эле мамлекеттик кызматкер, эл тарыхын объективдүү изилдөөчү — Жусуп Абдрахманов Семиреченск облусунун Каракол уездиндеги Күнгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей кыштоосунда (азыркы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Жаркымбаев айылы) 1901-жылдын 28-декабрында бай-манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы — Абдрахман Балапанов — манап, бий, болуштук башкаруучулукта үч жыл эмгектенген.

Он үч жаш өспүрүм кезинде Каракол баштапкы жогорку окуу жайына тапшырган. 1916-жылдагы Үркүн катышуучусу. Үркүндө карапайым элдин үй-бүлөлөрүндөй эле Кытайга качууга аргасыз болгон. Атасы келте (тиф) оорусунан каза болот, ал эми энеси жана жакынкы 7 биртугандары Нарындагы көтөрүлүштү басууда казактардын колунан каза тапкан. Жусуп 15 жашында иниси Токо (1909-жылы туулган) экөө жетим калат. Мекенке кайтып келип 16 жашында Каракол гарнизонунда жылкычы болуп эмгектенет, андан соң короо шыпыруучу жана башка ушул сыяктуу кара жумуштарда эмгектенет (батракчы).

Кызыл Аскерде кызмат өтөп, Семиречье фронтунда аскер операцияларына катышат (1918-1919-жылдар түндүк Жети-Суу фронтундагы ак казактар салгылашы). Кыргыз комсомолунун башында туруп, атактуу ВЛКСМдин III съездинин делегаты болуп, анда президиумдун курамына шайланган. Съездде В. И. Ленин менен узак убакытка чейин баарлашкан деп айтышат. Андан кийин ЦК РКП(б)нин (ЦК РКП — Центральный Комитет Российской Коммунистической Партии, кыргызча — Россия Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитети [РКП БК]) аппаратында иштеген. 1924-жылы заманбап Кыргызстандын чек араларын аныктаган. Элдин өз жашоосун өзү эркин аныктоо максатын ишке ашырууну көздөп, Жусуп Абдрахманов Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев жана башкалар менен биргеликте 1920-жылдардын башында Түркстан республикасынын курамында Тоолуу облусту түзүү сунушун берген. Борбору Жалал-Абад болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чейин грандиоздуу Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү проектиси боюнча чыккан.

1927-жылдын 12-мартында 26 жаш курагында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин комиссарынын төр агасы болгон. Республиканын аткаруу бийлигинин башындагы кызматта Борбордон тышкаркы (Россиядан) таң калаарлык кайраттуу саясатты жүргүзгөн. 1929-жылдын ноябрь айындагы жана 1930-жылдын апрель айындагы Сталинге болгон каттарында, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу, союздук Борборго, РСФСРге жана Средазбюрого зыян алып келген баш ийүүнү токтотуу боюнча өтүнүп келген. Кийинчерээк бул позиция улутчул деп бааланган.

1930-жылдардын башындагы Кыргыз АССРинин оор экономикалык абалына көз салып, сталиндик иш-чараларга скептикалык көз караштарын айта баштаган. Нан азыктарын даярдоо боюнча жогорку пландарын аткаруудан баш тартып, муну ошол жылдардагы Кыргыз АССРиндеги ачкачылыктын анча болбогону менен байланыштырышат, ал эми СССР масштабында ачкачылык массалык мүнөзгө ээ болгон. ЦКК ВКП(б) (Центральная Контрольная Комиссия Всесоюзной коммунистической партии, кыргызчасы — Бүткүл союздук коммунисттик партиянын Борбордук Көзөмөл Комиссиясы) президиумунун төр агасынын орун басарына болгон түшүнүк катында Жусуп Абдрахманов кийинкидей жазган: «...Республиканы, Казакстандын абалына чейин алып баргандан көрө, бизди планды аткарбаганыбыз үчүн алып салсын» (жеке котормо). Ошол кезде, Кыргыз АССРинде Украинадан, Казакстандан, Поволжьеден келген миңдеген качкындар жан сактап калышкан деп ырасталат.

1933-жылы кызматынан алынып, бир айдан кийин «троцкисттер тобунунун таасири менен партиянын чечимдерин ак ниетсиз колдоп, чындыгында аларды бурмалап, өзүнүн партиялык эмес алып жүрүүсү үчүн» деп партиядан четтетилген. Борбордук Комитетке апелляция менен кайрылуусу натыйжага алып келген эмес.

1937-жылдын 4-апрелинде камалган. Абдрахмановго ойлоп чыгарылган «пантүрк борборунун жетекчилери Рыскулов, Ходжаев, Асфендияров, Ходжановдор менен болгон байланышы үчүн», ошондой эле, эч качан болбогон «Советтик бийликти кулатуу, Кыргызстанды СССРден ажыратуу жана Англияга багытталган буржуаздык-улуттук мамлекетти түзүүнү максат кылган оңтроцкисттер уюмунун бөлүмүндө иш алып барган антисоветтик террористтик диверсиялык-саткын Социал-Туран партиясына таандыгы бар» деген айыптар салынган. Куугунтукталган ишмерге өзгөчө ыкмалар колдонулуп, акыл-эси жайында эмес абалга келтирилип, жалган көрсөтмөлөргө мажбурлап кол койдуруп алышкан. Кийинчерээк Абдрахманов СССРдин генералдык прокурору Вышинский жана НКВДнын башчысы Ежовго арыз жазып, протоколдо жалган көрсөтмөлөр берилгендиги жөнүндө айткан. Арыздан цитата:

«Мени суракка алган тергөөчү Зеликман Н. П., мага атайын ыкмаларды колдонуп, мени акыл эсим жайында эмес абалга келтирип, эч бир сураксыз, өзү тарабынан түзүлгөн айтылуу сурак протоколуна кол коюууга мажбур кылды... Мунун баары жалган, эч кандай контр-революциялык уюмдарда мен болгон эмесмин. Андан тышкары, бул протоколдордо контр-революциялык уюмдардын катышуучусу катары, мен тааныган өңдүү кылып көптөгөн адамдар көрсөтүлгөн. Анын ортосунда, бул адамдардын көпчүлүгүн менен таптакыр тааныбайм жана аттарын Зеликмандан биринчи угушум. Айтылгандарга таянып НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан түзүлгөн сурак протоколдоруна койгон колумдан баш тартамын жана айтылган адамдардын үстүндө сот болсо, менин колумду тастыктама катары эсептебеңиздер (орусча жазылган катынан кыргызчага жеке котормо)».

1938-жылдын 5-ноябрында (кээ бир маалыматтар боюнча 18-февраль) сурак убагында тергөөчүнү стөл менен уруп жибергенде атылып өлтүрүлгөн делет. 1958-жылы СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы тарабынан реабилитацияланган (акталган). 1968-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети реабилитациялаган.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде сөөгү коюлган.

Кыскача хронология

Жеке күндөлүгүнөн

Күндөлүгүнүн электрондук варианты, көчүрүп алсаңыз болот (орус тилинде, zip-архивде, microsoft word форматында).

Абдрахманов өзүнүн күндөлүгүндө белгилүү футурист жана троцкист Натансон Мария Яковлевнага болгон бийик сезимдери жөнүндө ачык жазган. 1927-жылы Мария Натансон, кулатылган Лев Троцкийдин жактоочусу болгондуктан партиядан четтетилип, Фрунзеге жөнөтүлгөн. Ал Фрунзеде Мампландын (Госплан) өнөр жай секциясында (промсекция) иштеп, тажрыйбалуу болгондуктан көп өтпөй жетектөөчү экономист болот. Ушул жактан күчтүү сезимдерге өсүп чыккан республикалык Эл Комиссарлар Кеңешинин төр агасы Жусуп Абдрахманов менен таанышат. Мария Натансон Жусупту, Осип жана Лили Бриктин үй-бүлөсү жана Владимир Маяковский менен тааныштырат. Ошондон бери Абдрахманов Гендриков тар көчөсүндөгү чыгармачылык интеллигенция чогулган батирде тез-тез келүүчү конок болот.

«Кечки саат 10дө Бриктерге бардым. Аграновдорго кезигип, Злата менен тааныштым. Злата менен Лиля экөө жакшы тааныш. Вит кечээкидей эле Л. аттуу итине кам көрүүдө — өтө жаман. Лиля, Вит аны терең сүйөт деп ишенет, ал дагы аны сүйөт, бирок Виттей анчалык эмес. Андан тышкары ал Вит менен көңүл калуусуз ажырашуу мүмкүн деп эсептейт, албетте, эгер ал өткөнгө кызгануусун токтотуп, Оськага болгон мамилесин түшүнсө. Ишигыса, Вит тууралуу ашыкча сүйлөбөйт, өтө мактабайт. Л. эмнегедир менин бул нерселер жөнүндө жакыныма айтуумду каалабайт. Балким, ал менин Мусенькадан эч кандай сырларым жок экенин билбесе керек» — Жусуп Абдрахмановдун күндөлүктөрүнөн. 1930-жылдын 29-ноябрынан тарта.

Абдрахманов Маяковский жана Бриктер менен музейлерге барып, адабий кечелерди көп уюштурган. Жусуп Лиляга гүлдүү өзбек панно (сюзане), ал эми Владимир Маяковскийге — ресрубликанын гүлдөөсүнүн символу болгон — кымбат баалуу койдун статуэткасын берет. Улуу советтик акын тарабынан Жусупка берилген белектердин арасында кийинкилер болгон: сыя топтомдору, мрамордук жазма стол жана АКШга барганда ала келген «Gillette» фирмасынын сакал алгыч топтому. Абдрахманов адабиятчылардын арасында өз чөйрөсүндөй сезчү.

Эн жакын, туу туткан досу — акын Владимир Маяковский болгон. В. Маяковский Гулбахрам эжеге алтын саат, алтын билерик тартуу кылган, ал репрессия убагындагы сурак учурунда чечилип калган экен. 1930-жылы В. Маяковский дүйнөдөн өткөндө аза күтүүгө Ж. Абдрахманов катышкан. В. Маяковский жана Ж. Абдрахманов жөнүндө Влюбленная лодка деген кино тасма кыздарында сакталуу.

Жусуп Абдрахманов кыргыз интеллигенциясынын төл башы болуп, эгемендүүлүктүн түптүрүн түптөгөн улуттук лидер. Бул адам Кыргызстанга (кыргыздарга) эгемен мамлекеттин башатын баштап берген. Анын эмгек жолу кандай татаал, оңой эмес болгондугу өзүнүн күндөлүгүндө айкын жазылган.

Абдрахмановдун күндөлүгүнө айткан кийинкидей сөздөр бар дешет: «Сен менин колумда досумсуң, башка бирөөнүн колуна түшкөндө мага душман болуп калышың мүмкүн».

Чындыгында өзү айткандай, Абдрахмановдун күндөлүгүн Сталин окуп «товарищ Когановичке, Молотовго: Кыргызстан совнаркомунун төр агасы Абдрахмановдун күндөлүгүн окуп чыгууну суранам, балким, муну наумовцтор таарынткан чыгаар, окуп чыккандан кийин кайра мага кайтаргыла» деп виза басканы анык.

Түбөлүктөө

Үй-бүлөсү

Жусуп Абдрахманов жубайы Гүлбахрам Ахмедова менен
Жусуп Абдрахманов жубайы Гүлбахрам Ахмедова менен (сүрөт булагы)

Эмгектери

Китептери

  1. Мал чарбасын өнүктүрүү перспективалары
  2. Жаштар кыймылынын таңында
  3. 1916-жылдагы көтөрүлүш
  4. Октябрдын таңында

Өкмөт башчы кезинде

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 18828, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо