Жусупов Кеңеш

Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында туулган. Кыргызстандын заманбап жазуучусу жана публицисти, Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер.

Жазуучу Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районун) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында туулган.

Өз атасы - Сыдыкбек Иманаалы уулу. Энеси Турдубүбү Молдогазы кызы атасына он алты жашында эле чыгып, андан он үч бала төрөгөн.

Кеңеш алардын туну болгон.

Бирок Сыдыкбектин агасы Жусуп менен анын биринчи аялы Турумбүбү балалуу болбой жүргөндө, алар Кеңешти асырап алышкан. Мындай окуялар кыргыздарда бир туугандардын арасында кадыресе окуя болгон.

Кийинчерээк Жусуп аялы Турумбүбү менен ажырашат. Кеңешти чоң энеси Уулбала бапестеп, эрке кылып чоңойтот.

Жусуп ата Сүйүнгө үйлөнөт, андан Кубан, Турат, Мурат, Марат деген уулдуу жана Дамира деген кыздуу болот.

Бирок Жусуп ата менен Сүйүн апа Кеңешти улуу баласындай көрүп, мыкты тарбиялайт.

Жусуп Иманалиев айылдагы көрүнүктүү агартуучулардан жана жетекчи кызматкерлерден болгон.

1937-жылы Жусуп жалган жалаа менен "контр-революционер" катары айдалып, Нарын шаарында жана Бишкекте (ал кездеги Боронзодо) абактарда отурат. Тээ Архангельск шаарына чейин ар кыл абактарда отуруп, эки жылдан соң абактан бошонуп кайтат.

Чоң эненин тагдыры

Кеңешти бала чагында тарбиялаган башкы киши - чоң энеси Уулбала болгон. Уулбала апа коңшу Миң-Булак айылындагы Эши деген мундуз уруусунан чыккан кишинин кызы болгон. Чоң атасы Иманаалыга турмушка чыгып, эки уул төрөп берген. Улуусу - Жусуп, кичүүсү - Сыдыкбек.

Иманаалы менен Уулбала 1916-жылы үркүндө Кытайга качканда, Жусуп 14тө, Сыдыкбек 12де болгон экен.

Иманаалы Кытайга жетпей, Бедел ашуусунда каза табат.

Салтка ылайык, жесир Уулбаланы кайниси Курманаалыга башын байлап коюшат.

Эки жылдан соң гана Уулбала менен Курманаалы эл-жерине балдары менен кайтып келет.

Кеңештин мектептеги жылдары

Беш жашынан Эчки-Башы айылында үйдө жүрүп кат тааныган.

Кеңеш баштапкы класстарды (жети жылдык мектепти) өз айылында окуган.

Жети жашында мектепке бара баштап, үч айдан кийин 1-классты аяктап, 2-класска көчкөн.

Ал кезде атасы Жусуп мектептин деректири болчу.

Жусуптун жубайы Сүйүн да мектепте мугалим болчу.

Бала чагы согуш жылдарына туш келди.

Ал ойноп-өскөн жайлоолордун арасында Солтон-Сары, Терс-Суу, Жакшына, Тепши, Көк-Торпок сыяктуу кооз жерлер болду.

7-класста окуп жүргөндө алгачкы чыгармасы "Ленинчил жаш" гезитине чыккан (ал эки куплет ыр болчу).

Өз айылында орто мектеп 1970-жылдары гана ачылгандыктан, эчки-башылыктар орто мектепти бүтүрүү үчүн 8-класстан тартып коңшу Оттук айылына барышчу.

Эчки-башылыктар Оттуктагы интернатта жатышчу. Совет доорунун кийинки кезеңинде бул эки айыл биригип "Коммунизм" колхозу деп аталчу.

1953-жылы, Кеңеш Оттукта окуп жүргөндө, Иосиф Сталин өлгөнүн угушкан.

К. Жусупов 1954-жылы Оттук орто мектебин бүткөн.

Жетилген курак

Оболу, 1954-жылы, Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин юридика (укук) факультетине тапшырып, өтпөй калат.

Эки жыл «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.

Кайра Кыргыз улуттук университетине келип, укук факультетине дагы өтпөй калып, анан 1956-жылы мыкты жат жазуу жазганынын аркасы менен кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган.

1958-жылы бир аңгемеси "Ленинчил жашка чыгып" ошондон тартып прозалык чыгармалары мезгилдүү басма сөздө ырааттуу жарыялана баштаган.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетин бүткөн.

Кийинки эмгек жолу

1961–1963-жж. Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук гезитинде иштеди.

Нарын (ал кездеги Тянь-Шань облусу) жоюлган соң, Бишкекке кайтып келди.

1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы «Басма сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоочу башкы башкармалыкта» (Главлитте) иштеген.

1966–1968-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор болду.

1968–1973-жж. «Кыргызфильм» киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө редакторлук кызматты аткарды.

1973-жылдан «Ала-Тоо» журналында иштеди.

1978-жылдан Нарын облусу боюнча Жазуучулар союзунда адабий консультант болуп иштеди.

1984-жылдан «Манас» эпосун көркөм чыгаруу секторунда иштеди.

1987-жылдан «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеп келет.

Кеңеш Эчки-Башы айылында 7-класста окуп жүргөндө алгачкы ыры гезитке чыгат.

1958-жылы биринчи «Түш» деген аңгемеси «Ленинчил жаш» гезитине басылган.

К. Жусуповдун 1965-жылы «Жашоо кумары» деген китеби чыккан.

1975-жылы «Ыр сабындагы өмүр» аттуу китеби Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.

Ошондой эле Эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун, Асанбек Табалдиев атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Жазуучунун айрым аңгеме, повесттери түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган.

К. Жусуповдун «Лесорубы» («Карагайчылар») деген аңгеме, повесттер жыйнагы 1975-жылы Москвадан (орусча) жарык көргөн.

Жазуучу Ашым Жакыпбеков менен бирдикте «Манас» эпосун проза түрүндө жазган.

Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору.

1991–2002-жж. «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк 10 томго жана 14 томдукка жеткирген.

Кеңеш Жусупов Теңир-Тоо койнундагы Он-Арча кыштагында (аны "Эчки-Башы" айылы деп да аташат) бала чагын өткөрүп жатканда, айыл турмушун астейдил үйрөнгөн. Ала-Тоодогу согуш доорундагы жана андан кийинки кыйчалыш турмушту, пост-сталиндик айылдыктардын тагдырын жаңыча баяндаган кыргыз карасөз өнөрүнүн өкүлү.

Ал жазган согуш ардагери, көзү көрбөй калган Аянкул, өмүрүн жаңы төрөлүп жаткан бала үчүн багыштаган Акылбек жана анын аты менен аталып калган кыя, тагдыр ириминен туура нук табууга умтулган карапайым карагайчылар тууралуу чыгармалар 1960-80-жылдардагы Теңир-Тоо турмушун чагылдырат.

Кеңеш Жусуповдун совет доорундагы публицисттик чыгармалары, асыресе, тээ Италиядан Жапонияга чейин кыдырган сапарын чагылдырган китептери кыргызстандыктарды алардын көзү жеткен теребелдин ары жагындагы турмушка, бейтааныш маданиятка үңүлүүгө чакырып турду.

Жазуучунун 1975-жылы жарык көргөн "Ыр сабындагы өмүр" китеби залкар акын Алыкулдун улуу сүйүүсүн, инсандык терең кайгысын, калемгердик эрдигин чагылдырган тарыхый-биографиялык жана ой-таанымдык чыгарма болуп калды. Бул китеп Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгына татыды.

1980-жылдары Кыргызстандын расмий бийлиги улуттун карт тарыхынын Эне-Сай доорун жерип турган чакта, Кеңеш Жусупов жетектеген "Алатоо" ("Ала Тоо") журналы көөнө тарыхты көшөрө иликтеген басылмага айланды.

Академик В. Бартольд, этнограф С. Абрамзон, археолог Юлий Худяков, хакас окумуштуусу Астай (Виктор) Бутанаев жазган эмгектердин орчун бөлүктөрүнүн кыргызча котормосу, чыгыш таануучу Өмүркул Караев, манас таануучу Имел Молдобаев, ошондой эле Мурат Кожобеков, Кыяс Молдокасымов, Арслан Койчиев сыяктуу жаш тарыхчылар жазган нечендеген макалалар "Алатоого" ырааттуу жарыяланды.

Кеңеш Жусупов өзү 1980-жылдардын этегинде тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин мурасын кайра көтөрүп чыкты. 1955-жылы тарыхчы өзү акталганына карабастан, Солтоноевдин чыгармасы советтик адабияттагы "кара тизмеде" кала берген болчу.

"Байыркынын издери" (2001) аттуу көп тарамдуу, бир чети публицистикалык, экинчи чети илимий иликтөөчүлүк усул колдонулган, үчүнчү жагынан улуу тарыхтын чоң жомокчусу катары фольклордук мурастын ширендисин жуурулткан чыгармасында Кеңеш Жусупов Кыргыз баласынын эзелтеден ХХ кылымдын башына чейинки тарыхынын урунттуу учурларын саймедирлеп жазып берет.

Жусуповдун китебинин ар сабынан жаңы муундун кыргызы өзү үчүн чоң милдетти табышы мүмкүн. Маселен, Белек Солтоноевдин чыгармалары тууралуу эскерген жеринде, Армениядагы Матенадаран кол жазма эстеликтер институту – китептер ажайыпканасы тууралуу сөз козгойт.

"Манас таануу" жаатына Кеңеш Жусупов кошкон жекече салым – "Манас" дастанынын ал өзү жазган кара сөз түрүндөгү варианты болду. Ал чыгарма түрк, казак тилдерине да жарыяланды.

Кеңеш Жусупов көп жылдык мээнет терин төгүп, кашыктап чогултуп жарыялаган, эки-үч томдуктан он томдук жана он төрт томдук басылмаларга чейин жеткирилген "Кыргыздар" жыйнагы (1990-2011) эгемен Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө бурулуш учурлардан болуп калды.

Кеңеш Жусупов Жапонияга, Италияга, Эне-Сайга (Түштүк Сибир жана Алтайга) жасаган саякаттары тууралуу кызыктуу жолдептерлерин жана башка эсселерин жарыялаган.

1981-жылы Эне-Сайга досу Кубатбек Жусубалиев (Кердегей) менен чогуу барган. Ал жерден хакас этнографы Астай (Виктор) Бутанаев менен Хакасия жана Тываны чогуу кыдырган.

АКШда да болуп кайткан. Ал жактан Азамат Алтайга жолуккан.

Кытайга, Индияга, Монголиядагы Кыргыз-Нор (Кыргыз-Көлү) жергесине да барган.

Заманбап кыргыз адабиятында саякатнаама жанрын негиздөөчүлөрдөн болгон.

Жубайы - Айгүл Эралиева.

Уулу - Медер. Неберелери бар.

үй-бүлөсү жазуучунун чыгармачыл ишмердигине ар тараптан огожо болуп келет.

К. Жусупов 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1975-жылы Алыкул Осмонов тууралуу "Ыр сабындагы өмүр" китеби үчүн Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгын алган.

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1990-жылы Асанбек Табалдиев атындагы сыйлыкты алган.

1991-жылы «Көркөм өнөргө (искусствого) эмгек сиңирген ишмер» деген наам алган.

1995-жылы "Түгөлбай Ата" эл аралык сыйлыгын алган.

1999-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алган.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Эшеналы Арабай уулу атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин профессору.

"ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү болуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти. Белек Солтоноев кыргыздын алгачкы тарыхчысы, маданият изилдөөчү (культуролог) инсаны. Өзүн өзү тарбиялап, орусча мыкты үйрөнүп, дүйнөлүк адабият, маданият, тарых китептерин окуп, билимин өстүрүп, кыргыздын атамзамандан берки тарыхын алгач жазды. Кыргыздын маданиятын, салтын, тилин ооз эки чыгармаларын изилдеп ыр, санжыра жазды. Анын миң беттен ашуун жазган этнографиялык эмгеги илимдер академиясынын архивинен уурдалып жоголду. Өзү жалган жерден элди сүйгөндүгү үчүн эл душманы болуп атылып кетти. Алма-Атадагы Казакстан Илимдер Академиясынын архивине аманат калтырган кол жазмасы акыры жазуучу Мухтар Ауэзовдун жардамы менен кызынын колуна тийип, сакталып калды. Сексенинчи жылы Белек Солтоноевдин кол жазмасын таап, "Ала-Тоо" журналына биринчи жолу жарыяладык. Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илипоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына советтик идеологиянын каргашасы.

Ушундай эле жалган жалаага К. Тыныстанов, Ж. Абдырахмановдор кабылган. Экөөнүн аракетинен "Манас" эпосу басмадан жарыяланган, илимий изилдөөгө жол ачылган, дүйнө элдеринин тилдерине которула баштаган. Кыргыз тарыхын, рухий маданиятын жазууга, изилдөөгө В. В. Бартольд сыяктуу дүйнөлүк окумуштуулар, музыка изилдөөчүлөрү, сүрөтчүлөр Кыргызстанга чакырылган. 1916 – жыл жөнүндө изилдөөлөр, чындыктар жазылган. Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр - дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор)".

"Мобу комуздун күүсү XIII кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар "Кет, Бука" деп атаган. Бука деген кыргыздарды эзген монголдордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. Эл азаптуу, кордукта күн кечирди. Монголдорго акарат кылган кыргыздардын башы кеткен.

Күч колдо жокто эл кантип баскынчылар менен күрөшүш керек эле. Ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы жол башчысын арбаган күү, элибиздин жат душманга болгон каргышы, жек көрүүсү, күрөшү эле.

Элдик күү момундай окуяны айтат.

Бука хандын баласы аңчылыкка чыгат. Ал ойдогу-тоодогу көзгө илинген жерден кийикти калтырбай кырып салат. Акыры ачкөз, таш боор неме кайберенден мерт болгон. Эми каардуу ханга суук кабарды батынып, жандан кечкен кандай пенде угуза алмак?! Угузган адамдын башы кетери маалым эле. Акыры ким болсо да салт боюнча угузуу керек да. Эми бул ажалга ким барат деп элдин шамы өчүп турганда айылдын аксакалы, азиз комузчусу чыгыптыр. Карыя суук кабарды кантип угузду дебейсизби?

Ошондо карыя комузун алып эл жыйынында, хан алдында отуруп күү чертет. Сиз дагы комуз күүсүн бирпаска угуп туруңузчу, мейманым.

…Бейпил жашоого магдыраган талаага бүлүк түштү. Кара ниет киши сулуулукту, тирүүлүктү башкаларга ыраа көргүсү жок. Ал өзүнүн күчүнө дөөгүрсүйт. Көзү эч нерсеге тойбойт, баарын сором, тыптыйпыл кылам деп оолугат. Акыры кара ниет ойлогондой болбоду. Тирүүлүк менен сулуулук кара ниет адамдын өзүн мерт кылды… Элдин муң-зарын капар албаган мерез, зулум хан ушу саам комуз күүсүнө түшүнгөн экен. Күү менен элдин кайгысын, муң-зарын айткан. Комуз аркылуу баласынын өлүмүн угузган, элдин каргышын айткан комузчуну хан кечирбеди. Ал ого бетер жинденди. Хан эң оболу комузга, андан соң комузчунун кулагына эритип туруп коргошун куйдурган.

Ошону менен комуздун сайраганы жоголмок беле?! Комуздун күүсүн кандай хан акими токтото алат дейсиз!

Запкы чегип, дүлөй болгон азиз комузчу жетелетип айылдан-айыл кыдырып, белден-бел ашып, жер безип, күү тагдырын улам неберелерине чертип берип жүргөн. Комузчунун армандуу күүлөрү чагылган үнүндөй ой-тоого тараган эле.

Ошондо дүлөй комузчу комуз черткенде асмандан учкан куш комузга келип кончу дешет. Соолуган гүл тирилген дешет. Дүлөйдүн коргошун куюлган комузу ого бетер күүгө келип, дагы эле эл ичинде колдон колго өтүп жүрөт дешет".

Кеңеш Жусупов эне тилинде (кыргызча) жазат.

Анын бир катар чыгармалары дүйнөнүн ар кыл (орус, украин, казак, түрк, француз, чех, арап, татар ж. б.) тилдерине которулган.

Андан тышкары, Жусупов түзүп, жарыялаган кыргыз тарыхына, этнографиясына, маданиятына жана жалпы эле ой мурасына арналган кыргыз жана орус тилдериндеги баалуу жыйнактар пост-советтик Кыргызстандын орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында хрестоматия милдетин аткарып келет.

Кеңештин мыкты устаттары - Түгөлбай Сыдыкбек уулу менен Чыңгыз Айтматов болгон.

Түгөлбай тууралуу Кеңеш мындай деп жазганы бар:

"Устатыбыз чындыкты жалтанбай бетке айткан киши эле. Борбордогу шовинисттик саясатты, (коммунисттик) партиянын кемчилигин жана жергиликтүү өкмөт жетекчилерин катуу сынга алды. Кыргыз жазуучуларынан мындай эрдикке эч ким баралбады".

Ал эми анын мыкты досторунун арасында Салижан Жигитов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Ашым Жакыпбеков, Саадабай Сырдыбаев, Өскөн Даникеев, Дайырбек Казакбаев, ж. б. аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)