Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жыл мезгилдери

Жыл мезгилдери — жылдык айлампадагы (циклдеги) мезгил бөлүктөрү (кыш, жаз, жай, күз).

Мазмуну

Жалпы маалымат

Жыл мезгилдери деген эмне? Кечке жуук кардын жаашы басылып, таңга маал асман чайыттай ачылат, суук күчөп, кар жылт-жулт этет. Канаттуулар үрпөйүшүп, ызгаардуу кышка нааразы болушкансыйт.

Суукка үшүгөн таранчы кудум эле Андерсендин жомогундагыдай: «Ушу да Жаңы жылбы! Мындан көрө эски жыл түзүк болчу, айырбаштоонун кереги жок эле!» — деп сүйлөп жиберчүдөй. Табияттын тартиби ушундай экенин ал кайдан билсин. Кышында күн абдан кыскаргандан кийин (22-декабрь, кышкы күндүн турушу) күн жазга карай бет алат, кыш болсо чилдеге эркиндик берет. Кыш канчалык каарын төккөн менен баары бир жаз келбей койбойт, анткени «жыл мезгилдери» бирин-бири алмаштырып турат, мунун сыры эмнеде? Жер күндү жылына бир айланып чыгат. Ошол убакта ал күнгө капталын ар түрдүү абалда кактайт. Күн так төбөгө көтөрүлүп, анын нуру тике түшкөндө, катуу ысып, жерде жылуу болот.

Анын тескерисинче, күн бийик көтөрүлбөй, нуру жер бетине кыйгач тийген кезде, суук боло баштайт. Жер күндөн кичине болсо да алыстайт десе дагы болот. Кышты жаз, жазды жай алмаштырат. Күн абдан узарганда (22-июнь, жайкы күндүн турушу) сууга түшпөсөң чыдай албай турган жай чилдеси күчүнө кирет. Алдыдан күздүн карааны да көрүнөт... Күн кыскарып, түн узара баштайт.

Мына, күз келип токой да алтын түстөнүп саргарууда. Андан соң дарактар жалбырактарын күбүп, бутактары арбайып-тарбайып сороюп көрксүз түргө келет. Табият карды күтөт. Ушуну менен жыл айлануу аякталат. Бирок жер шарынын бардык жеринде эле жыл мезгилдеринин белгилери мындай ачык-даана боло бербейт.

Түндүк жана Түштүк уюлдардын айланасында жыл бою суук болуп турат. Бул жерлерге күндүн нуру кыйгач тийгендиктен анча жылыта албайт. Ал эми экватордун эки жагындагы тропиктерде жыл бою ысык. Анткени, бул жерде күн дайыма төбөдөн тийет.

Жыл мезгилдери кийинкидей айырмаланат: Календарлык жыл мезгилдери — көпчүлүк дүйнө өлкөлөрүндө жылды төрт мезгилге бөлүү кабыл алынган (кыш, жаз, жай, күз), ар бир мезгил үч календарлык айдан турат.

Индиялык календар боюнча жыл 6 мезгилге бөлүнөт, ар биринде 2 ай болот, саамдардын календарында — сегиз, ал эми байыркы заманда кээ бир маданияттарда үч мезгилдик календарь жайылган.

Кытайда Инь доорунда бир жылда эки гана мезгил болгон: жылдын биринчи жарымы — чунь, жана экинчи жарымы — цю.

Эң байыркы римдик календарь он айдан турган, жана март биринчи ай деп саналган. Нума Помпилий календардын олуттуу реформасын жүргүзгөн. Жаңы календарга ылайык, эки жаңы мезгил киргизилген — Янус жана Феба кудайларынын урматынан, январь жана февраль деп. Ошентип, Нума Помпилий тарабынан киргизилген календарь 12 айдан турган. Башкача айтканда, теңелүү (жаз, күз) жана күндүн туруу (жай, кыш) чекиттеринен эсептелген астрономиялык жыл мезгил.

Фенология, ар бир климаттык жыл мезгилдеринин узактыгын жана башталыш убактарын табигый кубулуштарга ылайык («мезгил» түшүнүгүн колдонуу менен) аныктайт. Ар бир мезгил өзүнө мүнөздүү аба ырайылык жана температуралык шарттар менен айырмаланат.

Жыл мезгилдеринин алмашуусу эклиптиканын жантаюуусу менен шартталат.

Календардагы жыл мезгилдери

Түндүк жарым шарда, анын ичинде биздин өлкөбүз Кыргызстанда дагы жаз — 1-мартта, жай — июнда, күз — 1-сентябрда жана кыш — 1-декабрда башталат. Түштүк жарым шарда жаз 1-сентябрда, жай — 1-декабрда, күз — 1-мартта жана кыш 1-июнда башталат.

Жыл мезгилдеринин алмашуусунун астрономиялык механизми

Жыл мезгилдеринин алмашуусу
Жыл мезгилдеринин астрономиялык алмашуусу

Жыл мезгилдеринин алмашуусунун себеби Жер огунун эклиптика тегиздигине жараша жантаюуусу жана Жердин Күндү айлануусунан болот. Жер огунун жантаюуусу жок болгондо, Жердин каалаган аймагындагы күн менен түндүн узактыгы бирдей болуп, күндүзү Күндүн абалы горизонт үстүндө, жана жылдын жүрүшүндө бир эле бийиктикте болмок.

Биздин заманда планетанын огу орбиталдык тегиздик менен 66,56° бурчту калыптандырат.

Астрономиялык жактан жыл мезгилдери кышкы күндүн турушу, жазгы күн-түндүн теңелиши, жайкы күндүн турушу жана күзгү күн-түндүн теңелиши менен бөлүнгөн.

Сентябрдык жана марттык күн-түндүн теңелүү мезгилинин ортосунда (22-23-сентябрдан 20-21-мартка чейин) Жер огунун жантаюуусунан улам Түндүк жарым шар Күндү карай сутканын азыраак бөлүгүндө гана карап турат. Буга байланыштуу түндүк кеңдиктер түштүгүнө караганда азыраак жылуулук жана жарыктыкты алышат. Кышында күн кыскарып, Түштүк Жарым шарга караганда Күндүн чак түштөгү абалы төмөн болот. Жарым жылдан кийин Жер өзүнүн орбитасынын карама-каршы чекитине өтөт. Октун жантаюуусу ошондой эле болот, бирок, Түштүк жарым шар сутканын аз бөлүгүндө гана күндү карап калат, ал жакта күн кыскарат, чак түштөгү күндүн абалы төмөн, жылуулук да, жарыктык дагы азаят. Түндүк жарым шарда болсо бул убакта жай мезгили болуп, чукул температуралык пульсациялар атмосферадагы ири жылуулук инерциялары менен теңсалмактанат. Жылуулануу жана салкындоо механизми Кеңдик-импульстук модуляцияны элестет — жылуулануу температурасы күн узактыгы менен туураланат.

Жер орбитасынын эклиптикалык формасынан улам, жыл мезгилдери ар түрдүү узактыкка ээ. Мисалы, Түндүк жарым шарда күз болжолдуу 89,8 суткага созулат, кыш — 89, жаз — 92,8, жай — 93,6. Түштүк жарым шарда — 92,8, 93,6, 89,8 жана 89 сутка.

Жыл мезгилдеринин климаттык алмашуусу

Жерге Күндөн келүүчү түн-түн теңелүү жана күндүн туруу энергиясынын санынан буга ылайык мезгилдердин ортосу болушу керек.

Бирок, температуранын жана массанын (суунун жана жердин физикалык касиеттеринен улам пайда болгон) өзгөрүүсүнүн кечигүүсү, климаттык мезгилдердин астрономиялык мезгилдерге салыштырмалуу кечиктирип коёт.

Температуралык кечигүү климаттык аймаккка жана кайсы бир конкреттүү аймактын башка өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрөт. Ошондуктан, мисалы, кээ бир маданияттарда күзгү түн-түндүн теңелүүсү күздүн ортосу катары бааланат, а эми башкаларында — күздүн башталышы.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7223, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-10-26
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо